Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

“Ыңгайсыз суроолордо” бул жолу мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо жана анын алкагында электр кубатына, жылуулукка баа кымбатташына байланышкан маселелер талкууланды. Талкууга эксперт Кубанычбек Өмүралиев жана Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бейшенбек Абдрасаков катышты.



“Азаттык”:
- Кубанычбек мырза, жаңы жылдан тарта электр кубатына, жылуулукка баалар көтөрүлмөк болуп атат да. Өкмөт энерго секторду сактап калуунун мындан башка аргабыз калган жок, сөзсүз ушуга барышыбыз керек деп атат. Сиздин пикириңизде бул өзүн-өзү актай турган кадамдарбы?

Кубанычбек Өмүралиев: - Түз суроого түз жооп. Туура электр сектору чынында аябай жаман акыбалга келген, ага туура инвестиция керек. Бирок мен айтат элем, биздин эл өзү түшүнүктүү, ушуну дароо көтөрөбүз дегенден мурун кичинекей кадам жасап, ошол эле жаңы өкмөт болобу, премьер-министр башында туруп, элге кайрылып бир аз кечирим сурап, сектор ушундай жаман акыбалга келди, ушунун ичинде биздин күнөөбүз бар, биздин дегенде кечээки премьер-министр эмес, бул кыргыз бийлиги, дүйнөлүк практикада ушундай да, бийликте күнөө болгон, анын ичинде сектордук энерго сектордо ушундай чоң кемчиликтер бар болчу, ушуну биз оңдойбуз мынча убакта деп. Азыр айтышпадыбы, 2011-жылы 15 пайызга жоготууну түшүрөбүз деп. Эмне үчүн 2011-жыл, мына биз быйыл эле 15 пайызга түшүрөбүз дагы, ушуну колдоп койгула десе, эл да мен ойлойм түшүнүк менен кабыл алат эле.

“Азаттык”: - Бейшенбек мырза, сиз ММКларга берген интервьюларыңызда айтып атасыз, өзгөчө Бишкекте жылуулуктун баасын көтөрүүнүн өзү туура. Анткени ТЭЦтерден жылуулук алып үйүн жылытып аткандар, мисалы айыл жергесинде жашагандарга караганда жакшы шартта жашап келишкен деп. Деги ушул ТЭЦтердин зарылдыгы бар деп ойлойсузбу?

Бейшенбек Абдырасаков: - Зарылдыгы бар. Биз көп кабаттуу үйлөрдү жылытыш үчүн ТЭЦ керектүү нерсе абадай болгон. Бирок ТЭЦтин салынганына 50 жыл болгон, бүгүнкү энерго системаны айтып атабыз, ага дагы 50 жыл болду. Ошол 50 жылдан бери туура эмес саясаттан улам, бүгүнкү күнү таш талканы чыгып иштебей жатат. Мисалы, ТЭЦте 26 буу казаны бар, калганы иштебейт. Эмне үчүн иштебейт? Анткен себеби биз 50 жылдан бери элди өкмөттүн эсебинен багып келдик. Мындайча айтканда, түшүнүктүү болушу үчүн салыштырып айтып берейин, жер там менен көп кабаттуу үйдү алалы, мисалы көп кабаттуу үйдөгү элдер өкмөттүн эсебинен дотациядан кыштан чыгат. Ал эми жер тамдагы кишини алсак, бир жылда кыштан чыгыш үчүн 5 тонна көмүр алат. 5 миң сомдон эсептесек 25 миң сом, 5 миң сомго жыгач алса 30 миң сом, жумушу менен 30 миң сомдон кыштан чыгат. Ал эми көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү үйдү алсак 380 сом төлөйт, эки бөлмөсү 480 сом, үч бөлмөсү 580 сом төлөйт дагы, бул жалпы жонунан кеткен чыгашаны алсак, 20 пайызын түзөт. Ал эми 80 пайызын өкмөт дотация берип атат. Мына 50 жылдан бери өкмөт буларга дотация берип атып, бүгүнкү күнү ТЭЦ да өлдү, энергетика да өлдү.

“Азаттык”: - Энергетиканын өлгөн себеби жеке эле бул эмес деген да пикирлер бар. Өзгөчө коррупция күчтүү деген сөз бар да. Мына ушуга байланыштуу сизге суроо берейин деп атам. Анткени сиз коррупцияга байланыштуу иш жүргүзүп келдиңиз мурдагы өкмөттүн тушунда. Мына айтсаңыз, ушул ТЭЦтин өзүндө чоң коррупция бар деген, анан энергетика системасында кандай коррупция бар деген ойдосуз?

Кубанычбек Өмүралиев: - Бул системада коррупция бар экенин баары билет да. Бир эле эң жөнөкөй мисал, жоготуу үчтөн бир бөлүктөн көп болуп аткандан кийин, бул өзү эле ушуну көрсөтүп атпайбы. Анан коррупцияны жөнөкөй ток эсептегичти текшерген текшерүүчүлөрдөн көрбөй, андан өйдө жагында да бар да коррупция. Ошол эле ТЭЦте, бул көптөн бери сөз болуп келатбайбы, эмне үчүн бизди, же тыштан келген көмүр, тыштан келген көмүр туура сапаты ошондой бийик болсо, мисалы ТЭЦ технологиялык мүнөздөмө боюнча биздин көмүргө эсептелген эмес. Бирок келип аткан көмүрдүн сапатын карасаныз сапаты биздикинен өйдө эмес да. Анан энергиянын жоготуулары, ошондон отуруп анан аягы электр эсептегичти текшергендерден башталат да. Анан мындай болушу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: - Бейшенбек мырза, сиздер парламентте талкуу жүргүздүңүздөр, өкмөт башчы өзү да келди. Анан шаардын мэри бир эле мисалды айтты. Алсак, ТЭЦтен чыккан суунун температурасы менен, ал микрорайондорго жеткенде ал суунун температурасы такыр бөлөк. Эл ошол ТЭЦтен чыккан суунун температурасы үчүн акча төлөп атат. Ушуга окшогон көп нерселер бар да. Сиздер “Ак жол” фракциясы көпчүлүкө саласыздар, анан өкмөткө жан тартып, ушундай нерселерге көз жумуп мамиле кылгандай сезилет да сырттан караганда?

Бейшенбек Абдырасаков: - Ал жагы бар да. Муну тереңирээк карашыбыз керек, биздеги ошол тармакта иштеген чиновниктерден башташыбыз керек. Жалпы жонунан айтып келсек, бул 40-50 пайызга жоготуулар болот кышында, бул бир. Экинчиден, жалаң эле энергетика жагында эмес ТЭЦ жагында дагы 26 пайыз жоготуу болот. Муну акчага которсок 240 млн. сом. Ал эми 40 пайыз энергетикадагыны жоготсок бул 6 млрд. сом. Андан тышкары үчүнчү жанагы мен айткан көп кабаттуу үйлөргө кеткен дотация 2 млрд. сом. Анан газдан дагы жоготуу болот 26 пайыз. Аны акчага которсок 12 жарым млрд. сом. Баардыгын кошсок миллион доллар. Ошонунун баарын кошсок 10 млрд. сом болот. Бул коррупция, ачыктан ашык эле айтышыбыз керек. Азыр дагы жакшы жаңы өкмөт келип 40 пайыз жоготууну 30га түшүрүп атат, бул жакшы. Бул бир жагы. Экинчи жагы, жанагы сиз көтөргөн маселе, ТЭЦтен чыкканда суунун ысыктыгы 70 градус болуш керек, үйгө жеткенче 30-40 градуска чейин түшүп калып атат. Бул адамдардын ичип-жеген коррупциясы. Андан тышкары биздин трубалардын чиригендиги, 50 жыл болгон трубалар бар, жарыктары көп жылууланган эмес, андан чыгат. Ошентип анан жоголуу болуп атат. Анан биз айтып атпайбызбы, бир гекаколориясы 2 жарым миң сом деп. Ошондо ТЭЦте ысыганда ушундай да, 70-90 граус менен чыгып кетсе ТЭЦтен, кайра келет эмеспи, ошондо суу кайра эле 30-40 градус менен келет да. Булар 30 пайыз суу жылыган сууну эле, кайра 100 пайызга чейин жылытып коюп атабыз. Ошондо үч эсе аз болуш керек да.

“Азаттык”: - Бир нерсени алалы, азыр элдин эсебинен ошол тармакты оңдойбуз деп акчаны мол чогултабыз деп атышат да. Эми ошол чогулган акчаны көзөмөлдөөнүн механизмдери бизде жаныртылдыбы. Маселе ошондо да?

Кубанычбек Өмүралиев: - Жогорку Кеңеш бул өзү Конституцияны көзөмөлдөй турган орган да. Мындан өтө турган көзөмөлдөө органы жок деп эсептейм. Бирок андан башка бизде Эсептөө палатасы бар. Мына ошолордун дагы мурункудай эле, бул жагынан бардык рычагдар бар, бирок кандай ошол кандай түрдө колдонулат, аткарылып атат?

“Азаттык”: - Бейшенбек мырза, Социал-демократтар фракциясы өзүнчө бир комиссия түзөлү деген демилге менен чыгышкан. Бул мурдагы жетекчиси Бакыт Бешимовдун демилгеси менен көтөрүлүп, бирок ошого “Ак жол” фракциясы каршы болуп токтуп койдунуздар. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз, баягы бармак басты, көз кысты ушул парламенттин өзүнөн башталып аткан жокпу?

Бейшенбек Абдырасаков:- Алар ошол маселени көтөргөндө, биз ошол күндөрү өкмөттүн кышка даярдык боюнча отчетун карап калдык. Ошол жерде бизге тараткан маалыматта бүт бардык маалымат, анализ бар болчу. Ошол эле сот, прокуратуранын иштеген иштери бар болчу да. Ошондон улам экинчи жолу кайра текшергендин кажети жок деп тапканбыз.



“Азаттык”: - Мисалы 18 жылдан бери ушул тармакка такыр акча салынган жок деген маалыматты тараптып атат өкмөт. Бирок бул туура эмес маалымат болуш керек. Анткени Дүйнөлүк банк баштаган бир топ эл аралык донорлор, өнүккөн өлкөлөр көп акча салышты. Бирок ошол акчалар кайда кетти деген да суроо ала турган киши жок болуп атат да бул жерде?

Бейшенбек Абдырасаков: - Бул жерде көп эле акча бөлүнгөн. Мисалы эсептегичтерди электр мамысынын башына коюшпадыбы, ага көп акча бөлүнгөн. Анан кийин жаңы башкы подстанцияларды салбадыкы кийинки эле жылдары, аларга да акча бөлүнгөн. Акча бөлүнүп атат, бирок эң негизгиси коррупция көп болуп атат. 40 пайыз жоготуулар дегенди мен министрге бир убакта айткам, бул физиканын мыйзамы деп айтты, бул жоготуулар болот каалайбызбы каалабайбызбы деп. Мен айттым, бул физиканын эмес, химиянын мыйзамы деп, силердин ичип-жегениңер, коррупция деп ушуну айтат. Силер биринчи өзүңөрдөн башташынар керек. Электриктер биринчи өзүнөн башташ керек, 40 пайыз жоготууну жоготтук, мына азыркы күнү жоготуу жок, жоготтук деп туруп элге кайрылса, эл да туура түшүнмөк да, электриктер тазаланыптыр, туура иштеп атыптыр, эми биз дагы акчасын төлөп берели деген ою кетмек элдин да. Жеке жарандар менен өндүрүш завод, фабрикалардыкын бир кылып коюп атпайбы өкмөт 1 сом 50 тыйындан. Ошого мен карышымын да. Анткени мен муну техникалык жактан далилдеп бергим келет да, мисалы бир үйдү алалы да, бир заводду алалы. Ошол бир үйдө жашаган киши биринчиден 220 эле вольт алат, ал эми завод 380 вольт алат, тиги жакта бир фазалык счетчик турат, тиги жакта үч фазалык счетчик турат. Бул үйдө жеке жарандар токту пайдаланганда бул бир киловаттык, 0,5 киловаттык эле электр приборлорду колдонот да. Мында биринчиден, жоготуулар жок болот. Экинчиден биздин электрсеттерге зыян келбейт. Үчүнчүдөн, бул жерде бир айда болгону 150 киловатт жеп атат.

“Азаттык”: - Жакында Жогорку Кеңеш 70 жылдыгын белгиледи. Бул парламент системасы, парламент институттары, дегеле Кыргызстанга орношо калдыбы, анын ролу кандай болуш керек деген маселе азыр талкууга түшүп атат. Ушундай чакта алгач Бириккен оппозициялык кыймыл, андан кийин парламенттеги Социал-демократтар фракциясы бир билдирүү таратты. Анда азыр мүчөлөрү басымдуулук кылып аткан “Ак жол” фракциясы парламенттин көпчүлүгүн түзүп аткан убакта азыркы парламент бул жалпы парламенттин, Жогорку Кеңетердин тарыхын татыктуу түзө албайт деген сөз болду. Сиздин оюңузча, биз кандай абалды баштан кечирип атабыз, анан оппозициянын ушул пикирине кандай баа берет элеңиз?

Кубанычбек Өмүралиев: - Биринчиден, азыркы парламент жөнүндө алсак, чынында бул бизде акыркы жылдары өзүнчө саясий күрөш, саясий шайлоолор чоң коррупцияга айланып кетти. Биз баарын баштан кечирип өткөрбөдүкпү, 50 пайыз партиянын мүчөсү катары, анан бир шайланыш керек, эл өкүлү деп эки палатаны да өткөрдүк. Мен ойлойм бул кыска убакытта Кыргызстан башынан көп нерсени өткөрдү. Бирок ушунун баары биз ушуну билишибиз керек да, дүйнөдө баары белгилүү бардык нерсе бийлик кайсы бутагы болбосун элге кызмат кылыш керек. Муну эл кармап турат да, туурабы. Анан азыркы убакта өзү мисалы, партиялык түзүлүш дегенди мен колдойм. Туура, ушул убакта “Ак жол” партиясы бийликте. Бирок ошол кезде эле оппозиция жактан ушуну тааныбайбыз, билбейбиз деп, бирок ошол эле СДПнын мүчөлөрү отуруп атпайбы парламенттин мүчөсү болуп. Ушундай айтакандан кийин, мен ойлойт элем, сөздүн ачыгы болгондон да алар депутат болуп отурбашы керек эле. Эгер бул шайлоону, же парламентти тааныбаса, анда эмнеге отурушат ал жерде. Менде ушундай бир суроом бар.

“Азаттык”: - Бейшенбек мырза, сиз кандай баалайсыз, азыркы убакта мисалы айтып атышат, парламент партиялык негизде түзүлдү дегени менен ошол чыныгы сөздүн маанисинде ал кызматты нукура аткаралбай жатат дегенге?

Бейшенбек Абдырасаков: - Мен ага макул эмесмин. Себеби биздин Кыргызстандын акыркы жылдагы эле тарыхын алсак, мисалы биринчи Орусия менен бир болуп жүргөндө бизде депутаттар болчу, кийин коммунисттер болуп өз алдыбызча биздин парламент болгондо ал жерди билесиңер бүт эле коммунисттер, айтылгандай тракторист, саанчылар келген дагы, партия эмнени айтса, ошону аткарышчу. Кийин мыйзам чыгаруу, анан эл өкүлдөрү болдук. Бул дагы биздин тарыхыбыз. Эң акыркы биздин тарыхыбыз жаны партиялардын келиши партиялык тизме менен. Бул дагы соңку жаңы тарыхыбыз. Бул дагы үчөөнү алсак ар бир тепкич сайын Кыргызстан өсүп-өнүгүү жолунда келатабыз. Бул дагы демократия дейбиз. Бул партиялык тизме менен келиштин өзү эле чоң кадам да демократияга, өсүүгө өнүгүүгө.

“Азаттык”: - Бизде партиялар өзү бийликтеги коньюктура дейбиз, көшөгө артындагы оюндарга байланыштуу болуп атат да. Мисалы “Ак жол” партиясы мурда жок партия эле, шайлоонун алдында 3-4 ай калганда түзүлүп, анан силер болуп көрбөгөндөй чоң орунга ээ болдуңуздар. Мисалы мурдагы президенттин убагында “Алга Кыргызстан” деген партия бар эле, ал партиянын бирок аты-жыты жок. Мисалы эми ар кандай өзгөрүүлөрдө ушул партиялар канчалык туруктуу боло алат. Ошон үчүн эмне кылыш керек деген маселе?

Кубанычбек Өмүралиев: - Чынында туура, бизде официалдуу каттоодон өткөн 105 партия болуп атпайбы. Чынында 105 партия жок. Мындай айтсак, биздин өзүбүздүн коомчулукта да күнөө көп да. Кээ бир партиялар бар чын эле бир үй-бүлө түзүп алып дегендей да, бир үй-бүлөнүн тегерегинде, же 2-3 дос чогулуп алып бир партия түзүп алып дегендей. Чынын айтсак, азыр саясий аренада жүргөн 5-6 эле партия бар. Бирок ушул беш-алтоо канчалык күчтүү десек болот баардык жагынын, канчалык туруктуу? Биз көз жүгүртүп көрсөк, элди алдай албайсыз да, бир партиядан бир партияга секирип, кээ бири үч-төрт партияга өтүп кеткени болуп атпайбы. Бирок ошонун аркасы менен кээ бир жаш, жаңы келип аткандар ошонун аркасында калып калып атат. Бул жерде маселе көп. Ушул жерде биздин коомдо болуп аткан ар кандай көрүнүштөр бул жерде да өтө көп болуп атат.

“Азаттык”: - Кубанычбек мырза, мисалы азыр “Ак жол” партиясы, фракциянын мүчөлөрү парламентте көпчүлүктү түзөт. Ошол эле убакта өкмөттү ушул “Ак жол” фракциясы түздү. Анан бийликтер ортосундагы тең салмак деген, жаңы эле айттык электр энергиясына байланыштуу көзөмөлдөө деген функциялар жок болуп атпайбы?

Кубанычбек Өмүралиев: - Ушул жагынан бизде чындыгында механизм иштебей атат. Мисалы өнүккөн башка мамлекеттерде, ошондой эле мамлекеттерде парламент өкмөттү түзөт да. Анан өкмөт түзгөндөн кийин, көп мамлекеттерде мисалы бюджет комитетин, же бир комитетти оппозициянын фракциясынын мүчөлөрүнө берет. Мисалы ушундай Канадада бар. Орусияда деле бар да төраганын орунбасарлары. Анан дагы башка маселе, бирок бизде кичине башкараак да Конституцияда президент көзөмөлдөш керек да.



«Азаттык»: - Өкмөттү өзүңүздөр түзөсүздөр, ошол эле убакта мына парламент сиздердин колуңуздарда болуп атат. Өткөндө өкмөт башчыны дайындоодо мисалы башка фракциялардын алдынан Данияр Үсөнов өткөн жок, ошол ого бетер коррупцияны күчөтпөйбү?

Бейшенбек Абдырасаков: - Жок мен аны андай ойлобойт элем. Анткен себеби өкмөттү түзгөн күндө деле мына айтып атабыз бүт баарын эле “Акжол” кылып атасыздар деп. Мына биз эки жыл болду иштегенибизге, элге билим берүү жагы эң оор тармак, мына оппозиция СДПга бердик, Ишен Шейшенкулов төрага болуп иштеди Комумунистерге бердик иштей албаса ошондой экен да коммунистерге бердик. Социалдык жак бул дагы аябай оор маселе, аны коммунистерге бердик. Мына алар иштетип атат. Азыркы күнү жаңы коердо биз сунуш кылганбыз бюджетке төраганын орун басарына СДПдан берели десек, өздөрү баш тартышты.

«Азаттык»: - Иса Өмүркулов жок эми, бул жерде ал киши болсо такыр башкача сөз болот эле. Мен сизге дагы бир суроо берейин деп атам, Конститутцияда жок өкмөткө да кирбеген өзүнчө бир структуралар түзүлүп жатат. Мисалы атап айтканда алар түздөн-түз президентке баш ийип алардын бири мына өнүктүрүү инвестицияларды тартуу жана инновация деген өзүнчө бир борбор түзүлдү. Жетекчисине кимди дайындаганын билесиздер, мисалы ошого окшогон органдар бар. Алар Жогорку Кеңештин алдында дагы отчет бербейт, бирок мамлекеттик мүлктүн акчаларынын бардыгы ошолордун колуна өтүп атат. Мындай учурда кандай кылып, кантип иштеш керек, кандай көзөмөл болот?

Бейшенбек Абдырасаков:- Ал инвестиция боюнча аны Жогорку Кеңеш жылына бир жолу отчетун угуп турабыз акчалардын кайда кетип жатканын көзөмөл кылып атабыз. Мына биз жакында эле 100 000 долларды Камбар ата ГЭСке которуп бергенге уруксаат бердик. Эми мындан кийинки акчалар деле ошондой парламент аркылуу болот, келгенин текшерип турабыз. Биз парламенттен тышкары дагы башка органдар бар прокуратура бар, финполиция бар, эсеп палатасы бар алар дагы текшерет президент өзү да көзөмөл жүргүзөт алар да текшерет. Ал бүгүнкү күндөгү болуп аткан нерсе сиз айтып аткан. Эми бул өкмөттү жаңы шайларда өкмөт менен сүйлөштүк. Алар айтып жатат жетимишке жакын мыйзамга өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизишибиз керек, ошондон кийин ордуна келет Конститутцияга тууралайбыз деп. Мына азыр ноябрь бүтүп калды, декабрда алып келсе биз карап берсек ушу жаңы жылга чейин мен ойлойм, мыйзам чегинде, Конститутциянын негизинде иштейбиз деп.

«Азаттык»: - Конститутцияда жок өзүнчө бир органдар пайда болду Конститутцияга өзгөртүү толуктоолор кире элек Бейшенбек мырза айткан алтымышка жакын мыйзамдар кабыл алына элек мына ошондой убакта жанагы органдардын иши мыйзамдуубу?

Кубанычбек Өмүралиев: - Мен мунун толук юридикалык жагын айта албайм бирок өзү негизи мындай суроо туруп аткандан кийин көп маселе бар да. Бирок башка маселе эми баягы реформа деп президент өзү кайрылгандан кийин мына бир айга жакын убакыт өтүп кетти, бир чети кичине шашып бир нерсени кабыл алгандан көрө кичине туруп жакшы бышырып, бекитип туруп анан министрлик, ведемстволордун функциялары так аткарылса деген ойдомун да. Себеби мурун бизде ар бир министрлик өзүнө функцияларды өздөрү жазып, мыйзамды өздөрү алып келип өткөрүп алып, анан ошонун негизинде иш кылган да. Эми көбүнчө тар кызыкчылыктарды көзөмөлдөп келген да ошондо жанагы мамлекеттик масштабда. Анан элди ойлогондор аз болуп кеткен да карап турсаңыз эми элге кызмат кылбай эле тескерисинче эл ошол министрлик, ведемстволорго барып калган да. Муну да коррупция десек болот, өкмөттүк башкаруунун эң начар нерсеси десек болот. Эми азыр мисал үчүн жанагы салык комитетинен саясатын алып туруп, салык чогултууну гана койду менимче бул туура деп ойлойм. Салыкты аныктоочу Жогорку Кеңеш бул бар да, тарифтин баарын койчу. Жогорку Кеңеш деле көбүнчө аны колдоп берип келген.

«Азаттык»: - Партиялык системага кайра кайрылгым келип атат, көп партиялуу парламент деген өзүн-өзү актап атабы?

Кубанычбек Өмүралиев: -Азырынча актаган жок, келечеги бар деп ойлойм.

«Азаттык»: - Анткени мындай деген суроолор болуп атат азыр "Ак жол" партиясы мурдагы коммунисттик партиянын жолуна түшүп калды, анткени бийлик менен партия биригип алды деген сөздөр бар да?

Кубанычбек Өмүралиев: - Ошон үчүн актаган жок деп айтылып атпаймынбы. Мен ойлойм бара-бара ордуна келет.

«Азаттык»: - Ал үчүн башка партияларга мүмкүнчүлүк бериш керек да, ошондой мүмкүнчүлүк жок, азыр бир гана партиянын ити үрүп, ити чөп жеп атат калган партиялар куугунтукта жүрөт деген сөздөр бар да, кандай ойдосуз?

Бейшенбек Абдырасаков:- Мен ойлойт элем, биздин пайда болуп иштеп жатканыбызга эки эле жыл болду. Эки жылда бүт эле элди унутуп эле, элдин таламын талашпай эле олтурган жокпуз да. Биз дагы талашып-тартышып кызыл чекеге чейин барып атабыз. Мисалы салык кодексин алсак өкмөттүн алып келген варианты боюнча аябай чоң болчу ар бири төлөп калмак. Үч жарым миллиард сомду бюджетке түшүрбөй койдук, ошол элдин чөнтөгүндө калды. Эмне үчүн эл төлөбөсүн, эл жакыр болбосун деп өкмөткө каршы чыктык? Мына бүгүнкү күндө депутаттардын кылган пайдасы ушул, өлүм жазасы боюнча да каршы чыктык, бул дагы жакшы нерсе да мисалы үчүн. Эки жылда эле жыйынтык чыгарып коюш эрте, аны беш жылдан кийин шайлоо болот эл тараза болуп берет.

«Азаттык»: - Мен дагы бир нерсени айткым келип атат, биз кандай жол менен кетебиз деген маселени көп койуп жатышпайбы. Батышты туурап көрдүк, демократиясын көрдүк башкасын көрдүк, партиялардан деле эч нерсе чыкпайт экен деген деген пикирлер бар. Соңку убакта мындай сөз болуп атат, кыргыздын үч канаты деген бар экен: оң канат, сол канат жана ичкилик деген, ошонун негизинде өнүгүшүбүз керек деген дагы бир кыймылдар пайда болуп жүрөт да, сиз кандай ойдосуз?

Кубанычбек Өмүралиев: - Андай ойлор жүрө бериш керек, себеби мындай үндөр чыгыш керек ага каршы эмесмин андай ойлордун айтылышына, бирок мен каршымын себеби ушул тескерисинче партиялык түзүлүш деген ошондой трайбализм, улутчулдук жердешчилик дегендин барына каршы келип жатпайбы. азыркы этапта партиялык система канадй иштеп жатканы башка, бирок мындан башка жол жок.

«Азаттык»: - Сиз кандай ойлойсуз ушул маселе боюнча?

Бейшенбек Абдырасаков: - Дүйнөлүк практикада, өнүккөн мамлекеттерде деле ошол бир эле жол бар. Партиялык система негизи элди ынтымакка алып келет биз мурдакы бойдон жүрө бергенде азыр кокту-колот болуп бөлүнүп, уруулукка чейин түшүп кетсек анда биздин эртеңки күнүбүз ошону менен жок болот да.

«Азаттык»:- Бейшенбек мырза, мына сиз айттыңыз партиялык система ынтымакка чакырат элди депчи,бирок ошол эле убакта Социал-демократтардан эки депутат:Бакыт Бешимов менен Кубанычбек Кадыров өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болушту, бул көрүнүштү кандай баалайсыз?

Бейшенбек Абдырасаков: -Эми качканда өзүнүн кылмышына жараша качып жүрөт да, эми айтып атат оппозицияны куугунтуктап, камап атат, антип атат, минтип атат деп. Мен айтат элем, мына он беш жылдык тарыхыбызды карап көрөлү Куловду деле кандай куугунтуктады эле качпай эле отуруп эркекче барып келди да премьер-министр болбодубу, Бекназаровду канча жолу куугунтуктады, Турсунбай Акунду канча жолу камады, качпай эле отурушпадыбы. Буларга эч нерсе боло электе эле качып Америкада жүрөт, качпаш керек болчу ушул жакта жашап, далилдеш керек болчу туура эмес кылган иштерин. Качкандан көрө түрмөгө барып келген жакшы, менин оюмча.

«Азаттык»:- Экинчи бир маселе, Конститутцияга өзгөртүү, толуктоолор кире элек убакта эле сиздер мына он күндөн ашык эс алууга чыгып кеттиңиздер. Иш көп, алтымыштай мыйзам кабыл алыш керек деп айттыңыз эле, себеби эмне болду?

Бейшенбек Абдырасаков: - Биз каникулга чыккан жокпуз, азыр биз эл менен жолугушуга кеттик, округдарда эл менен жолугушуп жатабыз. Мына кыш келди, свет өчүп атат. Элдин ал-акыбалын билип келели деп жатабыз да. Тарифтер да көбөйүп атат дегендей, элге айтып түшүндүрүп кечирим сурашыбыз керек да мындайча айтканда...

“Азаттык”: - Рахмат сиздерге.
XS
SM
MD
LG