Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Профессор, Жогорку Кеңештин төрагасынын кеңешчиси Айдарбек Көчкүнов өлкөдөгү акыркы окуяларды “бийликтин куугунтугу” деп айыптоого негиз жок, азыр өткөөл учурда жашап жаткан мамлекеттердин катарындагы Кыргызстан үчүн көп проблемалар мүнөздүү көрүнүш деп эсептейт.

- Айдарбек мырза, Кыргызстандагы соңку саясий окуялар туурусында кеп козгосок. Ушул окуяларга келгенде “бийликтин куугунтугу” деп айыптагандар көп болуп атат. Сиздин оюңузча, мындай дооматтарга негиз барбы?

- Менин оюмча, мындай дооматтарга деле негиз жок. Болуп аткан процесстерге бийликтин эч кандай тиешеси жок, бул процесстер турмуштун, жашоонун мыйзам ченемдүү көрүнүштөрү. Себеби коомдо ар кандай тартип бузуучулук болсо албетте алардын баары жоопко тартылыш керек, тартип болуш керек, мамлекетте тынчтык, ынтымак болуш керек. Ошондуктан мамлекеттин кысымы бар деп айта албайм.

-Президент өз сөзүндө өлкөдө кандай гана күчтөр болбосун сүйлөшүүгө барам деп билдирип келген эле, бирок байкоочулар президенттин мындай ниети сөз жүзүндө эле калып, ишке ашпай атканын айтып атышат ...

- Бул дагы менин оюмча, туура эмес көз караш. Себеби президент биринчи эмес, экинчи келген шайлоосунда да бардык саясий күчтөр менен дагы сүйлөшүү жөнүндө айтып атат. Ал сүйлөшүүлөр жөнүндө бир нече жолу ар кандай сунуштар болду, келгиле, отуралы, кеңешели деп атат. Андан кийин жаз айларында жарыяланган мамлекеттин жаңылануу курсунда дагы мамлекеттин өнүгүшүнүн келечектеги маселелери тууралуу орчундуу ойлорун ортого салып атат. Мамлекеттик башкарууну реформалоо, мамлекетте маданий саясатты иш жүзүнө ашыруу сыяктуу толгон-токой маселелер жөнүндө айтып атат. Бардык саясий күчтөр коомдо ушул иштерге катышып, өздөрүнүн салымдарын кошсо болмок. Конструктивдүү ар кандай сунуштар болбогондуктан балким алар өздөрүнүн чабалдыгын көрсөтүп аткандыр. Негизи менин оюмча, президент тараптан жакшы эле кадамдар жасалып атат.

- Кийинки суроону парламент боюнча бергим келип атат. Буга чейин Жогорку Кеңештин аброю түшүп кетти дегендей сөздөр болду эле, жаңы төраганын келиши менен кандай өзгөрүү болушу мүмкүн?

- Жогорку Кеңештин аброю түшүп кетти дегенге деле негиз жок. Себеби Жогорку Кеңештин өзүнүн функциясы бар, ал мыйзам чыгаруучу орган. Мыйзам чыгаруучу орган болгондон кийин ал мамлекетте болгон процесстердин баардыгын таасын анализдеп карап, ошого жараша, мамлекеттин чама-чаркына, финансы каражаттарына жараша ар кандай мыйзамдарды кабыл алыш керек жана мамлекеттин өнүгүшүндөгү негизги курска мыйзамдуулукту салып бериш керек.

Экинчиден, албетте бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште үч фракция бар. Бул фракциялар менин оюмча, коомдогу саясий көз карашты Жогорку Кеңештин өзүнүн структурасына көрсөтүп атышат. Ошол үч фракция тең өздөрүнүн ойлорун мыйзамдар аркылуу көрсөтүп, айтып жана көп проблемаларды көтөрүп атышат. Өздөрүнүн жолу менен мыйзамдарга кирип атышат, бул жагынан алып караганда Жогорку Кеңеште албетте ар кандай күчтөрдүн кандайдыр бир деңгээлде диалогу бар деп эсептейм.

- Эл аралык “Фридом хаус” уюму Кыргызстанды эркин эмес өлкө деп тапты, эмне себептен ушундай баа берилди деп ойлойсуз?

- Алардын өзүнүп принциптери бар, ошол принцибине жараша ар кандай мамлекеттерди классификациялап атышат. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн өнүгүү жолу бар, өзүнүн өнүгүү жолу боюнча мындан элүү жылдан кийин жете турган максаттарга бүгүн эле секирип жете албайбыз, аларды эволюция түрүндө кадам сайын өтүшүбүз керек. Балким элүү жылдан кийин өнүккөн мамлекеттердин деңгээлине жетип калышыбыз мүмкүн. Биз өтмө доордо жашап аткан мамлекеттердин катарына кирээрибизди эч убакта унутпашыбыз керек. Ошондуктан бизге көп проблемалар мүнөздүү, ал проблемаларды мамлекет башчылар, депутаттар болуп колдон келишинче чечип атышат.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG