Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Мындан 20 жыл мурда, 1990-жылдын 25-26-январында Бишкекте коммунисттик режимге каршы алгачкы демонстрация болгон. Бул акциянын активдүү катышуучуларынын бири, алгачкылардан болуп ошол жерде сөз сүйлөгөн, азыр көз карандысыз журналист Бакыт Орунбеков менен биз “Азаттыктын” түз обосунда ошол окуяга кайрылдык.

- Бакыт мырза, ошол демонстрацияда негизинен кандай талаптар көтөрүлдү эле?

- Кызык жери ошол 25-январдын кечиндеги биринчи демонстрация азыркы Ак үйдүн алдында болгон. Ошондо эл арасында Бишкеке Армениядагы жер титирөөдөн жабыр тарткан армяндар келиптир, ошолорго кыргыздын бийлиги жер берип атыптыр, үй маселесин чечип берип атыптыр деген каңшаар кеп тарап кеткен. Ошол учурда кыргыз жаштары үйү, жери жок, башка социалдык маселелери чечилбей араң турганда эмне үчүн башка жактан келгендерге жер чечип берет деп, ошол маселе көп жаштарды, студенттерди ойготуп көчөгө алып чыккан. Ошентип Кыргызстандын тарыхында эл өзүнүн мүдөөсүн, оюн, көкүрөгүндөгү көйүн айтып көчөгө чыккан биринчи акция 1990-жылдын 25-январынын түнүндө болгон. Алардын койгон талаптары биринчиден социалдык маселелер болчу.

- Ошондо Кыргызстандын жаштарын негизинен кандай күч көчөгө алып чыкты. Ал кезде коммунисттик режим болчу, камак, кармап кетүү коркунучу болгон жокпу, же ушунчалык коммунисттик режимден тажаган кез беле?

- Ошол учурда Кыргызстанда бейформал уюмдар деп аталган бирикмелер түзүлүп, эл кайра куруунун шарапатына таянып калган. Анан ошол учурда ар кандай пикирлерди айтканга аз да болсо мүмкүнчүлүк берген саясат түзүлүп калган болчу да. Ошондон улам элдин аң-сезимине бир топ өзгөрүүлөр кирип калган. “Ашар” козголушу деген уюм жаштардын бир топ бөлүгүн өзүнө тартып, бириктирип, жетекчилик кыла алган. Ошол уюм негизги күчтү алып жүрдү десек болот.

- Коммунисттик режимдин кулашына 25-26-январдагы демонстрация канчалык деңгээлде таасир эте алды?

- Ошол алгачкы демонстациялар жалпы кыргыз элине чоң күч берди го деп ойлойм. Анткени мурдатан эзилип турган, бышып калган, жарыла турган жаранын оозу ачылып калгандай сезилди да. Мына ошол күндөн баштап Кыргызстанда бир топ саясий акциялар башталды.

- Эмне үчүн ошол кезде бийлик камоого, кармоого барган жок?

- Анткени ал учурдагы абал башкача болчу. Эгерде камап, башкача бир чараларды көрсө андан дагы карама-каршылыкты күчөтүп алмак деп ойлойм. Ошондон улам камоого барган жок. Кийин коммунисттик партиянын башында турган адамдар да моюнга алышты ушуну туура кылган экенбиз деп. Эгерде камаганда андан дагы көп толкундоолорду, андан да көп карама-каршылыкты жаратып алмактыгын алар өздөрү да моюндарына алышкан.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG