Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Референдумга даярдык башталды


Акылбек Сариев, убактылуу БШК төрагасы
Акылбек Сариев, убактылуу БШК төрагасы

Убактылуу Борбордук шайлоо комиссиясынын алгачкы жыйынында кыргыз элине кайрылуу жана бүткүл элдик референдумдун календардык планы бекитилди. Жыйынга БШКнын 12 мүчөсү катышып, жетекчиликке бир добуштан Акылбек Сариев шайланды.

Убактылуу борбордук шайлоо комисиясынын 27-апрелде өткөн алгачкы жыйынында эки маселе каралды.

Анда 27-июнга белгиленген бүткүл элдик референдумдун катышуучуларына кайрылуу жолдонуп, шайлоочуларды өлкөнүн саясий жашоосуна активдүү катышууга, мамлекеттик түзүлүшкө өз салымын жигердүү кошууга чакырык жасалды.

Референдумдун календардык планы бекитилип, алдыдагы иш-чаралары тууралуу сөз козголду.

Ага ылайык 27-майга чейин аймактык комиссияларды түзүү, 2-июндан кечикпей Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө референдум өтүүчү жайларды аныктоо, 7-июнга чейин шаардык, райондук комиссияларды тактоо маселеси бекитилди.

Убактылуу борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы шайланган жетекчиси Акылбек Сариев жыйында козголгон маселеге токтолду:

- Биз жакында боло турган референдум боюнча элге кайрылуу жасадык. “Эркин-Тоо” гезитинин бүгүнкү санында жарыялангандай бүткүл элдик референдум 27-июнга белгиленди. Бул датага чейин даярдык көрүлүп, план боюнча иштер жүргүзүлөт.

Убактылуу өкмөт тараптан буга чейин кабыл алынган декретке ылайык, БШКга 19 мүчө бекитилмек. Алардын алтысы бейөкмөт уюмдардан, дагы алтоо Бириккен Улуттар Уюмунан, ал эми калган жетөө партия өкүлдөрүнөн болсун деген жобо кабыл алынган. Бирок Бириккен улуттар уюму кайсы бир өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө укугу жок болгондуктан алар мүчөлүкө кабыл алынган жок. Ошол эле маалда бейөкмөт уюмдардан алты мүчө тандала электигине байланышуу БШКнын мурдагы өкүлдөрү алардын ордун толуктап отурушту.

Убактылуу шайлоо комисиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов буга чейин кабыл алынган декретке өзгөртүүлөр киргендигин баса белгиледи.

-Убактылуу өкмөттүн чыгарган декретинде баары так көрсөтүлгөн. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясынын жети мүчөсү партиялардан дайындалды. Буга чейин өткөн парламенттик шайлоодо бирден жетинчи орунга чейин ээ болгон партиялардын өкүлдөрү мүчө болушту. Дагы алты орун бейөкмөт уюмдарга тиешелүү. Алар өз ара келише албай жатышат окшойт. Себеби Кыргызстанда 4000 чакты мамлекеттик эмес уюмдар бар. Буга чейин кабыл алынган декретке өзгөртүү киргизилип БШК 19 эмес 13 мүчө менен иш жүргүзмөк болду.

Убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы долбоору боюнча жалпы референдумду 2010-жылдын 27-июнуна, президенттик жана парламенттик шайлоолорду 10-октябрга белгиледи.

(Айтмакчы, мурда БШК мүчөсү болгон кезинде калыстыгы менен айырмаланган Акылбек Сариев мырзанын "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариевге эч кандай туугандык байланышы жок, тек гана алардын тегаты окшош чыгып калган).

XS
SM
MD
LG