Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

7-апрелдеги кандуу окуядан кийин дайыны билинбей кеткен К.Бакиев өлкө түштүгүндө экенин айтып, айрым маалымдоо каражаттары аркылуу кызматтан кетпей турганын, оппозиция менен сүйлөшүүлөргө макулдугун билдирди.

«Азаттыктын» бүгүнкү түз эфирдеги талкуусу өлкөдөгү калтыс саясий кырдаалга арналып, «Замандаш» партиясынын төрагасы Муктар Өмүракунов, белгилүү коомдук ишмерлер Касым Исаев менен Мирослав Ниязов, экономикалык эксперт Кубаныч Айдаралиев катышты.

«Азаттык»: - Мирослав мырза, айтсаңыз, президент Бакиев өлкөдөгү ушундай жагдайга келгенде кызматын таштоо, таштабоону аябай чоң маселеге айлантып, кийинки кезде аябай көп маектерди куруп жатканынын себеби эмнеге байланыштуу болуп атат?

Мирослав Ниязов: - Бакиевдин коррупцияга малынганы жагынан маалыматтар көп болуп, эл арасында нааразылык пайда болгон. Павлюктун, Садыркуловдун өлүмүн кандайдыр булар менен байланыштырган. Ошентип элдин кыжыры жогорулап отуруп, ушуга алып келди. Ушинтип объективдүү түрдө натыйжасы чыкты. Тилекке каршы Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери мыкты, жакшы адамдарга учурабай, кылмыш менен жүргөн, өзүнүн кызыкчылыгы менен жүргөн президенттерге туш болдук. Ошондон социалдык-экономикалык акыбалыбыз жылдан-жылга төмөндөп, мына бүгүн эң артта калган өлкөлөрдүн арасына кирдик. Мына эми Бакиевдин азыр айтып атканына караганда, ары жок, намысы жок адам экен. Кечирип койсун, акылы дагы жок десем адашпасам керек. Канча эл ортодо өлүмгө учурады. Ошого карабастан бүгүн дагы “бийликтен бошобойм” дегени дагы элдин кыжырын катуу кайнатат. Менин оюмча, бул кылмыштардын баарын ачыш керек. Ошол коррупцияга малынган кылмыштарды, өлүмдөр болгон кылмыштардын баарын ачып, эртели-кеч Бакиевдердин үй-бүлөсүн толугу менен жоопкерчиликке тартыш керек. Анткени кийинки келген президенттер ошону эстен чыгарбасын.

«Азаттык»: - Касым ага, сиз айтсаңыз, эмне үчүндүр ушул президенттик бийликтин берилиши, же болбосо президенттик бийликтин өткөрүлүшү чоң проблемага айланып калды. Себеби эмне болду. Буга чейин Бакиев билесиз, Таластагы, Бишкектеги окуялар тушунда үн каткан эмес эле, Кийинки кездери катуу үн ката баштады. Мунун себеби эмнеге байланыштуу деп ойлойсуз?

Касым Исаев: - Бизде биринчи президент келгенде дагы, кийинки Бакиев келгенде дагы мунун баары кокусунан болгондой иш болуп калды. Себеби элдин тажрыйбасында президенттерди шайлап, тандап алуу деген болбогондон кийин эгемендүү алдык деп эле эйфория боюнча, бир топтун айтканы боюнча эле Аскар Акаевден кийин бийликти өткөрүп алды. Эми анын жасап кеткен кылыктарын айтып атышат. Мен ошондо, 2005-жылдын аягында жазгамын, Сенин акылдык, билимдик, башка сапатың боюнча мен президент деп эсептебейм. Сен президент боло элек жатып, сүйлөгөн сөздөрүң, президенттик сенин атаңдан калган эмес, сен жарабайсың, бары бир кетирет дегем. Мына элдин баары ошону айтып калды. Себеби биз өзүбүз жакшы татыктуу киши тандабай эле, аны өзүбүз жасап атабыз. Бакиевдин келгени да ошондо болуп калды. Ошон үчүн азыр да үчүнчү жолу жаңылбайбызбы деген суроо туулат.

«Азаттык»: - Кубанычбек мырза айтсаңыз, элдин турмушу аябай начар болуп кетти, экономика дагы оор акыбалдан улам ушундай нааразылыктар чыкты деген пикирлер айтылып атат. Сиздин оюңузча, экономикадагы акыбалыбыздан улам чыктыбы бул нааразылыктар, же башка дагы себеби барбы?

Кубаныч Айдаралиев: - Бирден-бир себеби экономикалык нааразычылыктын күчөшү. Башкача айтканда региондордогу бош, жумушу жок жүргөн адамдардын акыбалын карабай, аларды иш менен камсыз кылалбай калдык. Ошондон улам биздин көптөгөн жаш улан-кыздарыбыз жумушсуз, кимге нааразычылыгын билбей, урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай турган мезгилге туш келип калды.

Эгерде бул маселелерди чечпесек, башкача айтканда, экономикалык абалды оңдобосок абдан кыйын болот. Азыр 2005-жылга салыштырмалуу экономикалык акыбал жакшы эмес. Өзүңүздөр билесиздер, азыркы болгон талап-тоноочулуктун эсебинен биздеги болгон чыгымдар мурдагыга караганда дээрлик эки эседен көбүрөк болуп кетти. Бул дагы чынын айтканда чоң нерсе. Ордун толуктаганга мүмкүнчүлүк жок. Буга чейин эле биз Евросоюздан 160 млн. доллар кредит сурап атканбыз. Эми Орусиядан жардам албетте алабыз го. Бирок бизге сырттан келген жардамдардын баарынын эле кандайдыр бир максаттары бар келишимдик. Экинчиден, жалаң жардам менен биз акыбалдан чыкпайбыз. Ошол себептен кандайдыр бир бирдиктүү команда түзүп, эң негизгиси буга чейинки болгон экономикалык системаны өзгөртүп, оңдоп, башкача айтканда жалпы элдин ишеничине жете алган, жетекчилерди эл атасына чейин акыбалга жеткире алган шартты түзө алсак, анда биздин келечегибиз болот. Болбосо чынында акыбал кыйын бизде.

«Азаттык»: - Муктар мырза, ушул нааразылык жыйындагы активдүү катышуучулар көбүнесе сыртта иштеп жүргөн мигранттар болду деген пикир айтылып атат. Сиздин оюңузча, чын эле ошондой болдубу. Деги эле нааразылыктын чыгышына кандай себептер өбөлгө түздү?

Муктар Өмүракунов: - Нааразы болгондордун негизги өзөгүн сырткы мигранттар түздү дегенге бир аз кошулалбайм. Негизи жер-жерлерден чыкпадыбы. Бул нааразычылык бүгүн эле чыгып калган жок, электр энергия, же башка нерселер кымбаттагандан чыгып калган жок. Бул ушул беш жылдан берки Бакиевдин президент болуп аткандагы убадаларын аткарбай, ошол күндөн баштап эле элди алдоосунун артынан чогулуп келаткан жана ошол элдин акыркы чыдамын кетирип, эл чыдабай калган оор жүк - тарифтердин кымбаттоосу болду. Менимче, кыргыз эли жалаң эле курсагы тойсо эле баарына ыраазы болуп кала турган эл деп ойлогон адамдар терең жанылышат деп ойлойм. Биздин эл эркиндикти сүйгөн, эч нерседен кайра тартпаган, бир кезде эле момун, биздин менталитетибиз көп элдерден башка. Кийинки Конституцияны өзгөртүүнүн үстүндө отурабыз, ошондой нерселерди эске алып туруп, жакшынакай Конституция бекитип алышыбыз керек деп ойлойм.

«Азаттык»: -Мирослав мырза, азыркы жагдайдан кыйын кырдаалдан чыгуунун жолу барбы, дегеним, ушуну менен кыргыз эли экинчи ирет бийликтен көңүлү калып атат. Калганда дагы биринчисинде кичине тынчыраак өтсө, кийинкисинде минтип чырактай болгон кыз-жигиттерибизден айрылып отурабыз. Мына ушул жагдайдан чыгуунун жолу барбы?

Мирослав Ниязов: - Албетте, мындай жолдон чыкпасак болбойт. Канча эртерээк чыксак, ошончо жакшы болот эле. Тилекке каршы революция деп төңкөрүшкө биз көнүп алдык бир жагынан, экинчи жагынан ушул революцияны козгогон бийликте иштеген адамдар болуп калды. Бийликке келген адамдар мамлекеттик курулуш, мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик ишмер катары көрбөй буларды, майда-чүйдө саясатчылар өзүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын эле, андан сырткы ашыгыраак эч нерсени көрбөгөн президенттерди алып келдик. Ошентип бүгүнкү акыбалга жеттик, жакырчылыкка келдик. Ошонун ортосунда элдин арасында да өлүм болуп калды. Ушуну кайсы бийлик жасайт экен, өзүнүн элин атканга кайсы бийлик барат экен? Ошол бийлик толугу менен жоопкерчиликти алыш керек. Ал эми бул акыбалдан кантип чыгышыбыз керек? Бүгүн укук коргоо органдарга, сот, прокуратурага тууганчылык, жолдошчулук деген жолдордон эмес, анык профессионалдарды алып келбесек болбой калды. Мына 18-19 жылдан бери биз түшүнүшүбүз керек, “бөдөнөнү сойсо дагы касап сойсун” деген кыргыз сөзү бар.

«Азаттык»: - Касым ага, ушундай жагдайдан чыгуунун жолу барбы?

Касым Исаев: - Жолу бар. Себеби биз чыгыш эли болгондон кийин бүгүнкү биздин менталитетке байланыштуу лидерибиз - биринчи кишинин колу, жолу, ою таза болуп келсе, ошону бүт калган бийликтегилерге ишмердүүлүгү боюнча алып келип акырындан чыкса болот. Экинчиден, байлыкты эл жасайт. Эл башка жакта тентип, же иштебей үйүндө отургандан кийин Кыргызстан жакыр бойдон калат. Эл ал лидерди ошонун аркасынан ишенип издеп, сен чын эле таза экенсиң, сенин оюң, ишиң жакшы деп чыкмайынча, муну жасабаган лидер келсе жакыр өлкө бойдон кала беребиз.

Кубаныч Айдаралиев: - Менин оюмча, мүмкүнчүлүк бар. Бирок ошого жетиш абдан кыйын. Дүйнөлүк практика боюнча, мындай нерсе мисалы Сингапурда болгон. Алар да биздин Кыргызстандай эле кичинекей мамлекет. Азыр 60 миллиард доллардан ашык бюджети бар, анан үлгүлүү мамлекет.

Муктар Өмүракунов: - Бул жагдайдан чыгуунун албетте жолу бар. Биринчиден, убактылуу өкмөт толук түзүлгөн жок деп ойлойм, көп партиялар, көп саясий күчтөр катышпай калды. Бир коалициялык комитет түзүп, тегерек үстөлгө отуруп, биргелешип аракет кылсак ошондо чыгабыз.

"Азаттык": - Рахмат маегиңиздерге

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG