Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

“Азаттыктын” түз байланыштагы маегинде “Туран” партиясынын төрагасы Тайырбек Сарпашев Кыргызстанга парламенттик башкаруу ылайыктуу экендигин жана алдыда болчу парламенттик шайлоого ал жетекчилик кылган партия катышаарын айтты.

- Өзүңүз маалымдар болгондой, убактылуу өкмөт Кыргызстан эми парламенттик башкарууга өтөт деп жарыялады. Сиздин оюңузча, Кыргызстан ушундай конституциялык өзгөрүүгө даярбы жана анын зарылчылыгы канча?

- Албетте, бул маселе буга чейин эле көтөрүлүп келген. 2005-жылдагы шайлоодон кийинки Жогорку Кеңеште Кыргызстанды парламенттик өлкөгө өткөрүү тууралуу идея көтөрүлүп, анын ар кандай варианты талкууланып келген. 2006-жылы 7-ноябрда парламенттик өлкөгө жакындаша турган Конституцияны сунуш кылып, аны кабыл алганга жетишкенбиз. Бирок тилекке каршы, кийин ал башка күчтөр менен жокко чыгарылган.

- Эгер Кыргызстан парламенттик системага өтсө, өлкөнү премьер-министр башкарат, аны шайлоодо көп орунга ээ болгон партия көрсөтөт. Кыргызстандагы саясий партиялар ушундай чоң жарышка даярбы?


- Эми партиялар даярбы-даяр эмеспи эң биринчиси шайлоого эл даяр. Бул жерде биз адашпашыбыз керек. Анткени буга чейин эл канчалаган бурмаланган, калыс эмес шайлоону башынан өткөрүп келди. Ошондуктан эң башкысы эл даяр, ал эми партиялардын чамасын өзүңүздөр билесиздер. Бир катар партиялар 7-апрелде Кыргызстанды чоң өзгөрүүгө алып келген бурулушка салым кошту. Ошолордун бүгүнкү күндө коомдук рейтинги абдан жогору жана алар утушка ээ болушу мүмкүн. Мен Кыргызстан парламенттик өлкөгө мурда эле даяр болуп калган деп ойлойм.

- Жаңы мыйзамдык өзгөрүүгө ылайык шайлоодо эң көп добушка ээ болгон партияга 50 пайыздан ашык орун берилбейт деп айтылып жатат. Бул жеңишке ээ болгон партиянын мүмкүнчүлүгүн чектегендик болуп саналбайбы?

- Негизи бул кайсы партиядан келип чыкты? Мына буга чейин бийлик бир адамдын колуна топтолгондо, кыска убакыттын ичинде эле анын айланасында ар кандай шылуун, эки жүздүүлөр топтолуп, бийликти өз кызыкчылыгына пайдаланганга өтүшөт экен. Ошондуктан, Орто Азияда, деги эле көп өлкөлөрдүн арасында парламенттик өлкөгө биринчи жолу биз өтүп жатабыз.

Карапайым эл бийликти бир же эки эле күчтүү партияга берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан, бүгүнкү Конституцияны жазып аткандар ошол ката кайталанбасын деп, уткан партияга ашып кетсе 50 пайыз, ал эми калган 50 пайыз азыраак добуш алган партияларга тийсин деген шартты карап жатышат. Бул ошол көп добуш менен утуп келген партияны көзөмөлдөөгө дагы шарт түзөт. Ошондой эле Улуттук банкы, парламенттеги бюджеттик комитеттин эсептөө палатасы азыраак добуш алган партияларга берилсе, партиялар бири-бирин көзөмөлдөө жолу менен коом алдыга тезирээк жылат.

- Сиз жетектеген “Туран” партиясынын соңку саясий өзгөрүүлөргө көз карашы кандай? Сонку саясий өзгөрүүлөрдө сиздин партиянын аты, сиздердин үнүңүздөр угулган жок деген коомчулукта сын кеп бар?

- Туура. Негизи биздин буга чейинки чейин көз карашыбыз деле Кыргызстанда демократиялык баалуулуктарды жана ошондой эле парламенттик өлкөнү түзүү экендигин жакшы билесиздер. “Жеңиштин атасы көп” дегендей, көптөр азыр жеңишке ээлик кылып атышат. Кандай болсо да, парламенттик өлкөгө өтпөсөк, өлкөдө жеке адамдын бийлиги орносо, мамлекеттик туңгуюкка түшөөрүбүз тууралуу идеяны кармагандар менен биргебиз. Ал эми партиялардын позициясы негизинен шайлоо учурунда жана шайлоодон билинет. Биз дагы алдыда боло турган парламенттик шайлоого кандайдыр бир формада катышабыз. Убактысы келгенде өзүбүздүн программабызды айтабыз.

Рахмат, Тайырбек мырза!
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG