Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

И. Өмүркулов: Казакстанга ижарага жер берүү туура эмес


Ысык-Көлдөгү Казакстандын төрт пансионаты жайгашкан жер тилкесин бул өлкөгө узак жылдарга ижарага берүү маселесин парламент жума күнү карай турган болду. Ижара маселесине байланыштуу суроолорго СДП фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов жооп берди.

- Иса мырза, сиздердин фракция кечээ күнкү жыйында Ысык-Көлдөгү Казакстандын төрт пансионаты жайгашкан жерлерди казактарга ижарага берүү маселесин карады. Жерлер кандай шартта жана канча мөөнөткө берилип жатат?

- Кечээ күнкү биздин фракциянын отурумунда бул маселе каралып, мыйзамдын долбоору сунушталды. Өзүңөргө белгилүү, мындан эки жыл мурун апрель айында көлдүн жээгиндеги төрт пансионатты Казак Республикасына өткөрүп бергенбиз. Бирок ал кезде жер берилбейт, жердин баары биздин Кыргызстандын жергиликтүү бийлигинин карамагында болот деген сөз менен мыйзам өтүп кеткен. Бирок бүгүн эмнегедир жер маселеси көтөрүлүп, төрт пансионатты курчап турган жер ижарага 49 жылга берилет деп сунушталып атат.

Бирок ал келишимдин башынан аягына чейин бүт беренелерин карап чыктык. Биринчиден, бул мыйзам чийки даярдалган, эмнегедир кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы келишим үчүнчү жакка ыктала берген бүт беренелерде. Мисалы, үчүнчү бирични жак сатып жиберсе, эгерде ээси өзгөрүп кетсе дегендей. Эгерде ээси өзгөрүп кете турган болсо, казак өкмөтү бөлөкчө чечим кабыл ала турган болсо бул келишимдин негизинде ижарага алынган жер да кетет экен да. Биз бул туура эмес деп ойлойбуз. Узак мөөнөткө берүү дагы туура эмес. Кеп 50 гектар жөнүндө болуп атат. Бул көл жээгинин эң жакшы жерлери, көп айылдар жайгашкан көлдүн кылаасы. Ал жердеги жергиликтүү элдин барышы, эс алышы, кирип-чыгышы кандай болот? Эгер ижарага бере турган болсок алар андай мүмкүнчүлүк ала алышпайт.

- Кыргызстан тараптан кандай талаптар коюлган?

- Эч талап жок, бериш керек, анан кийин ал ижаранын акысы гектарына бир жылга 24 миң сом деп бааланууда. Бул өтө эле аз сумма. Бирок биринчиден, узак мөөнөткө берүү туура эмес. Экинчиден, биринчи келишим эки жыл мурун түзүлгөн, ошонун аткарылышын караш керек. Ал келишим боюнча, өзүңүздөргө белгилүү, пансионаттардын деңгээлин 3-4, же 4-5 жылдыздууга чейин көтөрүш керек болчу. Экинчиден, жумушчу орундарда жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү иштеш керек. Анан жыл бою иштей турган шартта болот деген. Бирок анын бирөө дагы бүгүн көзөмөлгө алынган жок.

- Иса мырза, Казакстандан кийин Өзбекстан да Ысык-Көлдөгү панионаттарынын башын ачуу маселесин көтөрдү. Бул маселе кандай чечилиш керек?

- Туура айтып атасыз, өзбектер да эмне үчүн чыгыштагы кошуналарга бересиңер да, батыш жактагы кошунаңарга беребейсиңер деп маселе коюшу туура эле болот. Себеби алар да маселени экономикалык, транзиттик жол, же коммуникациялык бөлөк маселелерге такашы мүмкүн. Ошон үчүн биздин абалыбыз оорлоп калат. Андан тышкары билесиздер, Союз ураганда бүткүл республикалардын аймагында курулган аскердик базалар болобу, же учак жайлар болобу, же бөлөк эс алчу жайларбы бүт баары тең мамлекеттин менчигинде болот делген. Мисалы, Грузияда билесиздер, бүт Кара деңизде курулган пансионаттардын баарын алды. Мисалы, Крымдагы, Севостополдогу аскер-деңиз флотунун базасы турат. Мунун баары тең Украинага калды. Анан бизде эмне үчүн 4-5 пансионатты мурунку бийлик баштап алып кала алган эмес?..

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG