Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:01

Ынтымак курултайы: кайрылууга айланчыктаган суроолор


Ынтымак курултайынын жүрүшүнөн, 2010-жылдын 23-марты.

Ынтымак курултайынын жүрүшүнөн, 2010-жылдын 23-марты.

Ынтымак курултайында кандай маселелер козголору ал башталганга чейин белгисиз болчу. Чоң жыйын башталарга чукул талкууга алынчу маселелер президент К. Бакиевдин кайрылуусунда аныкталаары ачыкка чыкты.

“Азаттыктын” бүгүнкү түз ободогу талкуусу Ынтымак курултайында козголгон маселелер жайында болуп, ага “Теңир Ордо” коомдук фондунун негиздөөчүсү Дастан Сарыгулов, Орусиянын Ростов облусундагы кыргыздардын “Манас” борборунун жетекчиси, курултайдын делегаты Руслан Эшимов жана “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев катышты.

«Азаттык»: - Дастан мырза, Ынтымак курултайына өкүл болуп шайландыңыз эле, бирок ага барбадыңыз. Ага негизги себеп катары эмнени айтат элеңиз?

Дастан Сарыгулов: - Бул жөнүндө мен кечээ өзүмдүн билдирүүмдө кыска, ачык айткам. Негизги себеби - биз сунуштаган күн тартипте 5-6 маселелердин бири да кирбей калганы. Менин барбай калганым, бул маалымат алуу эркиндигинен Кыргызстан эли ажыратылып калган. Кыргыздын улуу салты бар илгертен бери, баш кесмей бар, тил кесмей жок деген. Демек эркин сүйлөп, эркин маалымат алуу укугу атам замандан бери биздин улуу салтыбыз болуп келген. Ошол салт дагы одоно бузулуп атат да. Анан Нарын, Алай, Аксы элдеринин суроо талаптары калыс каралбай, көңүлгө алынбаган үчүн, мындай учурда Ынтымак курултайына барып катышуу мен үчүн бир аз туура болбой калат деген чечимге келдим, бул жерде эч бир саясат жок, мен эч бир саясий партиянын, же оппозициянын курамында эмесмин. Бирок биздин боордош элдерибиз Нарын, Аксы, Алайда ушинтип чыркырап, чындыкты талап кылып отурса, биз барып кандай кылып ынтымак жөнүндө сөз кылабыз деген ой менен абийрим таза болсун деп барбай койдум.

«Азаттык»: - Руслан мырза, мына сиз курултайга катышып атасыз. Курултайда козголуп аткан негизги маселе президенттин кайрылуусундагы айтылган проблемалар болуп атат. Сиздин оюңузча, президенттин кайрылуусунда азыр кыргыз коомчулугун түйшөлткөн негизги маселелердин бардыгынын аты аталдыбы?

Руслан Эшимов: - Барбыгыбы, бардыгы эмеспи, делегаттардын арасынан чыгып сүйлөгөңдөрдүн көпчүлүгү чын, оюнда болгондорду айтты окшойт менин оюмча. Бирок көбүнчөсү айта турган, тике сүйлөй турган сөздөрүнөн айбыгышып, көбү көп сөзүн айтпай кетти деп дагы ойлойм. Бүгүн козголгон маселелерде өкмөт башчыларына, министрлерге, жада калса президентибиз Курманбек Бакиевге дагы көп сындар, кемчиликтер айтылды. Менимче, эмки жылкы курултайга чейин айтылган сөздөр эгерде жарым-жартылай ишке ашса дагы бул чоң жеңиш болот эле.

«Азаттык»: - Биз менен телефон аркылуу байланышта Биринчи май райондук сотунун жанынан «Ак шумкар» партиясынын төрагасы Темир Сариев мырза турат. Темир мырза айтсаңыз, курултайда негизинен президенттин сөзүнүн айланасында талкуу болуп атат. Ал эми ошол талкууда сөз эркиндиги, Адам укугунун кысмакка алынышы, демократиялык жолдон тайып кетүү жөнүндө эч бир сөз болгон жок. Сиздин оюңузча мына ушул курултайда белгилүү гана проблемалардын айланасында сөз болорун сиз мурда болжолдодунуз беле?

Темир Сариев: - Ооба, биз муну алдын-ала билгенбиз. Ошон үчүн «Ак шумкар» партиясы атайын демилге көтөрүп чыгып, делегаттарга көйгөйлүү маселелерди карап, ошол боюнча чечим кабыл алсын деп, бүгүнкү эртең менен курултайдын делегаттарына өзүбүздүн баракчаларды, сунуштарды берели деп барганбыз. Бирок тилекке каршы бизди 8.40да кармап кетишип, «Ак шумкар» партиясынын 40тай өкүлүн, анын 20сын Ленин районуна алып барып, 20сын, анын ичинде мен дагы бармын 1-Май районуна алып барып, эртең менки тогуздан баштап, мына азыр саат 6 жарым болду, биз 1-Май сотунда отурабыз.

Биздин талаптар, биринчиси, “Түндүк электро” менен “Кыргызтелекомдун” сатылышын мыйзамсыз деп тапсын, аны кайра мамлекеттин менчигине алып келсин, тарифтерди кайра өзүнүн ордуна алып келсин, президент мыйзамсыз уюшулган мамлекет бийлигиндеги органдарын, Борбордук агенттик ж.б. жойсун деп, анан өзүнүн балдарын, бир туугандарын кызматтан кетирсин деп, сунуш берген Жогорку Кеңешке Конституциянын долбоорун чакыртып алсын деп, мыйзамсыз соттолуп аткан генерал Исаков жана Балыкчы, Петровка окуялары боюнча соттолуп аткан адамдарды боштондукка чыгаруусун талап кылып барганбыз.

Тилекке каршы Ынтымак курултайы ынтымак эмес, укук коргоо органдарынын мыйзамсыздыгы менен, башаламандыгы менен, оройлугу менен башталып, дүйнөгө шерменде болуп отурабыз. Чынын айтыш керек. Азыр карап көргүлөчү Орусиянын бүт каналдарында Ынытмак курултайы эмес, укук коргоо органдарынын «Ак шумкар» партиясынын активисттерин кармап кеткенинин тегерегинде айтылып атат бүт жерге. Кандай орой түрдө сабашып, жулкулдатып, 85ке чыккан аксакалды үч милиция кызматкери көтөрүп барып автобуска тыгып отурат. Ушулар жөнүндө айтылып атат. Булар ойлойм, бүгүнкү курултайдын негизги идеологиясын бузду. Анткени муну бийлик өзү бузду, чындыктан коркуп...

«Азаттык»: - Дастан мырза айтсаңыз, ушул курултайда негизинен козголоңчулук дух, ошондой ой жүргүртүүдөн арылалбай атабыз, оппозиция өзүнчө альтернативдүү программа көрсөтпөй атат, ошону иштеп чыгалбай атат. Анан кийин дагы бир олуттуу маселе - кыргыздарда уруучулук, жердешчилик, дегеле трайбализмдин оорусунан дагы эле айыга албай ататбыз, ашыкча ыгым-чыгымдар көп болуп атат деген сөз айтылды. Ушул маселелерди козгоштун артында кандай сыр бар. Себеби негизги экономикалык, социалдык маселелер сыртта калып эле, жердешчилик, же трайбалисттик маселелер козголуп кетти. Буга эмне себеп болду?

Дастан Сарыгулов: - Оппозициянын дарегине айтылган сын пикирдин бир чындыгы бар. Чын эле оппозиция бүгүн элге сунуш кылган программасы жок. Алар сындап атат, мүмкүн бул дагы керектир, бирок ошону менен катар, мындай кылыш керек эле деп чарба, саясий багытында коомдук түзүлүш, мамлекет башкаруу жолу жөнүндө пикирлерин айта элек. Бул чындык. Бул оппозицияны жамандоо эмес, бул калыс сөздү айтуу. Бул жагына келгенде жүйөлү сын деп мен өзүм ойлойм. Экинчи, уруучулук боюнча билинип эле турат, бул атайын уюштурулган адамдардын сүйлөгөн сөздөрү. Себеби Октябрь социалисттик революциясына чейин миң жылдар бою кыргыз уруу түзүлүшү менен сакталып келген. Айрымдары манаптарды эскерип атат, анан кокту-колотко бөлөт деген сөздөрдү айтып атат, булар кыргыздын терең тарыхын билбегендер. Кыргыздын коом түзүлүшүн аныктап, аны изилдебегендер. Кыргыз улуттук сезимге уруу аркылуу келген, өзүн тегин билип, өзүнүн тарыхын тактап, өзүнүн бабаларын сыйлап, даңктап, барктап келген. Жанагы сөздөр ал атайын уюштурулган сөздөр. Ал эми дагы сиз козгоп атасыз кээ бир маселелерди, бул жерде бабаларыбыз түз сүйлөгүлө, түз сүйлөбөсөңөр жолуңардан адашасыңар деген. Мына ушул түз сүйлөгөн болбой жатат.

«Азаттык»: - Руслан мырза, миграциялык көйгөй жөнүндө үстүртөн айтылып кетти. Бул маселе курултайда кенен талкууга алынат деп ишене аласызбы?

Руслан Эшимов: - Бул жерде 750 делегат бар экен, болгону эки күндүк программа бар, анан тыныгуу дегени бар. Убакыт өтө эле аз. Анын үстүнө ар бир чыккан делегат сөз сүйлөгөндө аз дегенде 11-12 мүнөт сүйлөп атышат, бүт көйгөйлүү маселелерди айтканда эч ким жетишпейт болуш керек.

“Азаттык”: - Рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG