Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Т. Балтабаев: Азыркы парламент талкуу дегенди унуткан


“Ата Мекен” партиясынын төрага орун басары Ташболот Балтабаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына Зайнидин Курмановдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатышы боюнча “Азаттыктын” таңкы түз обосундагы суроолорго жооп берди.

- Ташболот мырза, Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Зайнидин Курмановдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат, сиз мурдагы депутат катары азыркы парламенттеги төрага шайлоо менен сиздердин мезгилдеги төрага шайлоодогу айырмага кандай баа бересиз?

-Бул бааны Кыргызстандагы азыркы саясий кырдаалдын негизинде берсе туура болот деп эсептейм. Себеби биз депутат болгон учурда эл аркылуу шайланып келип, эч кандай жеке кишиге көз каранды болбой, өзүбүзчө чечим кабыл алганга аракеттенгенбиз. Президент Бакиев Зайнидин Курмановдун талапкерлигин сунуштаганы ММК аркылуу белгилүү болду. Муну менен Жогорку Кеңеш Бакиевдин жеке бийлигин көздөөчү гана бир аппарат катарында кызмат кылып атат десек болот. Анын бүгүнкү шайлана турган төрагасы ошол жагдайда гана каралышы керек. Бул жерде эч кандай талаш-тартыш болбойт. Үстүнөн кожоюн көрсөтмө бергенден кийин “Ак жолдун” депутаттары бир кишидей кол көтөрүп беришет. Себеби азыр парламент элге каршы Бакиев сунуштаган мыйзамдарды кабыл алып берчү машинага айланып калбадыбы. Булар талаш-тартыш, ойлонуу, талкуу дегенди унутушкан.

- Ташболот мырза, талапкер Зайнидин Курмаов убагында Үзөңгү-Куушту Кытайга берүүнү колдогону, экс-президент Акаевдин саясатын колдогону катары айтылып келе жатат. Сиздер ошондой мыйзам чыгаруу жыйынында катарлаш отурсаңыздар керек эле, Курмановдун саясий мүнөзүнө азыноолак мүнөздөмө бере кетсеңиз?

- Эми бул киши илимдин доктору, тарыхчы, юристмин деп жүрбөйбү бирок канчалык илимиң болобу, билимиң болобу өзүңдүн ички позицияң болбосо дайыма айдаган жакка баскан илим-билимдүү кыргыздар көп эмеспи. Анан дагы бир айта турган нерсе, биринчиден кыргызчаны чала билет. Экинчиси, баягы омурткасынын жумшактыгы болуп атпайбы. “Алга Кыргызстанда” жүрдү, андан кийин “Ак жолдо” жүрүп атат. Чоңдун көрсөтмөсүн аткаруу менен келе жаткан кишилердин катарында урматтуу Зайнидин Курманов дагы ошол эле функцияны, ошондой эле маанайды элге көрсөтүп, өзүнүн саясий жүзүн көрсөткөн киши да.

- Сиздин оюңузча, элдин атынан шайланып келген бүгүнкү парламент депутаттары канчалык деңгээлде элдин кызыкчылыгын колдоп келе жатат?


- Бул депутаттар биринчиден эл аркылуу шайланган эмес, буларды Бакиев даярдаган деп эсептеш керек. Өзүңөр билесиңер, 2007-жылдагы шайлоодо массалык бурмалоолор жүрүп, бүгүнкү “Ак жолдун” депутаттары бүт баардык маселелерди чечип жаткан элге каршы мыйзамдарды кабыл алып жаткан машина дер айтпадымбы. Булар Бакиевдин гана депутаттары, мен элдин депутаттары деп санабайм.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG