Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору боюнча Конституциялык соттун кечээки корутундусу жана өлкө башчысынын Ынтымак Курултайын чакырган кайрылуусуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

- Темир мырза, Конституциялык сот Президент милдетин аткаруучу тууралуу жобону ого бетер татаалдаштырып салды окшойт. Корутундуга ылайык төрага менен өкмөт башчы андай ыйгарым укуктан ажыратылды. Жаңы коллегиялдык орган түзүлүш керек деген жобо айтылды. Бул чалкештик эмнеден?

- Биринчиден, президент сунуштаган Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн өзү логикасы туура эмес болуп калган. Анткени бүгүнкү иштеп аткан Конституцияда так анык жазылып турат, эгерде президент кандайдыр бир себептер менен өз милдетин аткара албай калса анын ордуна ким аткарышы. Ал эми сунуштаган президенттик кеңешме деген бул кеңеш, сунуш бере турган гана орган. Ал кандайдыр бир чечимдерди так кабыл алалбайт дегенге таянышып кылды. Мен ойлойм, эми өзгөртүүнүн демилгечиси мурунку эле редакцияда калтырыш керек. Конституциялык соттун кечээки корутундусун карап көрдүм, ал жерде чоң талкуу болгон жок ар түрдүү себептер менен. Бирок кандайдыр бир ички инстинкт ойноп кетип, ойгонуп кетип, ошону менен булар ошого бөгөт койду деп ойлоп атам. Менде мындан ары бул жобо алынып салынат деген үмүт бар.

- Кайталап айтканда, бул жетинчи беренеге - бийликтердин бөлүштүрүлүшүнө туура келбейт, төраганын жана өкмөт башчынын президенттин милдетин аткаруусуна. Сунушталган долбоордо болсо жаңы коллегиялдык орган түзүлүш керек деп айтылып жатат да?

- Жок, биринчи менен экинчи глава референдум менен гана кабыл алынат. Анткени алар референдум менен кабыл алынган, Конституциянын акыркы беренесиндеги конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эрежесинде жазылып турат. Ал эми президент болсо үчүнчү менен төртүнчү главага өзгөртүүлөрдү киргизип атпайбы. Бул ушуга дагы каршы келип атат. Эгерде андай боло турган болсо анда жалпы референдумга алып чыгыш керек болуп калат.

- Демек анда маселени чечиш үчүн бийлик референдумга барышы мүмкүн экен да?
Эгерде дагы кандайдыр бир кеңешме органдарды кошо турган болсок, бизде төрт баштуу бийлик болуп калат.

- Бийликтин өзүнүн түзүлүшү үч бийликтен турат да, аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлиги. Эгерде ал жака дагы кандайдыр бир кеңешме органдарды дагы кошо турган болсо, анда бизде төрт баштуу бийлик болуп калат. Мунун демилгечилер түшүнүп атат болуш керек.

- Президент чакырып жаткан Ынтымак Курултайы ынтымак алып келе алабы?

- Президент кечээ ушундай кайрылуу кабыл алды. Мен жоболорун карап чыктым. Так, ачык, анык түшүнө албай турушат көптөрү. Ошонун ичинде саясатчылар, серепчилер деле ушундай суроо берет болуш керек, бул курултайдын негизги функциясы эмнеде болот деп. Бул кеңеш бере турган деп артында гана көрсөтүп коюптур. Ал өзүнүн чечимдерин мамлекеттик органдарга гана жөнөтө алат. Ал кабыл алынабы, кабыл алынбайбы бул билинбей калды. Экинчиден, саясий партиялар негизги саясий күч болуп турбайбы, алардын ролу жок болуп калган бул саясий ынтымакта. Эгер ынтымакка чакырабыз десек, биз саясий күчтөрдү чакырышыбыз керек ынтымакка. Маселе ушунда болуп турат.

- Бул түзүлүштөн дагы эле саясий партиялар, оппозициялык күчтөр сыртта кала тургандай болуп турат?

- Берилген жобосунда саясий партиялар жөнүндө бир да сөз жок. Эгерде биз жок, мурункудай болуп ар бир айылдык округдан шайланып келет десек, анда келечекте бул Ынтымак курултайы Ынтымак курултай болбой эле саясий курултайга айланып кетет да, эгерде ошондой жол менен кете турган болсо. Бул опурталдуу болуп калды. Менимче, саясий партияларга сөзсүз түрдө кандайдыр бир өлчөмдө орун бериш керек эле, эгерде ошондой эле Ынтымак курултайын чакырам десе...

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG