Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:30

Ж. Зергер: 20 жыл мурдагы кыймыл эгемендикке жол ачкан


20 жыл мурдагы кыргыз жаштарынын нааразылык акциясы эгемендикке жол ачкан кыймыл катары да бааланууда.

20 жыл мурдагы кыргыз жаштарынын нааразылык акциясы эгемендикке жол ачкан кыймыл катары да бааланууда.

Мындан 20 жыл мурда 25-январда кыргызстандык жаштар борбордук Ала-Тоо аянтына ошол кездеги коммунисттик режимге каршы алгачкы нааразылык чарасына чыгышкан. Ошол акцияны уюштургандардын башында тургандардын бири Жанаалы Шабдырай Зергер бул окуяны эгемендикке жол ачкан алгачкы кыймыл катары баалайт.

- Жанаалы мырза, 20 жыл мурда бул күнү Кыргызстандын жаштары коммунисттик режимге каршы биринчи нааразылык акциясын өткөрүштү эле, ошону кыскача эске сала кетсеңиз?

- “Жүз жылда жер жаңы, элүү жылда эл жаңы” дейт. Бул ошол кездеги жаштардын социалисттик деп аталган, бирок тоталитардык режимге каршы аттануусу болчу. Бул социалдык-экономикалык чоң казат болгон. Кээ бирөөлөрү ойлоп жүрөт, тентек балдар чогулуп алып шаардын чекесинде тентектик кылды деп. Ошон үчүн менин оюмча ,бул чоң маселе. Ошол кезде кыйынчылык болгондо биз Советтер Союзуна каршы чыктык. Бул чоң өзүнчө каршылык болгон, империяга каршы чыккан чоң көтөрүлүш болгон. Мына муну ар ким ар кандай баалап жүрүшөт. Бул кыргыздар үчүн кандайдыр бир эркиндикке жол ачып, кийинки 91-жылкы эгемендикке жол ачкан чоң кыймыл болгон.

- Мына ушул саясий акциядан кийин кандай өзгөрүүлөр болду, силер каалаган ой-максат ишке аштыбы?

- Толук жетпесек дагы, “эл четинде жоо бетинде” дегендей, биз Бишкектин тегерегинде 50 миң үй-жайы бар кыргыз үй-бүлөсүн түздүк жакынкы эле 20 жылда. Анын астынан ишмерлер чыкты. Ошол эле ички мигранттар бүгүнкү күндө Ош, Аламүдүн базарларын иштетип, кыргызды багып атышат деп ойлойм мен. Биздин экономикада “челнок бизнеси” деген болгон илгери. Эми азыр эмгек мигранты деп атат. Мисалы кыргыз экономикасы бүгүнкү күндө эч нерсени өндүрө алган жок, жалаң алып-сатуу менен оокат кылып атат, анча-мынча тигүүчүлөр жана курулуш иштеп атат. Ошол биздин жергиликтүү мигранттардын салымы менен курулуш жанданды. Канча жылдап иштебей аткан, бузулуп жаткан курулушту ордуна коюп, азыр кыймылсыз мүлктү экономикалык тармак катары коюп койду. Социалдык жактан ошол жаштар тияк-биякта иштеп, кимиси үй куруп атат, кимиси соода-сатык кылып атат, ошону менен көчөгө чыгып алып тентектик кылбай өзүнчө оокат кылып атпайбы.

- Ал эми саясий жагынан алгандачы?

- Саясий жагынан алганда Кыргызстанда баардык саясат үй куруучуларда сезилбейт. Себеби 24-марттагы революциядан кийин 12 миң үй-бүлө жер алды. Муну дагы туура эсепке алыш керек.

- 20 жыл мурдагы жаштарга караганда азыркы жаштардын саясий, патриоттук жактан кандай айырмасы бар?


- Биз социалисттик нерсе менен тарбияланып калдык да. Азыркы жаштар эркин өсүп, көп нерселерди түшүнүп калышты. Азыркы жаштар бизге караганда чоң маселелерди коюп чыкса, алар бизден да күчтүү болушат. Себеби 50 миң үйдөн бирден патриот чыксын деп коелу, бул 50 миң жаш адам. Кыргызстан үчүн 50 миң адам - чоң күч.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG