Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Үсөнов-Ташиев тиреши эмне менен бүтөт?


Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин нааразылык чарасы. Сузактын Барпы айылы, 12-декабрь, 2009-жыл.
Камчыбек Ташиевдин тарапкерлеринин нааразылык чарасы. Сузактын Барпы айылы, 12-декабрь, 2009-жыл.

Камчыбек Ташиевдин өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен акыйнек айтышып, чукул кырдаалдар министрлигинен кетиши, бул чатактын арты эмне менен бүтөөрү кыргыз коомчулугунда түрдүүчө жоромолдонууда.

Айрым саясатчылар чатак Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши менен эле бүтүп калбастыгын айтышып, муну президенттин айланасындагы эки чоң топтун ич ара күрөшү катары баалашууда.

Акыйнек арты – кызматтан кетүү


Өткөн бейшемби күнкү өкмөт жыйынында премьер-министр Данияр Үсөнов Камчыбек Ташиевди чукул кырдаалдар министрлигинин корундагы 18 млн. сомду министрликтин кызматкерлерине үй курууга пайдаланганы үчүн сынга алган эле. Буга териккен Камчыбек Ташиев ошол замат кызматтан кетээрин айтып, жыйындан чыгып кеткен. Ал ошол эле күнү арыз жазып, эртеси анын арызын президент кабыл алып, кызматтан бошотту.

Бирок мурдагы министр кызматтан жөн кетпей, премьер-министрди кызматтан кетирүүгө бар күчүн жумшаарын айтып чыкты:

- Өкмөт башчысын алмаштырууга мен болгон күчүмдү жумшайм. А бирок мен президентке оппозицияда эмесмин...

Жума күнү журналисттерге ушинтип билдирген Камчыбек Ташиев өкмөт башчы айткан18 миллион сом министрликте турган товардык-материалдык мүлк болгонун, аны колдонуу министрликтин оперативдүү иштерине эч кандай зыянын тийгизбегенин кошумчалады.

Таратылган митинг

Ишембиде болсо Ташиевдин кичи мекени - Сузактын Барпы айылында анын 300дөн ашуун тарапкери чогулуп, өкмөт башчы Данияр Үсөновдун кызматтан кетишин талап кылды. Бирок мурдагы министр жердештерин каршылык акцияларды өткөрбөөгө чакырган билдирүү тараткан соң, чогулгандар тарап кетишти.

Билдирүүдө Ташиев эч кандай мамлекеттик мүлккө кол салбаганын, президентти дайыма колдоп келгенин, мындан ары да колдой берээрин белгилеген.

Бул арада чукул кырдаалдар министрлигинде 12 млн. сомго жакын каражат мыйзам бузуулар менен пайдаланылганы, бул боюнча Финансы полициясы кылмыш иштерин козгогону кабарланды.

“Өкмөт башчыны кетирем” деген сөздүн артында кандай таяныч бар?

Ошол эле учурда мурдагы министрдин “өкмөт башчыны кетирүүгө бар күчүмдү жумшайм” дегени коомчулукта ар кандай жоромолдорду пайда кылды.
Камчыбек Ташиевдин премьерди кетирем дегени азыр ишке ашпай турган максат. Б. Наргозуев

Маселен, “акжолчу” депутат Бегалы Наргозуев азыр антип басым-кысым менен маселе чече турган мезгил эместигин, Камчыбек Ташиевдин премьер-министрди кетирем дегенинен азыр майнап чыкпастыгын айтат:

- Камчыбек Ташиев албетте тажрыйбалуу саясатчы. Ал өткөндө өтө өткүр билдирүү жасады. Албетте, ал бул максатын ишке ашырганга аракет кылат. Бирок азыркы саясий күчтөрдүн ордун эске алганда андай максат азыр ишке ашпайт деп эсептейм.

Бегалы Наргозуев мындан сырткары Камчыбек Ташиевдин кызматтан кетиши менен бул маселеге чекит коюлганын да кошумчалады.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо бул окуяны президенттин айланасындагы эки чоң топтун өз ара тиреши катары баалап, Камчыбек Ташиев мындай билдирүүнү жөн жерден жасаган жок деген ойдо:
Бул президент Бакиевдин командасында азыркы саясий конфигурацияга каршы күч топтоо бар экенинен кабар берет. Өмүрбек Текебаев




- Камчыбек Ташиев ачык эле “Мен премьер-министр Данияр Үсөновду кетиргенге бар күчүмдү жумшайм” деп жарыя кылды. Ал антип жөн айтпаса керек. Ачуу үстүндө, кызуулукка алдырды десек, ал мындай билдирүүнү кызматтан кеткенден кийин бир күндөн кийин, ачуусу тарагандан кийин айтып жатат. Демек, аржак-бержагы, кабыргасы менен кеңешип, жоро-жолдоштору менен масилет кургандан кийин айтылган сөз болуш керек. Бул деген – президент Бакиевдин командасынын ичинде бүгүнкү кырдаалга, бүгүнкү саясий конфигурацияга каршы күч топтоо бар экенинен кабар берет.


Өмүрбек Текебаев ошондой эле бул окуянын арты эми кырдаалга жараша өнүгөөрүн, эгер эки топтун тиреши курчуп кетсе, Ташиевди экинчи тарап колдоп, күрөш узакка созулуп кетиши да мүмкүндүгүн белгилейт. Ошол эле учурда Ташиевди кызматтан кетирүү аракети мурда эле башталганын, бул окуя ага себеп гана болгонун айткандар, мунун себебин президентке жакын биринчи топ “Бригада” атанган топту бириндетүү максатын көздөп жатканына байланыштыргандар да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG