Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Аскер прокуратурасы мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду сегиз жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү электр энергетика системасынан чыгарын жарыялады. Орусия премьер-министри Владимир Путин Кыргызстандагы үй-бүлөлүк бизнес маселесин көтөрдүбү?

Исмаил Исаковго “чалма”

Кыргызстанда саясий куугунттукка кабылып, абийир туткуну макамын алган кишилердин саны эл аралык “Эмнести интернешнл” уюмунун эсеби боюнча акыркы жылдары 98 кишиге жетти. Ал эми Акаевдин тушунда андай статус алган адамдар саны 11 киши болгон экен. 7-декабрда абийир туткуну статусун алгандар саны дагы бирге көбөйүп, алардын катарына оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков кошулуп калышы ыктымал. Анткени 7-декабрда Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштер боюнча өз чечимин чыгарганы турат.

Мамлекеттик айыптоочу-прокурор Тимур Карабаев Исаковду сегиз жылга эркинен, генералдык наамынан ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо талабын 30-ноябрда сотто койду.

Бир жылга жакын убакытка созулган соттук териштирүүдө Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушу, квартиралар бөлүнүшү жана аскердик майрамдарды белгилөөгө каражат бөлүү боюнча Исмаил Исаковго коюлган айыптар далилденген жок. Прокуратура ал айыптоолордун айрымынан баш тартууга да аргасыз болду. Ошол эле Тимур Карабаев:

- Мамлекеттик айыптоо айыпты эки эпизод боюнча гана колдоду. Бизде күмөн жараткан айыптоолорду четке кактык. Калгандарында биз айыптоону колдодук.

Квартира боюнча коюлган айыпты далилденген деп эсептеген айыптоочу мына ошол үчүн Исаковду сегиз жылга кесүүнү, генералдык наамын алууну жана үй-мүлкүн конфискациялоону талап кылды. Исаковдун уулу капитан Руслан Исаковго берилген квартира болсо 2007-жылы эле Исмаил Исаковдун жеке тапшырмасы менен Коргоо министрлигине кайтарылып, кылмыштык белгилер жоктугуна байланыштуу прокуратура ошол кезде кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.
Бирок Исмаил Исаков 2008-жылы октябрь айында президенттин ички жана тышкы саясатына макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткенден кийин кайрадан текшерүү башталып, кылмыш иши козголгон.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иштердин түбүн, ал Коопсуздук кеңештин катчысы мезгилинде өлкөнүн энергетикалык тармагын текшерүүгө аракеттенип, энергомафиянын куйругун басып алуусунан көрөт:

- Былтыр энергетикалык кризис башталганда Исмаил Исаков анын себептерин изилдеп, мамлекеттик деңгээлде бул маселени көтөрүп, Коопсуздук кеңешине койсом деп аракет кылган. Ал киши ГЭСти, ТЕЦти текшерип, изилдей баштаганда президент өзү аралашып, “сенин ишиң эмес, бул өкмөттүн иши, сен андан көрө тиги сакалчандар менен күрөшпөйсүңбү”, - деп кагып, токтотуп койгон. Мунун өзү Исмаил Исаковдун Коопсуздук катчысы кызматтан кетишине жана ага каршы кылмыш ишинин козголушуна энергомафиянын куйругун тебелеп алуусу себеп болгонун көрсөтүп турат. Исаков алардын иш-планына тоскоол болбосун деп, ушундай иштерди жасашты деп эсептеймин.

Исмаил Исаков өзү кылмыш иштеринин козголушун саясий буйрук катары баалап келет:

- Мага коюлган айып дагы, прокуратура-айыптоочулардын сураган сегиз жылы, наамды, үй-мүлктү алып коюу талабы- бул бүгүнкү биздеги тоталитардык, үй-бүлөлүк бийликтин жүзүн нак көрсөтүп турат. Бир дагы демократиялык өлкөдө эч ким андайга барбайт. Коюлган айыптарды эч моюнга албаймын. Мунун баары жасалма иш. Исаков эч качан кыянаттык менен кызматын пайдаланган эмес, өзүнүн кызыкчылыгын коргогон эмес. Биз дайыма мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенбиз. Бүгүн мына бизге, туура жүргөн пикириме атайын өчөшүп, ушул ишти жасап жатышат. Мына Конституцияны дагы тебелеп-тепсеп коюп, унчукпай отурушат. Анан ушулардан кантип адилеттүүлүк болот деп кыргыз эли күтөт, деген Исаков мындай корктуулар анын позициясын өзгөртө албасын кошумчалады.

Башкы прокуратура болсо Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин билдирүүдө.

Президенттик шайлоо күнү мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктү талап кылып Балыкчы мэриясына чогулган атуулдардын соту да соңуна чыгып баратат. 2-декабрдагы сотто прокурорлор Балыкчыдагы баш-аламандыкка тиешеси бар деп, төрт кишини төрт жылдан, калгандарды эки, бир жылдан шарттуу түрдө эркинен ажыратууну талап кылды. Сот өз чечимин 14-декабрда чыгара турган болууда.


Владимир Путиндин суроосу?..

Кыргызстанда оппозиция өкүлдөрү соттон башы чыкпай жаткан күндөрү кыргыз-орус мамилесине байланыштуу коомчулукту удургуткан маалымат чыкты. “Белый Парус” гезити орус өкмөт башчысы Владимир Путиндин аппаратындагы булакка таянып, 23-ноябрда Ялта шаарында Данияр Үсөнов менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүнүн мазмунун жарыялады. Ага караганда, жолугушууда Данияр Үсөнов Камбар-Ата-1 ГЭСи үчүн убада кылынган 1 млрд. 700 млн. доллар насыя качан берилерин сураган.

Өз кезегинде Владимир Путиндин берген жообун гезит жазып чыкты:

- Мага Кыргызстанда мамлекеттик деңгээлде үй-бүлөлүк бизнес жүрүп жатканы тууралуу сөздөр жетүүдө. Эмне болуп жатат? Муну кандай түшүнүүгө болот? Эмне үчүн биз Кыргызстанга берген акчалар коммерциялык банктарга кетип жатат? Ал акчалар багытталган максатта Камбар-Ата ГЭСин курууга жумшаларына кандай кепилдик бар?

Владимир Путин менен Данияр Үсөновдун жолугушуусу боюнча кыргыз тарап тараткан маалыматта “эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу достук жана өз ара түшүнүшүү деңгээлинде” өткөнү билдирилген. Ошондуктан Владимир Путиндин сөзүнүн чындыгы тууралуу айтуу татаал, бирок андан кийинки окуялардын хронологиясы көп нерседен кабар берип турат.

Жогоруда маалым болгондой, Данияр Үсөнов менен Владимир Путин 23-ноябрда жолугушкан. Албетте ал жолугушуу тууралуу Үсөнов Ялтадан келгенден кийин президент Бакиевге маалымат берген. Маалымат президентке жага бербегени турган иш. Натыйжада кыргыз тарапта таарыныч пайда болушу ыктымал. Аны жайгаруу максатында Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев 25-ноябрда жарыя кылынбаган сапар менен Бишкекке келип, президент Бакиев менен сүйлөшүп кетти... Андан кийин 26-ноябрда Курманбек Бакиев Минскиге сапар алды...

Кыргыз оппозициясы 5-декабрдагы жолугушуусунда Владимир Путиндин сөзүн кыйгап өтө албай, пикир алышуулар болгонун БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров билдирди.

Оппозиция лидерлеринин бири Исмаил Исаков болсо Владимир Путиндин сөзүнө ишенерин билдирди:

- Орустар менен абдан тыгыз байланыштабыз. Байланышыбыз абдан жакшы. Мына ошонун негизинде мен Путиндин айткан сөзүнө толук ишенем. Себеби дегенде ал аскер адамы катары, өз элинин чыныгы патриоту катары акчаны бергенде үй-бүлөгө берген эмес да, Кыргызстандын элине берген. Кыргызстан акчаны жакшы пайдаланып, электр тармагын өнүктүрүп алса экен деп, бизге жардам катары берилген каражатты булар чындыгында коммерциялык банктарга берип атса, анан алардын дагы ичтери күйүп, айтышат да, бул эмне деген акмакчылык деп.

Исмаил Исаков ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСине насыя бөлүүнүн келечеги кыйындашы мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Кыргызстан менен Россия Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча быйыл 3-февралда Москвада келишимге кол койгон. Кыргызстандын “Улуттук электр станциялар” акционердик коомунун жетекчиси Сапарбек Балкыбеков август айындагы билдирүүсүндө, ГЭСтин курулушу боюнча буларды айткан эле:

- Биз сүйлөшкөн план боюнча ушул күздөн баштап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча алдыңкы чаралар көрүлө баштайт. Биринчиден, жолдорду куруу, инфраструктура, базаларды түзүү иштери жүргүзүлөт. Эмки жылы бир жылдын ичинде долбоор түзүлүп, 2010-жылдын соңунан баштап түздөн-түз куруу иштери башталат.

Бирок азыркы мезгилге карай эч кандай даярдык иштери жүргүзүлгөнү байкала элек. Кыязы, орус тарапты чындыгында эле 300 млн. доллар насыянын чет өлкө жараны Евгений Гуревич жетектеген MGN GROUP компаниясынын колуна түшүүсү түйшөлтүп, келишимдерди аткарууну кечеңдетүүгө, же кайра карап көрүүгө мажбур кылып жаткандай...

Саттыка коюлган бөлүштүргүч компаниялар...

Кыргыз бийлиги болсо өз жолу менен баратат. 29-декабрда калк жаңы жылга камылга көрүп жаткан мезгилге “Түндүкэлектро”, “Ошэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” жана “Чыгышэлектрону” саттыка алып чыгууну чечти. Муну мамлекеттик мүлк министрлигинин статс катчысы Сүйөркул Бакиров тастыктады:

- Жогорку Кеңештин атайын программасы бар, анда төрт бөлүштүргүч энергетикалык компанияларды сатуу жагы каралган. Ошонун негизинде өкмөттүн токтому чыгып, “Түндүкэлектро”, “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро”, “Жалал-Абадэлектро” компанияларынын мамлекетке тиешелүү 80% мамлекеттик акцияларын сатуу боюнча жакында чечим кабыл алынган. Ошонун негизинде Мамлекеттик мүлк министрлиги атайын конкурс жарыялады.

29-декабрда калк жаңы жыл майрамына кам көрүү менен алектенип, энергетика компаниялардын менчик колго өткөнүн байкабай калат. Анын үстүнө жаңы жылдык майрамдардан кийин январь айынын орто ченинен кийин гана коомчулук кадимки жумуш маанайына кайта баштайт.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев өкмөттүн энергетикалык компанияларды саттыка жаңы жыл алдында коюсун ушуну менен байланыштырат:

- Жаңы жыл астына коюлушу менен чын эле маалымат болбой калат. Анан сатылып кетет. Андан кийин эл жаңы жылга кетип калат. Андан кийин 10 күндөй иштебейбиз. Келгенден кийин ишканалардын кимге кеткени да билинбей калат.

Бул жерде белгилеп кете турган нерсе, “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча буга чейин эки жолу тендер өткөрүлгөн. Аны алууга эч ким келбегени айтылган. Ошондуктан бул жолу “Түндүкэлектрого” атайын баа коюлбай эле, канча берсе ошончого сата беришет. Ал символикалуу баа болуп калышы ыктымал.

Белгилей кете турган нерсе, “Түндүкэлектронун” төлөмдөрү Максим Бакиев жана анын өнөктөшү Белоконго таандык деп эсептелген “Манас” банкы аркылуу жүргүзүлөт. Ушул эле адамдарга жакын MGN GROUPтун жетекчилеринин бири Роберт Генкин “Түндүкэлектронун” директорлор кеңешинин мүчөсү. Ал эми MGN GROUPтун жетекчиси Евгений Гуревич Улуттук электр станциялардын директорлор кеңешине кирген. Алар мындай мүмкүнчүлүккө Социалдык фонддун активдерин башкарууга мүмкүнчүлүк алуу менен жетишкенин Сүйөркул Бакиров белгиледи.

Жергиликтүү ишкерлер болсо бөлүштүргүч компаниялар боюнча тендер адилет болушуна ишенбейт. Маселен, Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүү боюнча тендерге жергиликтүү ишкерлер катышабы деген суроого мындай жооп берди:

- Эми ачыгын айтканда жергиликтүү ишкерлердин ишеними деле жок. Анткени катышкан менен алардын колуна бир нерсе тиери өтө эле күмөн. Ачык, калыс өткөн тендерлерди көргөн ишкерлер жок. Ошондуктан ишкерлер менимче бекер убара болбойт болуш керек.

Мамлекет жаман башкаруучу деп жарыялаган Курманбек Бакиевдин саясаты менен Кыргызстан бөлүштүргүч компанияларды менчик колдорго өткөрүп берүүгө камданып жаткан чакта Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык системадан чыгаарын жарыялады. Ташкендин билдирүүсү боюнча, ал 1-декабрдан тарта бирдиктүү энерго алкактан чыкты. Бирок иш жүзүндө андай боло электигин Улуттук электр тармактар ишканасынын жетекчисинин орун басары Мурат Дурусалиев билдирди:

- Азырга чейин бизге андай маалымат бизге келген жок. Борбордук диспетчердик кызмат менен мен азыр эле сүйлөштүм. Жакында Өзбекстан чыгар-чыкпасы дайынсыз болуп турат.

Өзбекстан жарыясын ишке ашырса Кыргызстандын түндүк да, түштүк да региондорун электр энергиясы менен камсыздоо татаалдайт. Аны адистер белгилеп келишет.

Өзбекстандын бирдиктүү энергетикалык алкактан чыгары мурдатан эле айкын болгон. Анткени Ташкен өлкөнүн ичинде энергетикалык алкакты түзүү максатында, өз облустарына жогорку чыңалууда электр зымдарын тартып жаткан. Тажикстан да тийиштүү даярдыктарды көрүп, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн туташтырган электр зымын ишке киргизгенин Ташкендин чечимине улаалай жарыялады.

Бул шартта Кыргызстан гана даярдыксыз болуп чыкты дейт “Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев:

- Бакиев бийликке келгенден бери энергетикалык тармактын абалы күндөн-күнгө начарлап, жоготуулар, уурдоолор көбөйүп келди. Бакиевдин бийлиги бул тармак боюнча эч кандай чара көрбөстөн, аны чечүүнүн бир гана жолу катары тез арада чет элдик компанияларга сатып жиберүүнү көргөн. Өзбекстан, Тажикстан акыркы эки-үч жылда өздөрүнүн электр тармактарын туюктап, өз алдынча иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүп алды. Кыргызстан мына ушундай чакырыктарга даяр болбой калды. Бул биздин эл аралык мамилелерде, сүйлөшүүлөрдө чоң тоскоолдуктарды жаратышы ыктымал.

Азыркы мезгилде Кыргызстан ал кенемтени жабуу үчүн Датка-Кемин электр зымын тартууга аракет көрүп жатат. Бирок ал качан ишке ашаары белгисиз. Өкмөт андан сырткары өлкөнүн түштүк аймактарын өз жеринен электр линиялары менен камсыздаган эмес. Ошондуктан Өзбекстандын чечими ишке аша баштагандан кийин түштүк, түндүк региондорго электр энергиясын жеткирүү үчүн Ташкенге транзит акысын төлөө маселеси чыгат.

Тарифтерди көтөрүү менен калкты капаланткан, оппозиция менен диалогго даярмын деп, аны аткарбаган кыргыз бийлиги бир кыйла татаал мезгилди утурлап бараткандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG