Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

Мурдагы коргоо министри, Бириккен элдик кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаков күчөтүлгөн тартипте сегиз жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Мамлекеттик айыптоочу Бишкек шаардык гарнизондук сотунан ушундай жаза сурап жатат. Сот жараянындагы мындай бурулуш Исаковдун тарапкерлеринде нааразылыкты жаратып, алар коомчулукка жана бийликке кайрылуулар менен чыга башташты.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү Бишкек гарнизондук сотунда март айында башталган. Ага башкы прокуратура аскер техникаларын мыйзамсыз сатты, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланды, Коргоо министрлигинин карамагындагы батирди өз уулуна ыйгарды деген айып коюп, жыл башында кылмыш ишин козгоп, Бишкек шаарынан башка жакка каттоого тыюу салып койгон.

Бул Исмаил Исаковдун Коопсуздук Кеңешинин катчылык кызматынан кеткенден кийинки учурга туш келет. Исаков 2008-жылы Коргоо министринен Коопсуздук кеңешинин катчылыгына которулган. Ушул эле жылы 10-октябрда кызматтан өз каалоосу менен баш тарткан жана бул кадамын жарандардын жашоосун жакшыртуу үчүн ыңкылап учурунда жана андан кийин жасаган аракеттер акталбай калды деп, бул бийлик менен иштеше албастыгы менен түшүндүргөн.

Исаковдун кескин билдирүү менен кызматтан кетишине өз пикирин президент Курманбек Бакиев президенттик администрациянын апталык жыйындарынын биринде билдирип, аны мамлекеттик маалымат каражаттары чагылдырган болчу:

- Исмаил Исакович бир жолу да ушу жерде бир айткан жок Курманбек Салиевич бул саясатыңыз туура эмес болуп атат, мен буга каршымын же колдобойт элем деп. Бирге иштешип келдик. А мунун себеби бир гана нерседе. Өзүңөр билесиңер, өткөн кеңешмеде мен ал кишини сындап, жумуштан кетирген кемчиликтерди ачык айткам. Исмаил Исакович мобу маселелерди караш керек, майда-чүйдө нерселер менен алек болуштун кереги жок деген нерсеге таарынды. Мен ойлойм, анын өзүнүн гана таарынычы. Өзүнүн жеке таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгып... Андайды мен күткөн жок элем.

Генерал Исаков менен президент Бакиевдин ыркы кадр саясатына байланыштуу мурда эле кеткенин, кийинчерээк Коопсуздук кеңештин катчысы болуп келгенде ал күчөп кеткенин айтып жүрүшөт. Исаковдун Коопсуздук катчы кезинде энергетика тармактарына мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү демилгеси ыңкылапчы эки саясаттын эки жээкке биротоло кетишин шарттаган.

Бул тууралуу “Ата Мекен” саясий партиясы гарнизондук соттун 30-ноябрдагы акыркы отурумундагы мамлекеттик айыптоочунун сунушуна байланыштуу тараткан кайрылуусунда белгиледи. Партия лидери Өмүрбек Текебаевдин пикиринде:

- Анткени Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин катчыларынын ичинен биринчи болуп энергетика тармагындагы тартипсиздикке көңүл буруп, изилдеп, мамлекеттик деңгээлге алып чыгам деп аракет кылган. Менин жеке оюмда, Исмаил Исаковду куугунтуктоолор ошондо башталган. Анткени бул энергомафиянын куйругун баскан.

Исаков Коопсуздук катчылык кызматынан кетип эле тим болбостон, Бакиевдин оппозицияга кеткен ыңкылапчы-тилектештеринин катарын толуктады. Исаков акыркы бир жылда бириккен оппозициянын курамында бийликти ыңкылаптын максаттарын ишке ашыра албагандыгы, үй-бүлөлүк башкарууга жол бергендиги, мамлекеттик менчикти коргобогондугу үчүн кескин сындап келди. Мындай саясий позицияны колдобогон “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы Исаковду партиянын жооптуу катчылык кызматынан бошотту.

Исаковдун элдешкис оппозициядагы ишмердүүлүгү жылы бою соттук териштирүүлөр менен үзөңгүлөш жүрдү. Башка жакка чыгууга тыюу салынганына карабастан, Исаков Бириккен элдик кыймылдын атынан президенттик шайлоого талапкердигин сунуш кылып, 40 миң чамалуу кол топтоого жетишти. Коргоо министрлигинин Исаков баштаган үч жооптуу кызматкеринин күнөөсүн териштирген сот жараяны бул аралыкта эки судьяны алмаштырды. Жактоочулар айрым тыныгуулар менен коштолгон сот жараяны Исаковго коюлган айыптардын бирин да далилдей албагандыгын байма-бай айтып чыгышты.

Анткен менен 30-ноябрдагы акыркы отурумда мамлекеттик айыптоочу Исаковду үй мүлкүн, аскерий даражасын алып, сегиз жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратуу керек деген акыркы бүтүмүн сотко берди. Мамлекеттик айыптоочунун чечимин аскер прокурорунун орун басары Тимур Карабаев жарыялады:

- Исмаил Исаковду Кылмыш Кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү боюнча күнөөлүү деп табууну жана жаза иретинде үй мүлкүн конфискациялап, сегиз жылга жаза чектөөнү сурайм. Бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу эпизоду боюнча Кылмыш Кодексинин 308-беренесине ылайык күнөөлүү деп табууну, 1 миң эсеп көрсөткүчү боюнча айып пул салууну, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга укуктуу кызматта иштөө укугунан үч жылга чейин ажыратууну сурайм.

Прокурор ошондой эле соттон Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны сот залынан камакка алууну, Кылмыш Кодексинин 51-беренесинин негизинде Исаковду аскер наамынан ажыратууну сурады.

“Ата Мекен” саясий партиясынын билдирүүсүн эске албаганда Бириккен оппозиция генералдын соттук териштирүүсүндөгү акыркы жагдайга өз баасын бере элек. Айрым маалыматтарда оппозиция бул максатта атайын жыйын өткөрүп, жабык чечим кабыл алгандыгы кабарланууда.

Исмаил Исаков болсо өзүнө каршы кылмыш ишти атайын ойлонуп табылган кылмыш иши деп эсептеп, айыпты бир жылга жакын аралык жүргөн соттук териштирүү далилдей алган жок деген көз карашты карманууда:

- Түшүнүктүү эле болуп атпайбы. Башынан, иш козголгондон эле белгилүү болуп калган – бул саясий заказдын негизинде чыккан иш. Ошонун негизинде тапшырманы, буйругуңузду толук аткардык, биз абдан жакшы кызмат кылып беребиз деген мааниде жасагандары болуп атат. Чынында ахыбал башка. Кылмыш да болгон эмес, бардыгы мыйзам чегинде, ал далилденди. Мыйзамдын кандай аткарылышынын аларга кереги да жок болду. Булар өздөрүнө керектүү жагын гана карап, жарымын алып коюп, кээ бирин көрсөтпөй койгону бүгүн да далилденип калды. Мунун бардыгы ачык далилденди. Мунун түбү саясий тапшырмада.

Генерал Исаковдун таза мамлекеттик кызматкер, чынчыл аскер кызматкери экенине биринчи кезекте анын жердештери ишенип турушат. Ага жараша коюлган айыпка да, соттук териштирүүлөргө да алайлыктар ишенишкен жери жок.

“Алай” коомунун өкүлдөрүнүн бири Калыбай Зулпукаров “Азаттыкка” берген интервьюсунда буларды белгиледи:

- Саясий буйрук экени бул ачык-айрым билинип калды. 8-9 айдан бери сот жүрүп атат. Анда башында койгон аскердик техникаларды сатты, баласына квартира алып берди, мамлекеттин акчасын ашыкча чыгымдады, коромжуга учуратты, тиги-бу дегендердин бирөө дагы далилденген жок. И. Исаков генералды бир жакка саясий буйрук менен түрттүрүп жиберчү болсо, бул жакшылыкка алып келбейт. Бүт эл козголот. Себеби бул элге кызмат кылып өзүн көрсөткөн киши. Мисалы, армияны жолго койду.

Генералды сотто жактап жаткан анын саясий тилектеши, экс-прокурор Азимбек Бекназаров Исмаил Исаковдун ишине жеке эле бир кишиге эмес, жалпы оппозицияга каршы аракеттердин бир бөлүгү катары карайт:

- Саясий заказ экендиги, бүгүнкү оппозицияга каршы багытталгандыгы тастыкталды. Эмне үчүн? Мисалы Балыкчыда жалаң СДПнын мүчөлөрү, БЭКтин активисттери, лидерлери түрмөдө отурушат. Бу жерде болсо Исаковдун бийликтен кетери менен бизге кошулуп кетишине байланыштуу башка дагы мамлекеттик кызматкерлерди ушинтсеңер Исаковдун кейпин кийесиңер дегендей кылып атат. Мамлекеттик айыпкерлер кантип суроо берип, кантип жоопко тартышты билбей атат, күбөлөрдөн күч менен, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан мыйзам бузуу менен алынган далилдер болуп атат.

Бириккен оппозициянын эсеби боюнча март ыңкылабынан бери каяша айткандардын бардыгын азыркы бийлик катары менен кысымга алып, соттоп келатат. Бийлик өкүлдөрү болсо өз кезегинде өзүнүн аракеттеринде эч кандай саясий боек жок деген билдирүүдөн кайта элек. Маселен, прокурор Тимур Карабаев мыйзам сакчылары да айыптарга өтө кылдат карарын белгилеп, буга мисал катары Исаковго коюлуп жаткан үч күнөөнүн бирин колдобой жатканын айтты:

- Чыгым боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Мамлекеттик айыптоочу мамлекеттик айыпты колдоодон баш тартты. Айрым адамдардан айыпты алып салууну сурадык, - деди мамлекеттик айыптоочу.

Ошентип, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүүгө Бишкек гарнизондук соту келаткан аптада чекит коеру күтүлүүдө. Аны утурлаган алайлык миңге жуук киши президентке кайрылуу жолдогону кабарланды. Кайрылуу даярдаган демилгелүү топтун Таалай Закиров “Азаттыкка” буларды айтты:

- Кайрылууну жазган себебибиз Исаковдун сот иштери созулуп келип, акырында камайбыз, генералдыгын алабыз дегенде Алайдын эли генералды коргоп алабыз деп азыр уюштуруу иштери жүрүп жатат. Эми президент мыйзамдардын кепили катары эл менен эсептешпей, анан ким менен эсептешет деген ойдо болуп атат. Мыйзам бузулуп атса. Бу кишинин ак экенин кыргыз эли билет, анан кантип эле жок жерден жалаа жаап коет деген ойдо эл президенттен адилеттикти күтүп атат. Үмүтүбүз чоң, президент мыйзамды адилеттүү караганга балким түрткү болоор.

Ошентип Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү коомдук-саясий чөйрөнүн назарына түшкөн апта ичиндеги олуттуу окуя болду. Айрым талдоочулар генералды сот жообуна тартууга жол берүү аркылуу бийлик коомчулук алдында Исаковдун кадырын көтөрүп, өзүнүн аброюн төмөндөтүп жаткандыгын белгилешүүдө.

Бул жагынан мурдагы бийлик тушунда куугунтукка кабылып, камакка алынган Феликс Куловдун тагдырындагы окшоштуктар да белгиленүүдө. “Ар-намыс” партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова:

- Мен бул мезгилге чейин мындай болоорун күткөн эмесмин, мен Акаев системасы жоголгон болуш керек, мындай такталбаган маалыматтар менен оор айып коюп, болгондо дагы арабыздагы ушундай чоң генералдарга тийишүү калган болуш керек деп ойлоп аттым эле. Бирок мен кечээ күнкү мамлекеттик айыптоочунун сөзүнөн кийин мен ойлоп атам, дагы эле ошол нерсе чыпчыргасы коробой сакталып калган окшойт деп.

Исмаил Исаков март ыңкылабын ишке ашырууга күжүрмөн салым кошкон саясатчылардын бири катары саналат. Үсөн Сыдыков жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясынын катарында ал Кыргызстан элдик кыймылынын (КЭК) катарында Акаев режимине каршы элдешкис күрөшкө катышып, президент Курманбек Бакиевдин мамлекет башына келишине салым кошкон. 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин дароо коргоо министри кызматына дайындалып, бул кызматта үч жыл иштеген.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG