Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Мамлекеттик башкаруу реформасынын мыйзамдык негиздери тууралуу суроолорго ЖК депутаты, Коммунисттер фракциясынын башчысы Исхак Масалиев жооп берет.

- Исхак мырза, кабарыңыз болсо керек, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Курманбек Бакиев башкаруу реформасын жүргүзөм деп Баш мыйзамды одоно бузду деген негизде Конституциялык Сотко кайрылаарын билдирген. Өмүрбек Текебаев Президент өзүм билемдик менен беш жаңы институтту түзүп, Мамлекеттик катчылыкты, Коопсуздук кеңешин жойду, президенттик кызмат менен партиялык ишмердикти кошуп салды деп атат. Сиздин оюңузча, оппозициялык саясатчынын мындай дооматы канчалык негиздүү?

- Өмүрбек Текебаев койгон дооматтардын негизи бар деп ойлойм. Себеби президент ушул реформаны баштаганда башынан Конституцияга бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгенде, ошондо туура болот эле деп эсептейм. Ал эми чынын айтканда, биздин турмушта ушундай болуп атпайбы, президент башкарган партиянын жетекчиси болгондон кийин ал де-факто, ансыз деле Кыргызстанда болгон бүт бийлик ал кишинин колунда. Ошондуктан бул жерде факт - турмушта болгон нерсени кагаз түрүндө, мыйзам түрүндө иштетилип чыккан деп айтсак болот. Албетте ошол эле өкмөт түзүлгөндө мен өз пикиримди айткан элем, кичине шашылыш болуп атат деп.

- Негизи ушул башкаруу реформасын жүргүзүүдө президент өз укуктарын аша чаап пайдаланды деген көз карашка кошуласызбы?

- Ошондой сөздөр болуп атат. Бирок мен муну башка жагынан карайт элем, муну президент өзүнө жоопкерчилик алып атат деген мааниде түшүнсө деле болот. Учурда Өмүрбек Текебаев айткандай, керек болсо президентке толук укуктарды берели, толугу менен президент өзү мойнуна алсын жоопкерчиликти, керек болсо Өзбекстандагыдай президент аткаруу бийлигин да башкарса болот эле дегендей сөздөр болгон. Мен ойлоп атам, биз азыр ушул жол менен кетип баратабыз.

- Башкаруу реформасынан кийин Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарылчылыгы бышып жетилгендиги коомчулукта кеңири эле айтылып атат. Реформа жасап, анан соңунан өзгөртүү жасоо мыйзамга каршы келбейби?

- Бул жерде ошол эле Конституцияда жазылып атпайбы, президенттин бир укугу жөнүндө айтпай атат, президент бюджеттен каржылоо болгон мамлекеттик структураларды иштеп чыгып, бекитет деген сөз бар. Балким, президенттин тегерегинде жүргөн адистер ошого таянып туруп, сиздин укугуңуз бар, сиз каалагандай беките бересиз дегендей даярдык көргөн окшойт. Кандай десек, бул эми формалдуу түрдө президентке ошондой кылганга жол берет. Ал эми кандай болсо деле биринчи Конституциядан баштаганда оң болот эле. Себеби ошол эле Мамлекеттик катчы, администрациянын жетекчиси деген кызмат Конституцияда аталып кетип атат. Ырас, аталгандан кийин анда ошол кызматтын тагдырын мыйзам жолу менен чечиш керек болчу.

- Бизге жеткен маалымат боюнча Конституциянын референдум аркылуу өзгөртүшүн жактаган саясий күчтөрдүн бири - коммунисттер. Бул максатта сиз президенттин дарегине кат даярдап жаткандыгыңыз жөнүндө да маалымдалды эле. Ушуну негиздеп бере аласызбы?

- Биз референдумга бир эле маселени - өлүм жаза боюнча маселени гана алып чыгуу сунушун берип атабыз. Ал эми жанагы айтылган кызматтар боюнча Конституциянын 98-беренеси боюнча аны Жогорку Кеңеш кабыл алса болот.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG