Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Ыңкылап каармандары эскерилди


Ыңкылап каармандарына эстелик ачылды
Ыңкылап каармандарына эстелик ачылды

17-майда Бишкекте 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өттү. Митинг-реквиемде шейит кеткендерге куран окутулуп, алардын элесине арналган эстеликтин ачылышы болду.

Гүлжан Таштакееванын иниси Эмилбек Айылчиев 7-апрелде Ак үйдүн алдында окко учкан. Гүлжан ата-энесин ээрчитип дүйнө салган инисин эскерүү үчүн митинг-реквиемге келди:

-Инимдин жубайы, эки жашар кызы калды артында. Кызы “атам келет” деп, анын сүрөтүнө кашык менен тамак берип атат. Эмил, сени дайым эстеп жүрөбүз, күчүгүм. Булар Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жан берди. Баатырларын кыргыз эли унутпашы керек.

“Медиа-форум” имаратынан алдында Убактылуу өкмөт уюштурган митинг-реквиемге Гүлжан өңдүү апрель окуяларында жакындарынан айрылган замандаштар, Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү жана курман болгондорду эскерүүгө келген жарандар чогулган. Байкоочулардын пикиринде, иш-чарага баш-аягы төрт миңден сегиз миңге чейин адам келген. Митинг-реквием курман болгон азаматтардын арбагына багышталган куран окуу менен башталды.

Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев жана башка Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү апрель окуяларында көз жумган баатырлардын элесине арналып тургузулган эстеликти ачты. Чогулгандардын алдында сөз сүйлөгөн Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева учурдагы бийликтин атынан таза, ачык иштөөгө убада берди:

- Кыргыз эли мурдагы кылмышкер бийликке каршы жапырт көтөрүлүп, жамгырдай жааган окко карабай эркиндик үчүн чыкканына туура 41 күн болду. Убактылуу өкмөт болсо алты ай ичинде таза, акыйкат иштөөгө, өлкөдө туруктуулук орнотууга сиздердин алдыңыздарда убада берет.

Мындан соң Убактылуу өкмөттүн өкүлү Алмазбек Атамбаев сөз алып, мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын жакындары сөзсүз түрдө Кыргызстанга алынып келине турганын айтты:

-Лукашенконун артына жашынабы же башка жакка кетеби, баары бир ар бирин алып келебиз, ар бири жазага тартылат. Мына азыр дагы Убактылуу өкмөттү колдойм деп коюп бирок чагым жасап, кайра-кайра чатак чыгарып, туруктуулукту бузуп аткандар бир топ. Алардын аракеттерине жол берилбейт. Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү элге кул болуп иштеп беребиз.

А.Атамбаев апрель окуяларында каза болгон маркумдарды эскерип, токтоно албай ыйлап жиберди:

- Мага балдар айтышты. Жетисинде ок жеген бир бала үзүлүп бара жатып ошол жердеги элди артка кайтпоого, качпоого чакырып жан бериптир... Мен дагы айткым келет, кыргыздар кыйынчылыктардан коркпойт. Эч ким тизелете албайт бизди. Жашасын Кыргызстан!

Иш-чарада биримдүүлүк, сабырдуулук тууралуу көп айтылды. Төкмө акындар дагы элди ынтымакка чакырып ырдашты:

-Мамлекеттүүлүк бактысын калбайлы калкым учуруп,
Муну айтып жаткан себебим:
Түндүк-түштүк деп экиге бөлүнбөйлү дегеним.
Мына беш манжа турат беш бөлөк
Беттесе душман чыр кылат.
Жалгыздап турса күчү жок
Жандаса зөөкүр тындырат

Митинг-реквиемге келген жаш саясатчы Болот Абдыжапаров ушул өңдүү иш-чаралар жарандардын патриоттуулук сезимдерин ойготконго түрткү болоорун айтат:

-Ушундай иш-чаралар жүрөгүбүздүн түпкүрүндө жаткан патриоттулук, ар-намыс сыяктуу сезимдерди ойготууга, өлкө үчүн иштөөгө түрткү болот деп ойлойм. Ушл жерде айтылып аткан сөздөр, ырлар, ураандар дагы деле болсо уктап жаткан жарандарга көзүн ачууга өбөлгө түзөт.

Митинг-реквиемдин соңунда Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү таза, так иштөөгө, 7-апрелде каза болгон азаматтарды унутпоого ант беришти.


Апрель каармандарына эстелик орнотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:04 0:00

XS
SM
MD
LG