Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:35

"Азаттыктын" Улуттук каналдн кайра чыга баштаган "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүсүндө бул жолу Конституциянын жаңы долбоорундагы өзгөрүүлөр талкууга алынды.

Талкууга Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун мүчөсү, "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Равшан Жээнбеков жана Кыргызстандын мурдагы мамлекеттик катчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров катышты. Алар Конституциянын жаңы долбоору, алдыдагы референдум, президенттик жана парламенттик шайлоолор тууралуу ой бөлүштү.

«Азаттык»: - Равшан мырза, Конституциялык реформа боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары айтсаңыз, убактылуу өкмөт Конституциянын жаңы долбоорун жарыя кылды. Анда көпчүлүк өзгөртүүлөр президентке, парламентке, өкмөткө тиешелүү жоболорго киргизилген экен. Бирок Конституциянын негизги жоболору мурдагы 1993-жылдан берки келаткан Конституциянын көп жоболорун камтып, 80-85 пайызы калган экен. Эмне үчүн жаңы Конституция деп жарыялап жатасыздар, эмне үчүн Конституциянын жаңы долбоору эмес?

Равшан Жээнбеков: - Жаңы Конституциянын долбоору деп жарыялагандын себеби азыр бизде мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрөт. Биз башка бир башкаруу системасын куруп атабыз, парламенттик башкаруу системасы болот. Эмне үчүн жаңы делип атат? Анткени биз башка жолду тандадык. Мурдагы Конституцяибызда деле негизинен адам укуктары, биздин граждандардын милдеттери, негизинен Конституцияда ушулардын баары эле калат. Анткени мурдагы Конституцияда баардыгы айтылган, бирок алардын бири дагы иш жүзүндө аткарылган эмес. Ошондуктан алар калып атат, негизги өзгөрүү бул президенттин бийлиги, милдеттери жана парламенттин, өкмөттүн бийликтерине жана милдеттерине жараша өзгөрүп атат. Ошондуктан башка Конституция деп айтылып атканынын негизги себеби ушул.

«Азаттык»: - Эми президенттик-парламенттик республика болобу, эгер кабыл алына турган болсо?

Равшан Жээнбеков:
- Жок азыр президенттик-парламенттик эмес, азыр парламенттик бийлик болот. Бирок президенттин башында сунуш кылганда милдеттери, полномочиелери бир топ аз болчу, кийинчерээк жумушчу топ президентке бир аз көбүрөк полномочие берди.

«Азаттык»: - Мисалы кандай ыйгарым укуктарды берди?

Равшан Жээнбеков:
- Мисалы президент эсептөө палатасынын үчтөн бир бөлүгүн, БШКнын үчтөн бир бөлүгүн, өкмөттүн башчысын шайлоо формалдык түрдө деген ушундай бир мурдагыга караганда көбүрөк полномочиелер берилди.

«Азаттык»: - Адахан мырза, сиз парламенттик система Кыргызстан үчүн эрте деп жүрбөйсүзбү, эмне себептен?

Адахан Мадумаров: - Биринчинден, азыркы реалдуу турмуш көрсөтүп атпайбы, парламенттик мамлекет, парламенттик бийлик деген бул жамааттык жоопкерсиздик деген. Кыргызда жакшы сөз бар "койчусу көп болсо кой арам өлөт" дейт. Ошондуктан жамааттык деп айтабызбы, же парламентке келген 4-5 партия болот, 4-5 партиянын 4-5 жетекчиси болот, 4-5 жетекчинин 4-5 жоро-жолдош, тууган-уруктары болот. Мына ошондо эгер башта президенттик дегенден биз четке кетиш үчүн форма, кандай бийлик кеп эмес, кеп ошол бийликти инсан кандай жүргүздү, өзүнүн ыйгарым укуктарын, кеп инсанда. Ошондо тандоо жол менен алып келген болсо, кыргыз чындап мыктысын тандап алса, бул менин жердешим, бул кечээ бир тай союп берди эле, топ чаптырып койду эле, же сууга сүздүрүп койду эле эмес, тандап келсе, ошондо бийлик элдин нукура жүзүнө жараша болот.

«Азаттык»: - Бирок эл татыктууну тандай албай атпайбы, мына эки президент ыңкылап жолу менен тактан кетти?

Адахан Мадумаров: - Тандай албай аткандын бир жөнү бар. Айтып атпаймбы, бизде бир оору бар, өзүбүздөн болсун деген оору бар. Бул өтө жаман, биздин түбүбүзгө жете турган оору ушул. Тилекке каршы кыргыздын мыктыларынын баары бай эмес, кулкуну таза, көкүрөгү, чөнтөгү таза азаматтарыбыз байлыктан алысыраак. Ал эми шайлоо жолуна келгенде баягы эле кара курсактын айынан, бир кесе шорпо менен бир кабырганын, куйрук, боордун артынан кетип калып атпайбызбы. Эгер эл жетишет, мындан ары карай бизде кыргыз мамлекетинин бийлиги таптаза болсун десе, шайлоого таза, ак ниети менен барса ошондо бүт бардык бийлик элдин колунда болот.

Равшан Жээнбеков: - Инсан жөнүндө сөз болуп атпайбы, бизде кыргыздардын аң-сезиминде кыргыздарды келип бир баатыр сактап калат деген. Биздин президенттик бийлигибиздин негизги кемчилиги ошол болгон, президенттик бийликте биз дайыма адамга басым жасайбыз, бир адам келип баарын оңдойт деп. Биз адамга эмес системага, адамга эмес мамлекеттик институттарга басым жасаганды үйрөнүшүбүз керек.

«Азаттык»: - Бирок мындай болуп атпайбы, азыр бизде Адахан мырза айткандай өң тааныштык, туугандык деген сезимдер абдан күчтүү өнүккөн да, анан чынында эле ошондой болуп кетиши мүмкүн деген коркунуч азыр деле бар. Мисалы 2005-жылы бийлик кандай максаттар, үмүт-тилектер менен келди эле. Бирок аны актаган жок да. Тууганчылыктын айынан кайра кулатуу мажбур болду?

Равшан Жээнбеков: - Мунун негизги себеби бар. Президенттик мамлекетте талкуу, талаш-тартыш болбойт. Ошондуктан биз тууганчылыкка, жең ичинен маселе чечкенге өтүп кетебиз. Ал эми биз парламенттик мамлекет боло турган болсок, парламенттик мамлекетте дайыма талаш-тартыш болот, саясий карама-карышылыктар болот, бири-бирибизди сындаганга көбүрөк мүмкүнчүлүк болот. Мамлекетте жөнөкөй тил менен айтканда талкуу пайда болот. Ал эми талкуу, карама-каршылык болгон жерде өнүгүү пайда болот.

«Азаттык»: - Бирк мына өзүңүз эле айтып атасыз, президенттин ыйгарым укуктары кайра күчөтүлүп жатат деп. Президент менен парламент бир күнү - 10-октябрда шайлана турган болду. Эгер экөө бир күнү шайлана турган болсо экөөнүн ортосунда атаандашуу болуп калышы мүмкүн да. Эмне үчүн президентти парламент аркылуу шайлап келүү жоболору киргизилбей жатат. Мында бирөөнүн жеке кызыкчыгы жокпу?

Равшан Жээнбеков: - Азыр мындай да ойлор айтылып атат. Ар бир Конституцияга катышкан, же болбосо азыркы жаңы өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнө келечекте тууралап Конституцияны жасап атышат деп. Мен андай ойдон алысмын. Мисалы биздин партиянын жетекчиси Текебаевге мен толугу менен ишенем эч кандай өзүнүн кызыкчылыгына тууралап жасабаганына. Негизги анын максаты, парламентке дагы, президенттикке дагы эл ишенген адамдар келсин деген максатта жасалып атат. Туура, келечекте парламент менен президент бири-бирине каршы болуп, бийлик талашып калышы мүмкүн. Бирок ошондой механизмдер болбошу үчүн президентке караганда бүгүнкү күндө парламенттин полномочиелери, укуктары бир топ жогору, баары бир парламент көп маселелерди чече турган болду.

«Азаттык»: - Адахан мырза, Бакиев бийликке келгенден кийин алгачкы эки жылда башкарууну жакшыраак жүргүзгөндөй болду деп саясат талдоочулар айтып жатат. Буга күчтүү парламент турганы негиз берген деп. Азыр эми күчтүү парламент болуш үчүн Равшан мырза айткандай тандоону жакшы жүргүзүш керек да саясий партиялардын арасында. Эми азыркы абалдан алып караганда тандоо жакшы, акыйкат жүрөт деген ишеним барбы?

Адахан Мадумаров: - Жок, бул ишеним бир гана жараткандын колунда, анан кыргыз элдинин колунда. Кечирип коюңуз, кээ бир жерде 36 тамганы жакшы тааныбагандар келип атпадыбы. Бирок мындай карасаң курсак кампайган, чөнтөк доңкойгон. Ошонун аркасы менен келип атпайбы.

«Азаттык»: - «Ак жол» партиясында ошондойлор көп болгонбу?

Адахан Мадумаров: - Ошол жерде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп отуруп «Ак жол» партиясынын кээ бир мүчөлөрүнө айттым, мен силерге окшоп взнос төгүп келген жокмун бул жерге деп, ошондуктан мен өзүм кеттим.

«Азаттык»: - Демек азыркы учурда адилет парламент келет деген ишеним барбы?

Адахан Мадумаров: - Келбейт адилет парламент. Биз реалдуу, ачуу турмушту карашыбыз керек. Равшан мырза канчалык аракет кылбасын, көкүрөгү канчалык таза болбосун, Равшан мырзадан байыраак азамат альтернатива болуп чыгып калган болсо ошонун аркасынан кетет эл. Бүгүн турмуш ошого мажбур кылат.

«Азаттык»: - Адилет шайлоонун тандоонун кандай механизмин сиз сунуш кыла аласыз?

Адахан Мадумаров: - Тандоодо бир милдети, бир максаты бар ар бир инсандын, жана туура сөз айтылды, бир жигит келип туруп турмушубузду оңдоп берет эмес, ар бир кыргыз көкүрөгүндө үйүндө отуруп өзү ойлош керек, турмуштун, бийликтин ээси менмин, мен чечим кылышым керек деп.

«Азаттык»: - Кыргызстанда азыр жүздөн ашык саясий партия бар, ошол саясий партиялардын мыктылары эгер шайлоого, жарышка түшө турган болсо, билким тандалып келер ошолордун арасынан мекенчил, улутчул жакшы адистер?

Адахан Мадумаров: - Тандалып келет дегенден, үмүтсүз жалгыз шайтан дейт, үмүтүм бар. Бирок азыр күчүндө турган Конституцияны декрет аркылуу жокко чыгарып салган, бул Конституциянын өзүнө карама-каршы келет. Конституцияда үч гана булак көрсөтүлгөн, президент, парламент жана 300 миң кыргыз шайлоочусу деп көрсөтүлүп турат. Ал эми 5-15 кишинин каалоосу менен Конституцияга өзгөртүү кирбейт, эгер биз ушул жол менен кете турган болсок, эл аралык уюмдар дагы бизди тааныбайт.

Равшан Жээнбеков: - Мен тескерисинче айтат элем, бизде күчтүү инсандар эмес, бизде күчтүү институттар болуш керек. Ошон үчүн мен каалабас элем бизге Орусиядагыдай, же Казакстандагыдай бийлик келишин. Бизге эркиндикти камсыз кыла турган Конституция жана эркиндикти талап кыла турган адамдарды жаратуу - негизги максат. Бүт бардык биздин кыйынчылыгыбыздын, азыркы трагедиябыздын булагы бул эркиндикте жатат. Эгерде биз Конституция аркылуу эркиндикти берсек, эл ошону талап кылса, эркиндик бүт бардык маселебизди чечет.

«Азаттык»:
- Ушунун баарын эле карапайым эл каалап турат ушундай учурда. Бирок кантип ишке ашырыш керек?

Адахан Мадумаров: - Ушундай дегенде эле сын айтканга жакшыбыз биз. Эгер биз Казакстандагыдай, Орусиядагыдай бийликти каалабасак, эмне үчүн биздин жарым миллион кыргыздын мыкты азаматтары менен кыздары ошол жакта жумушта иштеп жүрүшөт. Эмне үчүн акыл-эси тунук азаматтарыбыз чет жакта жүрүшөт?





«Азаттык»: - Алар экономикалык кыйынчылыктан, жумушсуздуктан кетип жатышат. Экономикалык тартипти орнотуш керек, катуу тартип деген керек да.

Адахан Мадумаров: - Мен дайыма айтып келатам, кыргыз мамлекетинде темирдей тартипти каккан казыктай кылып орнотмоюнча, парламенттик болобу, президенттик болобу, элдик болобу, башкасы болобу, эч качан жылыш болбойт. Тартип болуш керек.

Равшан Жээнбеков: - Мен Адахан мырзанын бул сөзүнө макулмун, тартип болуш керек. Бирок тартип күч менен эмес, тартип элдин эркиндиги менен келе турган нерсе.

«Азаттык»: - Коркутуу менен киргизилген тартип эмес, мыйзам чегинде, жоопкерчиликтеги тартипти орнотуш үчүн кандай механизмдер керек, кимдер ишке ашырыш керек?

Равшан Жээнбеков: - Туура айтасыз, эгерде биз бүгүнкү күндө сөз эркиндигин, чогулуш эркиндигин камсыз кыла турган болсок, эгерде биз мамлекетибизде адилеттүү саясатта жана экономикада атаандаштыкты киргизе турган болск, ушунун баардыгы чогулуп келип туруп эртеби-кечпи мамлекетке тартипти, мыйзамдуулукту, жоопкерчиликти алып келет. Ал эми күч менен киргизген тартип, мына Бакиев күч менен киргизди тартипти, эмне болдук? Бизге мындай тартиптин кереги жок, бизге эркиндик аркылуу келген тартип керек.

Адахан Мадумаров: - Күч менен эч кандай тартип киргизилген жок, тескерисинче тартипсиздиктин туу чокусуна жеттик биз Кыргызстанда.

Равшан Жээнбеков: - Бакиев тартиптүүлүктү талап кылды, ал эми өзү үчүн абсолюттуу эркиндикти жаратты.

Адахан Мадумаров: - Баракелде, эң туура. Мына ушул коюлган диагноз эң туура. Эл силер тартиптүү болгула, мен билгенимди жасайм дейт. Мына ошол жоопкерсиздиктин кесепети. Эркиндик деп атпайбы, эркиндикти биз жакшы эле сездик, жоопкерчиликти сезбей атабыз президенттен баштап, айылда жашап аткан азаматтарыбызга чейин.

«Азаттык»: - Равшан мырза, «Азаттык» үналгысы ар дайым бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуу милдетин аткарып келе жатат. Мына «Ыңгайсыз суроолор» көрсөтүүсү дагы ушул вазийпаны аткарууга милдеттүү. Ошондуктан элдин арасында кандай сөз болуп жатат. Мисалы конституциялык реформа боюнча кандай сунуш пикирлер болуп жатат деген суроолорду сиздерге берген адамдардын суроолорун тартып алып, көрсөтүп турууга мындан ары дагы даярбыз. Ошондуктан бүгүн талкуулап жаткан маселе боюнча Улуттук университетинин юридикалык институтунун конституциялык укук боюнча кафедрасынын башчысы, профессор Сүйөркул Косаков суроо берген эле. Бул Бакиевдин бийлигин кулатууга саясий күчтөрдүн 17-мартта болгон курултайы, анан кийин ошол курултайда коюлган талаптардын аткарылбаганы 7-апрелдеги кандуу окуяга алып келди деп жатат. Эми эмне үчүн бул Конституцияда элдик курултай жөнүндөгү жобо алынып жатат деп кызыккан экен, азыр суроосун көрүп алып, анан жообуңузду уксак.

Сүйөркул Косаков: - Эмне үчүн Элдик курултай деген институтту жаңы элдик бийлик катарында, элдик тескөөчү катары киргизсе болот да, эмне үчүн азыркы убактылуу өкмөт баш тартып атат?

«Азаттык»: - Косаков мырза баштаган бир топ атаандаш катары Конституциянын бир долбоорун даярдаган экен, азыр мен сизге берип койоюн, ушул долбоордо элдик курултай жөнүндө жобо бар экен. Ошондой сунуш пикирлерди кабыл алабы Конституциялык топ?

Равшан Жээнбеков: - Биздин бардык адамдарыбызбыз өзүнүн сунушун бергенге акылары бар. Эгерде биздин коомчулугубуз көпчүлүк ушул сунушту берип, талап кыла турган болсо анда бул сунуш кирет сөзсүз түрдө.

«Азаттык»: - Адахан мырза, сиз буга чейин айтып кеттиңиз, азыр укуктук-мыйзамдык жолго түшүш керек деп. Кээ бир саясат, укук таанучулар айтып жатышат, 93-жылкы Конституцияга кайтып бара турган болсо убактылуу өкмөт, анда ошол Конституция кабыл алынгандан кийинки референдумдар, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр, ошолорго негиз берген президенттердин жардыктарынын баардыгы тең мыйзамсыз болуп калат дагы, убактылуу өкмөт автоматтык түрдө мыйзамдуу өкмөт болуп калмак дейт. Азыр ушул жагдайдан алып караганда кандай болот мындан аркы жашоо?

Адахан Мадумаров: - Бул ойдун да негизи бар, мыйзамдык талаага кириш керек. Анан жанагы парламент аркылуу убактылуу болобу, башка болобу өкмөтүн бекитиш керек биз менен эл аралык уюмдар сүйлөшүш үчүн. Булар төртөө келип эле ээлеп алат экен, эртең дагы төртөө чыгат биз ээлеп алабыз деп. Андай болбойт. Мыйзамдуу түрдө өткөрүш керек дагы, ошондо парламент баарын курап бүткөндөн кийин элдин алдына эрктүүлүк менен чөгөлөп кечирим сурап, ушул окуяларга биздин түздөн-түз катабыз бар деп биринчи кезекте «Ак жол» партиясы кечирим сурап туруп, курун мойнуна алып, өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл алышы керек. Мына ошондо мыйзамдуу жолго түшөбүз.

«Азаттык»: - Равшан мырза, мындай сунушту азыркы убактылуу өкмөт кабыл алууга жүйөө барбы?

Равшан Жээнбеков: - Мен ойлойм, азыркы өкмөт бул сунушту кабыл алалбайт. Себеби азыркы өкмөт алты ай деп өздөрүнүн бийлигин чектеген, бул туура нерсе. Алты айдын ичинде бүт бардык маселелерди чечип туруп, андан кийин мыйзамдуу бийликке бийликти өткөрүп беребиз деп. Биз ушуга макул болушубуз керек. Эгер чектебестен, эрежени буза турган болсо дагы бир айга, эки айга узарталы деп. Анда биз алардан башка нерселерди талап кылышка туура келет. Биз бул өкмөттү жакшы болсо дагы, жаман болсо дагы, албетте идеалдуу өкмөт болбойт, булардын дагы кемчилилиги бар. Бирок биздин келечегибиз үчүн, азыркы күндөгү стабилдүүлүк үчүн бул өкмөттү колдоп, кармап турушубуз керек.



«Азаттык»: - Бул референдумда кандай суроолор коюлат. Себеби Буга чейинки Акаевдин заманында деле, Бакиевдин заманында эле рефрендум болгондо бир нече суроолорду коюп алып, бир чечим кабыл алынып кетчү эле, өздөрүнө ылайыктуу маселелер чечилип калчу эле?

Равшан Жээнбеков: - Азыр талкуу боюнча референдумда эки гана суроо коюлат, биринчиси макул, экинчиси каршы. Бирок ага чейин жумушчу топтор келген сунуштардын баарын карап көрүп туруп, киргизилчү өзгөртүүлөрдү, алып салуучу нерселердин баарын карап, даяр Конституцияны гана коет. Эл же бар, же жок деп гана жооп берет. Ошондо биз элдин толук көз карашын жаңы кабыл алынып аткан Конституцияга билебиз.

«Азаттык»: - Биздин azattyk.kg деген сайтыбыз бар, аны жакшы билсеңиз керек. Ага окурмандар сунуш-пикирлерин дайыма айтып турушат. Алардын бири, сиз маек кургандан кийин мисалы Бишкектен Чубак Алмамбет мындай деп жазыптыр, «Адахан мырза, менде мындай сунуш бар, келиңиз, партия түзүп президенттикке ат салышыңыз, партиянын атын «Кыргыз-Ата», «Эне-Сай», же «Патриот» деп койсоңуз кантет» дейт. Президенттик шайлоого катышасызбы?

Адахан Мадумаров: - Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалда президенттик, же парламенттик шайлоо тууралуу сөз кылуунун өзү туура эмес. Себеби биринчи каналды мен көралбай калдым, эртеден кечке эле боздоп, сыздап атат. Дагы бир каналдар болсо кошокторду кошуп алып эле көзүнүн жашын куюлтуп ырдап атат. Ушул нерселердин астында шайлоо жөнүндө эмес, кээде бир чыны ысык чай ичкиң да келбейт. Баарын ордуна келтирели, конституциялык талаага кирели. Мына ошондон кийин сөз кылса болот.

«Азаттык»: - Сиз Акаевдин убагында бийликти сындаган жигердүү депутаттардын бири элеңиз, бирок 2005-жылдан кийин Бакиевдин бийлиги учурунда ушундай тездик менен түзүлгөн «Ак жол» партиясын баштап парламентке башчы болуп кеттиңиз, ошондон уламбы, биздин көрүүчүлөрдүн арасында да сизге көп суроо бар. Азыр Мейманбек Абдылдаев деген экономисттин сизге берген суроосун угуп алып, анан жообуңузду уксак.

Мейманбек Абдылдаев: - Качып кеткен президент К.Бакиевди бийликке алып келип, алып келгенде дагы регионалдык негизде уюшукандыкта алып келип, ал кишинин командасында беш жыл катары иштеп ушул абалга алып келгениңер үчүн моралдык жоопкерчилигиңизди сезесизби, же болбосо мындан ары дагы саясатта калууга моралдык жактан укугум бар деп эсептейсизби?

Адахан Мадумаров: - Азамат, өзүнүн пикирин айтты. Беш жылдан берки кандай кызматта иштегендердин бүт баары Кыргызстандан көчүп кетишти. Анын алдында 14 жыл Равшан иним кызматта иштеген, булардын да баары көчүп кетишти. Кеп Акаевдин атасынан калган бийликте эмес, Бакиевдин атасынан калган бийликте эмес. Ким кайсы жерде иштеген болсо, өз абийрине жараша кызматын, жумушун аткарды. Биз Казакстан, же Өзбекстан үчүн кызмат кылган жокпуз.

«Азаттык»: - Равшан мырза, Конституциянын долбоорунда парламент 105, же 120 депутаттан болот деп жатпайбы. Ал үчүн партиялык тизме менен келип президентти алсыздандыруу максаты алдыга коюлуп жатат. Эгер мунун баары партиялык тизме менен келе турган болсо, партияда жоктордун жана жергиликтүү бийликте жүргөн адамдардын укугу кандай болуп корголот. Эч бир партиянын программасы жакпаган, бирок депутат болгусу келген адамдын укугу кандай болот?

Равшан Жээнбеков: - Азыр чынында эле бүт бардык саясий турмун негизинен партия аркылуу болот. Бардык кадр маселелери, саясат, депутаттар партияга мүчө болсо депутат болуп келсе ошолор аркылуу жасала турган болот. Ал эми кандайдыр бир адамдын депутат болгусу келсе, өзүнүн саясий амбициясы боло турган болсо ал өзүнө жакан партияга кирет, эгер жакпаса өзүнүн партиясын түзгөнгө акысы бар. Өзүнүн көз карашына туура келген, өзү колдогон идеялар менен партия түзүп алдыга жылса болот. 130чу, 140чы болот. Негизгиси элдин колдоосуна ээ болсо болду да.

«Азаттык»: - Мындай болуп жатат да, азыр убактылуу өкмөткө кирген лидерлердин, саясий партияларынын гана ортосунда кармаш болот. Ошолордун монополисттик үстөмдүгү кийин бара-бара орнотулат, ошондуктан азыркы жасалып жаткан аракеттердин баардыгы ошого жол түзүп жатат деген дагы пикирлер коомдо көп болуп жатат. Ага негиз барбы?

Равшан Жээнбеков: - Мындай ойлор бар, бирок мен тескерисинче айтат элем, азыркы бийликте турган саясатчылар, партиялар алты айдан кийин толугу менен бийликти жоготушу мүмкүн. Анткени оппозицияда туруп бийликти сындаган бул бир. Ал эми бийликке келип, социалдык-экономикалык жана саясий проблемаларды чечүү бул башка маселе. Менин көз карашымда, келечекте «Ата Мекен», Социал-демократтардын, «Ак шумкар» партияларынын дагы рейтинги бир топ начарлайт. Бул объективдүү нерсе. Бийликке келгенден кийин элдин үмүтүн, элдин кыйынчылыктарын бул партиялар жана лидерлер толугу менен чече албайт. Ошондуктан жаңы партиялардын, жаны лидерлердин пайда болушуна азыр аябай чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

«Азаттык»: - Адахан мырза, сиз айтсаңыз, Конституциянын жаңы долбоорунан президенттин кол тийбестик макамы алынганы жатат. Мындай жобо президенттин жоопкерчилигин жогорулатат деген ишеним барбы?

Адахан Мадумаров: - Кыргыз өзү негизи эч кандай кол тийбестиги жок эле аксакалын аксакалдай, байбичесин байбичедей сыйлап келген элбиз. Анан кол тийбестикке жамынып алып арам иштерин жасай турган болсо ал пенденин жаазсынан кутулушу мүмкүн, Кудайдын жазасынан кутула албайт.

Равшан Жээнбеков: - Эгерде биз биздин мамлекетибиздин башынан кеткен эки президентибизди карай турган болсок, аларга карата факт түрүндө иммунитеттер иштеген жок. Юридикалык түрдө алардын иммунитеттери бар. Бирок факт түрүндө алар Кыргызстанга келе турган болсо бүгүнкү күндө иммунитеттери иштебейт. Ошондуктан бул институт аларга эч кандай кепилдик бералбайт. Себеби экс-президент деген статусу жок. Статус болгон күндө дагы эч ким кепилдик бералбайт, эл келип туруп тытып таштайт алардын бардыгын. Бул алардын баардыгынын иммунитеттери иштебейт деген сөз. Иммунитетти ишетете турган бул бир гана айланып келип эле мен жанатан бери чырылдап айтып аткан эркиндикке келип такалат. Бул демократиялык мамлекет. Эгерде биз ушул маселелерди туу тута турган болсок, иштей турган мыйзамдар иштеп, иштебей турган мыйзамдар иштебей калат. Мына бул эң маанилүү нерселердин бири бизде.

«Азаттык»: - Равшан мырза, президент болобу, параламент болобу, өкмөттүн башчысы болобу, же анын мүчөлөрү болобу, Конституцияга карама-каршы иш жасай турган болсо ошону тескеп, ушундан чыгып кетти леп көзөмөл сала турган Конституциялык сот болчу. Эмне үчүн бул жаңы долбоордон Конституциялык сот жөнүндөгү жобо алынып жатат. Кандай себеп?

Равшан Жээнбеков: - Жалпысынан бул ойго мен дагы кошулалбайм. Бизде Конституциялык сот калышы керек болчу. Себеби маселе Конституциялык сотто эмес, маселе ошол Конституциялык сотту бузган биринчи мамлекет башчысы жана анын үй-бүлөсүндө. Экинчиси, ошол жерде кичинекей өзүнүн көз карашын коргой албаган, өзүнүн адилеттүү сөзүн айталбаган Конституциялык соттун башчыларында, мурдагы Баековага окшогон, Сыдыковага окшогон принципсиз, өздөрүнүн бүгүнкү кызыкчылыгын гана коргогон адамдарда.

Адахан Мадумаров: - Принциптүү кишини ал жерге шайлабайт да. Өзүнүн пикири, көз карашы бар, аксакал мындай болбойт деген азаматтардын бүт баары чабылып жок болот да. Парламенттик башкаруу болсун, президенттик башкаруу болсун парламенттин төрагасына жакпай калсаң сен деле кетесиң. Ошондуктан кеп инсанда.

«Азаттык»: - Адахан мырза экс-спикер катары сөздү уласаңыз. Азыр убактылуу өкмөт демократияга кайтуу деген программаны даярдап жатат. Ал ишке ашат деген ишеним барбы? Себеби Кыргызстанда буга чейин көптөгөн кооз программалар, концепциялар кабыл алынган. Бирок алардын баары кагаз жүзүндө калган?

Адахан Мадумаров: - Мен өтө терең байкадым демократияга кандай кайтып атышканын. Менин интервьюмду бир гезит баса койгон экен, башкы редакторуна Каныбек Иманалиев деген азамат барып айтыптыр, "кызматыңды бошот, биздин жетекчилер сага нааразы болуп атат, эмне үчүн Мадумаровдун интервьюсун басасың", - деп.

«Азаттык»: - Кайсы гезит экен?

Адахан Мадумаров: - «Кыргыз туусу».

«Азаттык»: - Равшан мырза, ар бир коомдо сөзсүз түрдө оппозиция болуш керек. Оппозиция болбосо өнүгүү болбойт. Азыркы бийлик оппозицияга кандай мамиледе болуш керек деген ойдосуз?

Равшан Жээнбеков: - Демократия бул оппозиция турганда Бакиевден гана талап кыла турган нерсе эмес. Демократия оппозиция бийликке келгенден кийин дагы аткара турган нерсе. Ошон үчүн мен айтаар элем, Адахан мырзанын айтканы туура, эгерде азыркы бийликтин кайсы бир өкүлдөрү ММКларга келип алып туруп тигинин көз карашын бас, мунукун баспа деп айта турган болсо биздин ошол жерде иштеген адамдарыбыз, журналистерибиз айтканга кичине мүнөзү болуп, аларга тескери жооп бергенге үйрөнүшү керек. Кимде-ким ошондой буйрук бере турган болсо, биз ошону коомго алып чыгып туруп, коомдун алдында коомдук жазалоого дуушар кылышыбыз керек. Бул туура эмес нерсе.

«Азаттык»: - Адахан мырза, жогоруда «Азаттыкка» өз ойлорун айтып кеткен адамдар көп болуп жатат деп айтпадыкпы. Мына ошондой адамдардын бири Жети-Өгүз районунда мектеп мугалими экен, атайын «Азаттыкка» пикирин айтайын деп келиптир. Азыр ошол кишинин суроосун угуп алып анан сиздин жообуңузду алсак.

- Мен Жети-Өгүз районунда мугалим болуп эмгектенем. Мен атайын ушул кырдаалга карата Бишкекке келдим. Сизге менин бере турган суроом, мурда спикер болуп турган кезде Мадумаров сиз Каркыра жайлоосу боюнча кол коюп бергениңиз үчүн азыр өкүнбөйсүзбү?

Адахан Мадумаров: - Каркыраны бергенде деп, улам-улам гезиттен акырын башын чыгарып коюп, тыйын-тыпырын төлөтө коюп буюртма берип жүргөн азаматтарды билем. Каркыра маселеси 2001-2002-жылы эле чечилген бул. Биз чыркырап, Үзөңгү-Кууш кетти дегенде, ошолор жазып аткан бизге. Силер өзүңөрдүн жериңерди эмне кыла бергиле, биздин жерибиз менен эмне жумушуңар бар деп. Ошол азаматтар чыккан. Үзөңгү-Кууш кетпесин деп отурганда, бүгүн мен элге-жерге күйүп кеттим деген азамат Аскар Акаев менен кирип отуруп алып, акырын мен унчукпай эле койоюн, бирок кворум түзүп берейин деген азаматтарыбыз да бар. Тарых эч качан кечирбейт. Менин абийрим таза.

«Азаттык»: - Ошол азматтын атын ачык айта аласызбы?

Адахан Мадумаров: - Жок, менин маданиятым бар. Мына Акаев 14 жыл турду, айткандын баарын айтты, кызматтан кеттиби, ал киши жөнүндө бир ооз сөз айткан жокмун. Бакиевдин кабинетине кирип, баласы боюнча кызыл чеке болуп согушканга чейин барып кызматымды таштап кеттим. Кеттиби, мен артынан сөз айтпайм. Азыркыга чейин архивде баары сакталуу. Эгер Мадумаровду актоочу кадр экен муну көрсөтпөйсүңөр десе, көрсөтпөй каласыңар. Жок, ушуну тарых үчүн адилет үчүн көрсөтүп койсун десе, көрсөтүп калаар.

«Азаттык»: - Парламенттик жана президенттик шайлоодо утулуп, өкүнүп калбас үчүн кыргыз элинин кандай милдеттер турат?

Адахан Мадумаров: - Эгер биз абийрибизге жараша жумуш иштей турган болсок, ошого жараша түшүмүн көрөбүз. Эгерде баягы эле "кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет" болуп кеткен болсок, кайра эле дайыныбызды таппай калабыз. Мен элибизге Кудайдан ыйман, ынсапты тилейм, жаштарыбызга айрыкча. Абдан жанагыдай жактарга тез эле жана кызуулук менен кеткенге көнүп алдык, карыларыбыз адилет сөзүн айта албай калышты. Мен айтпадымбы, жамбаш, баш, уча алганда гана аксакал болбосо, калган учурда болсо акскалдык калыс сөзүн айта албай калды, аларды дагы бийлик ушул жолго алып келди. Жоопкерчиликти бирдей сезишибиз керек.

Равшан Жээнбеков: - Элге жана убактылуу өкмөткө деп экиге бөлөр элем. Элибиздин алдында бүгүнкү жана келечекте өтө маанилүү нерсе турат. Анткени биздин элибиз эркиндикти сүйгөн мүнөзүн көрсөтүп, экинчи жолу тарыхыбызда өзүнө жакшынакай мүмкүнчүлүк жасап атат. Жакшы мамлекетти куруу, жакшы келечекти, улутту куруу бул - элдин өзүнүн колунда. Ошондуктан жакшы келечекти, мамлекетти куруудагы эң маанилүү маселе бул - эркиндик үчүн күрөшүү. Эркиндик бул элдин өзүнүн колунда. Эркиндик бул сөз эркиндиги, чогулуш эркиндиги жана мамлекеттеги саясаттагы жана экономикадагы атаандаштык. Биздин элибиздин алдындагы эң маанилүү маселе ушул. Ал эми убактылуу өкмөттүн алдында бүгүнкү күндө биздин элибиз талап кылып аткан коопсуздук маселеси тез аранын ичинде чечилиш керек, социалдык-экономикалык маселелер азыркы кыска шарттардагы, жана үчүнчүсү, ким жүз баланы атууга буйрук берди, ким аткарды, ушуну алып чыгып туруп элдин алдында жазалашыбыз керек. Мына үч кыска мөөнөттөгү маселе бар жана стратегиялык максатта биз Конституцияны кабыл алып, биздин элибиз талап кылып аткан эркиндикти өкмөт камсыз кылыш керек.

"Азаттык": - Рахмат сиздерге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG