Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Ташкен менен Москва тил табышса, ортодо кыргыз кыйналабы?


Саясат таануучу Марс Сариев Өзбекстан Орусия менен мамилеси жакшырып бараткан азыркыдай шартта расмий Бишкек менен Ташкендин тил табышуусу татаалдайт, ошол эле учурда орус-кыргыз алакасы начарлашы Кыргызстандагы абалды кыйындатат деп эсептейт.

- Марс мырза, кечээ Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык коммиссиянын жыйыны болду, анда өзбек тарап ГЭСтер, соода, чек ара боюнча талаптарын коюптур. Эки тарап бул маселеде орток пикир таба алабы?

- Менин оюмча, азыр орток пикир табуу аябай татаал. Себеби азыр Россия менен Өзбекстандын мамилеси жылый баштады. Ошон үчүн Өзбекстан Кыргызстанга кысым кылып, ошондой маселелерди курчутуп көтөрүп атат. Өткөндө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров иш сапары менен Ташкенге келип кетпедиби, анан байкап атасыңар, жанакы Камбар-Ата-1ге бир жарым миллиард долларлык инвестиция токтоп атат. Кремль менен Ташкендин мамилеси жылып, сөз табышып, Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилелери сууп баратат. Ошон үчүн менимче, Ташкен менен Кремлдин сөз табышканы чын эле өзбек тараптын биз менен сүйлөшкөнгө позициясын күчөтүп атат да.

- Өзүңүз айткандай, кыргыз-орус мамилесиндеги салкындоолорду биздин бийликтеги адамдар да мойнуна ала баштады, бул тенденция канчалык барат деп ойлойсуз?

- Мындай карап көрсөк, Кыргызстан Москванын талаптарынын баарын эле аткарып атат. Эми бир жарым миллиард долларлык инвестиция токтоп атканы азыркы кыргыз бийлигине аябай чоң зыян алып келет. Бишкек дагы азыр Москвадан транс кредиттер келбөөсүн сезип атат. Азыркы бийликке жазга чейин бул каражат келбесе силер билесиңер, Акылбек Жапаров деле айтып аткан, Кыргызстанда аябай эле татаал кырдаал болот. Ошон үчүн азыркы бийлик эмне кыларын билбей батыш менен да сүйлөшүп атат, Москвадан кредиттер келбесин да сезип атат. Ошондуктан акыбал начар болуп, мамиле да сууп баратат десек болот.

- Ошону менен Камбар-Ата-1 долбоору да коркунучта калабы, Орусиянын 193 миллион карызын кечүү дагы аябагандай кечеңдеп атат, бул маселелерде орток пикир болобу?

- Менин оюмча, бул чоң саясат. Москва Ташкен менен сүйлөшүп, бир сөз табышыш керек. Себеби ал батыш жакка ооп бараткан да. Азыр менн оюмча, эки тарап сүйлөшүп, бир пикирге келип атат болушу керек. Байкап атасыздар, Тажикстандын Рогун ГЭСи токтоп калды, Камбар-Ата дагы токтоп атат, жанакы техникалык кредиттин айынан. Эми Москва да карап турат, анан газ боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда Ташкен жакка ооп баратканын сезип атасыңар...

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG