Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:32

«Ар-намыс» партиясынын төрага орунбасары Бөдөш Мамырова Конституцияга киргизүүгө сунушталып жаткан мамлекеттик кеңештин утурумдук президентти дайындоодон башка иши белгисиз болуп жатканы бүдөмүк ойлорду пайда кылып жатканын айтат.

- Учурда коомчулукта президенттин демилгеси менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси ар кандай пикирлерди жаратууда. Сиздин оюңузча, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле азыр?

- Туура, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн негизги эле өзөгү - президенттик кеңешке укук берүүнүн тегерегинде каралып атат. Бул кеңеш мурда дагы түзүлүп, кандайдыр бир себептер менен өзүнүн функциясын, аткарган кызматын анча көрсөтө алган эмес.

- Сиз мамлекеттик кеңеш тууралуу айтып жатасыз да?

- Ооба, мамлекеттик кеңеш. Эми кайра президенттин астындагы кеңешти мамлекеттик кеңеш деп Конституцияга киргизүүнүн тегерегинде иш жүргүзүлүп атат. Белгилүү болгондой, бул Конституциялык сотко берилген. Конституциялык сот ошол кеңешти коомдук эле кеңеш катары карап, утурумдук президентти көрсөтө албайт деген бүтүм менен кайра жөнөткөн. Паралментте каралып, көпчүлүгүн түзгөн “акжолчу” депутаттары муну мамлекеттик кеңеш деп Конституцияга киргизүү жөнүндөгү өздөрүнүн оюн билдирип, кайра Конституциялык кеңешке жөнөтүлүп атат. Ушундай бир түшүнүксүз ойлор менен шашылыш түрдө ушул кеңешти Конституцияга киргизип, кандайдыр бир укукка ээ болуу далалаты жүрүп атат.

Менин түшүнүгүм боюнча, бул деле кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй, же башкача айтканда дүйнөлүк тажрыйбада дагы мындай кеңеш Конституцияга кирип, өзүнүн функциясын аткаруу биринчи жолу болуп атыптыр. “Акжолчу” депутат Автандил Арабаевдин айтымына караганда, бул кеңеш утурумдук президентти гана дайындап, андан башка ишмердүүлүгү көрүнбөгөндөй болуп атат. Ырас, Конституцияга кирип аткандан кийин өзүнүн жоболору, же аткара турган функциялары менен мыйзам катары кириш керек, же болбосо өзүнүн жоболору менен бекемделиш керек эле. Эмне себептен бул бир эле президент милдетин аткара албай калганда гана иштейт дагы, андан башка убакта тынып отурат. Мамлекеттин коопсуздугун, же ички экономикалык-саясий кырдаалда өзүнүн таасирин билгизчүдөй бир функцияга ээ болбой турат.

- Бөдөш айым, дагы бир пикирлер айтылып атат, өкмөттүн ыйгарым укуктары чектелип калып, жаңы түзүлгөн президенттин институтуна өтүп кетип атат деп. Ушуга оюнуз кандай, өкмөт бүгүнкү күндө эгерде Баш мыйзамга өзгөртүү киргизсе, анын аткаруучу милдеттери кандай болуп калат, чектелип калбайбы?

- Чектелип калчудай болуп турат. Анткени Конституцияда так жазылган болчу, эгерде президент кандайдыр бир ишмердүүлүгүн жоготуп, мындан ары башкарууга алы келбей калса, анын милдетин эл шайлаган парламенттин жетекчиси, эгерде парламенттин жетекчиси дагы ишке жарабай калса анда парламент тарабынан бекип келген өкмөттүн жетекчиси аткарат деп. Анан бул жерде түздөн-түз эң жогорку тагдырды чечүүчү милдетти мамлекеттик кеңешке берип атат. Чындыгында өкмөт дагы, парламент дагы бул мамлекеттик кеңештин астында ишмердигин жоготуп атат. Болгондо дагы эмнегедир шашылыш түрдө, тияк-биягын карабай туруп эле. Конституцияга кирип аткандан кийин, бул чоң функцияны аткаруучу орган болгондон кийин дагы кандай функцияларды, ишти аткарат деген дагы бүдөмүк ойлор болуп атат.

- Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү коомчулукта да талкууланыш керек беле, же парламент тарабынан эле кабыл алынганы жөнбү?

- Ооба, талкууланыш керек болчу. Себеби бул биринчи жолу ишке кирип аткандан кийин коомчулуктун, ошол эле мезгилде саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, жарандык коомдун ортосунда талкууга алынып, ошолордун пикирин угуш керек эле. Тескерисинче бул жерде жалгыз гана “Ак жол” партиясынын ою менен Конституцияга кирип атат.

- Рахмат маегиңизге.
XS
SM
MD
LG