Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

“Ар-намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова өлкөдө элдин бөлүнүүсүнө негиз жок, президенттин мындан аркы тагдырын убактылуу өкмөт кабыл алган декреттин негизинде чечүүгө кадам таштай бериш керек деп эсептейт.

- Кыргызстан жарандык тирешүүгө кептелип калды деген кооптонуулар көп айтыла баштады. Чынында эле эле ушундай коркунуч барбы?

- Бүгүн чындап айтканда, өлкөдө абал тынч, жакшы, өз нугунда деп айтуудан алысмын. Анткени Курманбек Бакиев түштүктө туруп алып, мен ушул жерде иштейм, мен шайланган президентмин деген сөздөрүн байма-бай айтып атат. Ошол жагынан алып караганда, ар жактан келген журналисттер, чет өлкөлүк байкоочулар бул нерсеге дыкат мамиле кылып, жарандык согушка айланып кетпегей эле деген кооптонуусуна дагы негиз түзүп турат. Бирок мен айтар элем, жарандык согуш чыгып кетүүгө негиз болбош керек. Жарандык согушту чыгаруучулар биздин өзүбүздүн элибиз. Ошол себептен эл мен ойлойм, абдан чоң оор кайгылуу кырдаалды башынан өткөрдү, биз эң оор жоготууга учурадык. Жарандарыбыздын, кырчындай балдарыбыздын өмүрү кыйылып кетти. Бул нерсе жөндөн-жөн чыккан жок. Эл ушунчалык нааразычылыкка кокосунан батып, көңүлү калган учурда ушул нерсеге барды. Анан кайра кеткен президентти ээрчип, кайра элдер бири-бири менен кагылышат деген нерседен мен алысмын. Жок, кагылышпайт. Анткени өлкөдө тезирээк стабилдүүлүк орноп, К. Бакиев тезирээк өзүнүн жообун айтып, өзүнүн ыйгарым-укуктарын тапшыруусун эл күтүп атат.

- Президент убактылуу өкмөт башчы Роза Отунбаева менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу сакталса апрель окуялары боюнча сот алдында жоопкерчиликти тартууга да макул экенин айтты. Бул азыркы курч кырдаалды жөнгөрө алабы?

- Негизи азыр президент өзүнүн күнөөсүн өзү айтып атпайбы, буга чейин такыр эле күнөөсүн мойнуна алган эмес. Акырында айтып атат, “ооба, менин дагы кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар” деп. Өзү негизги күнөөнү мойнуна алышы керек, күнөөсү бар, аны эч качан тайсалдабай эле тартышы керек. Бирок сүйлөшүүгө келип, өзүнүн коопсуздугун сурап атпайбы. Эгер ал келсе ага эч ким деле тийбейт. Бирок кепилдикти өзүнө эмес, үй-бүлөсүнө, тууган-уругуна чейин сурап атат. Ошондо алып көрсөңөр жүзгө жакын адамдын кепилдигин сурап атат. Эгерде ошонун баарына кепилдик бере турган болсок, анда 7-апрелде шейит кеткен балдардын арбактары да кечирбейт, ырааазы болбойт.

Эмне үчүн ушундай кайгылуу нерсе болуп өттү. Ошонун чын-төгүнүн билип, аягына чыгыш керек да. Анан булардын баарына кепилдик берип туруп, сен күнөөлү эмессиң, каалаган жагыңа басып кете бер, калган жүктү мойнубузга алабыз деп ким мойнуна алат. Өлүп кеткен 80ден ашык баланын өмүрү кыйылганын ким мойнуна алат? Биз ушинтип эле укуктук жана мыйзам алдында жооп берүүдөн баш тартып эле жүрө беребизби. Муну дагы ойлонуш керек да. Бирок президентибиз аны ойлонбой турат.

- Убактылуу өкмөттүн макамын мыйзамдаштыруу боюнча сунуштар айтылып жатат. Мисалы укук коргоочулар муну Жогорку Кеңештин жардамы менен чечүүнү сунуштап жатышат. Сиз мыйзамдаштыруунун кандай жолдорун сунуштайсыз?

- Менин жеке оюм, парламентти таратпай туруп, легитимсиз деп келгенбиз. Парламент чындыгында кандай келгенин баарыбыз билебиз. Ошонун негизинде көпчүлүктү түзгөн «Ак жол» партиясы эле ушул нерсеге макул болмок экен, президенттик макамынан ажыратып койсо болмок. Анткени бүгүн белгилүү болуп атат, ошол эле «Ак жолдун» бир топтору президентке импичмент жарыялап, өздөрү чыгып атат. Ошондой болсо болмок. Бирок таратып жибергенден кийин артка жол жок. Кайра артка кайтып, парламентти чогултуп президенттин статусун карап бергиле деген артка кайткандык болуп калат. Бул жерде убактылуу өкмөт өзүнүн декретин иштеп чыкты. Ошол декреттин негизинде эле президенттин мындан аркы тагдырын чечүүгө кадам таштай бериш керек.

- Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG