Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Мигранттардын дубай саламы президентке жетеби?


Президент Бакиевдин "март ыңкылабы" тууралуу жазган китеби Ынтымак курултайынын делегаттарына берилет
Президент Бакиевдин "март ыңкылабы" тууралуу жазган китеби Ынтымак курултайынын делегаттарына берилет

22-март күнү миграция министрлиги Ынтымак курултайына чет жердеги кыргыз мигранттарынын атынан шайланган 35 өкүл менен жолугушуу уюштуруп, курултайда көтөрүлчү маселелерди талкууга алышты. Жыйынга катышкан өкмөт өкүлдөрү, ЖК депутаттары мигранттардын көйгөйлөрүн угуп, курултайга жеткирбей эле айтылган маселелерди чечип берүүгө убада берип үлгүрүштү.

“Тегерек үстөл деп койдук, бирок курултайды сүйлөшөбүз”

Ынтымак курултайы өтчү күндөн бир күн мурун эле чет жерден келген делегаттар миграция министрлигине чакырылып, миграция маселеси менен кошо эле курултай жөнүндө көп маалымат алышты. Иш-чаранын башында эле министр Айгүл Рыскулова делегаттар менен эртеңки курултай боюнча сүйлөшөөрүн ачык айтты.

-Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткан Ынтымак курултайына башка мамлекетте жүрсөңүздөр дагы делегат болуп шайланышыңар менен куттуктайбыз! Тегерек үстөл деп койдук, биринчиден сиздер менен жолугушуп сагынычыбызды жазып, бир ооз сүйлөшүп алалы деп, эртең курултайга катышасыздар. Ошон үчүн чогулганбыз бул жерде.

Мигрант делегаттар менен жолугушууга келген ЖК депутаты Гүлнара Дербишова, Кыргызстан аялдар конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева баш болуп эртеңки курултайдын маанилүүлүгүн айтышып, мигранттарды кыйнаган бардык маселелерди чечүүгө түрдүүчө долбоорлор ишке киргенин билдиришти.

Мигранттар: "Биз көйгөйлөрүбүздү айтабыз"

Атка минерлерден көңүл жубатарлык сөз угуу менен эле чектелип калбай, бүгүнкү расмий жолугушуудан кийин мигрант делегаттар өздөрүнчө жыйын куруп, эртең башталчу Ынтымак курултайында эмне маселени көтөрүп чыга тургандыктарын такташаарын айтты. Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Максатбек Беккелдиев “Азаттыкка” буларды белгиледи:

-Пропуска маселеси өтө кыйын болуп атат. Кайра Кыргызстанга келгенде паспорт алайын дешсе, паспорт берүүчү мекемедеги инспекторлор 250миңден 300миңге чейин акча сурашат экен. Биз эмнеден коркмок элек, өзүбүздүн ой-пикирибиз бар. Орусияда жашайбыз, тилегибиз эле мигранттарды коргоо. Мигранттар бар үчүн азыр Кыргызстандагы социалдык маселелер өзүнөн өзү чечилип атат. Ошон үчүн биздин көйгөйлөрдү убагында чечип турса деген ойдобуз. Эртең сөз берип калса ушул маселелерди алып чыгам.

Чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын укугун коргоп келген “Замандаш” ассоциациясынын башчысы Муктар Өмүракунов дагы Ынтымак курултайынын делегаттарынын катарында. Өмүракунов мигранттар атынан курултайга мүчө болуп шайлангандар ачык жана бийликтин кийлигишүүсүз тандалганын айтат. Ошол себептүү эртеңки курултайда мигрант делегаттар үчүн бардык көйгөйлөрдү президентке айтууга шарт түзүлөт дейт “Замандаш” партиясынын лидери:

-Мигранттарда укуктук маселелер көп. Андан сырткары кыргыз тил маселеси, маданият маселеси абдан курч. Биз өзгөчө тил маселесине басым жасайлы деп турабыз. Мигранттардын балдары кыргыз тилин унутуп баратат десек болот.

Ынтымак курултайында чет жердеги кыргыздардын көйгөйүн көтөрүп чыкчулардын канчоосуна сөз берилет али белгисиз. Бирок курултайдын алдынан эле делегаттарды чогултуп, аларга президент Курманбек Бакиев жазган “Март революциясы: калктын тарыхый тандоосу” аталыштагы китебин таратып, курултайды ашкере мактаган көрүнүш башкалардын күдүк ойлорун жаратты. Канткен менен Казакстан, Орусия, алыскы Түркиядан бери келген делегаттар ал жактагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн президентке жеткирүүгө аракет кылышмакчы.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG