Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Техника илимдеринин доктору, профессор, коомдук-саясий ишмер Карыпбек Алымкулов жылуулук менен электр кубатына бааны көтөрүүдө эсептер ачык эмес, түшүнбөстүктөр арбын деп эсептейт.

- Карыпбек мырза, ошентип жаңы жылдан тарта жылуулукка, электр кубатына баа эки эседен он эсеге чейин көтөрүлө турган болду. Мындай бааны өкмөт зарыл чара деп, мунсуз энерготармагыбыз Орусиядагы Саян-Шушен ГЭСинин кейпин кийип калышы ыктымал, жагдайыбыз оор деп түшүндүрүп атат. Мурдагы өкмөттөрду да тарифтерди ырааттуу көтөрбөгөнү үчүн күнөөлөп жатат. Сиздин баамыңызда, өкмөттүн бул чечими канчалык деңгээлде реалдуу?

- Билбейм, азыр муну айткан менен ошол өкмөттүн токтому өзгөрүлөбү, жокпу, анын үстүнө президент да жардык чыгарып койбодубу элдин муктаж катмарына жардам беребиз деп. Анан энергетика министри аябай бир топ аргументтерди келтирип, анын ичинде жабдуулар күйүп, жок болуп кетиши мүмкүн, Бишкектеги кишилер айылдагы кишилердин эсебинен электр энергиясын алып атат деп айтып атпайбы. Бул жерден кичине менимче туура эмес болуп атат окшойт. Себеби Бишкектин тургандары менен айылдын тургундарынын ортосунда кичине айырма болуп, айылдыктар бул чечимди колдойт деген ой менен айтып коюшту окшойт.

Анан менин оюмча, жылуулук боюнча бааны аныктоодо жөн эле белгисиз айтып коюшпадыбы, бир бөлмөлүү үй мындан ары сезондо 10 миң сом төлөйт, 2 бөлмө 14 миң, 3 бөлмө 18 миң төлөйт, ошондо 5 айга 18 миң төлөгөн 3 бөлмөлүү квартиарага 3600 сомдон кетет экен. Андай болсо борбордук жылуулук берүү мекемесинен кошулуп кереги эмне. Менимче, эч кандай эсеби жок болуп калды окшойт. Анын үстүнө электр энергиясы эки жарым эсе көбөйүп кетип атпайбы, жылуулук энергиясы беш эсе көбөйүп кетип атат. Бул жерден ойлонуш керек, кеп адегенде электр энергиясын бөлүш үчүн колдонулат. Ага адегенде жылуулук энергиясын коротуп, электр энергиясын алабыз.

Ошондуктан электр энергиясынын өздүк наркы менен жылуулук энергиянын өздүк наркын бөлбөй бир кылыш керек да. Мисалы, ошол эле жаккан көмүрдөн электр энергиясын алып атабыз да. Менин түшүнүгүмдө булар электр энергиясынын өздүк наркын өзүнчө, анан кайра башынан жылуулук энергиясын өзүнчө эсептеп атат. жылуулук энергиясын биз негизинен жылуулук тармактарына кеткен гана чыгымга төлөшүбүз керек да. Булар эсептерин ачык айтып, элге көрсөтүп мындай болду демейинче түшүнүксүз бойдон калып атат.

- Президенттин жардыгы менен 2 жарым млрд. сом социалдык жагдайды түздөө көтөрүү үчүн бөлөбүз дегендей кыяз кылып атышат. Эми ушул электр кубатына бааны көтөрүү албетте азык-түлүктөрдүн, жалпы баанын кымбатташын шарттайт да. Бул элдин чыңалуусуна алып келбейби?

- Алып келиши мүмкүн, жанагыдай элге түшүндүрүп айтпай турган болчу болсо. ТЭЦ болгону 8 пайыздын тегерегинде электр энергиясын чыгарат, биздин системадагы орнотулган кубаттуулук 3,06 миң мегаватт, ТЭЦ 200 миң киловатт берип атат болгону, калганынын баарын эле суудан алып атпайбызбы. Суудан алган электр энергиянын рентабилдүүлүгү жогору бир чети. Экинчи чети кээ бир элдин катмарына берилген акчалар айылга да кетет да. Азыр айтып атпайбы айылдагылардын эсебинен шаар жашап атат деп. Андай боло турган болсо келеркиде шаардыктардын эсебинен айлыдагылар жашап калышы мүмкүн. Ошону менен элдин ортосунда туура эмес пикир түзүлүп кетет.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG