Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

"Азаттыктын" түз ободогу талкуусунда Жалал-Абаддагы кырдаал, аны жөнгө салуу үчүн кандай чараларды көрүү керектиги жана Убактылуу өкмөт тарабынан 18-майдын кечинде кабыл алынган чечимдер талкууга алынды.

Ага “Эл арманы” партиясынын лидери Мирослав Ниязов, “Туран” партиясынын башчысы Тайырбек Сарпашев жана Акыйкатчы Турсунбек Акун катышты.

Убактылуу өкмөт 18-майдагы жыйынында Конституциялык кеңешме иштеп чыккан баш мыйзамдын долбоорун жактырган. Ошондой эле бул долбоорду жана аны менен кошо 27-июндагы референдумга Роза Отунбаевага президенттин милдетин аткаруучу катары ишеним көрсөтөсүзбү? - деген маселени коюну жакташкан.

Бул арада Жалал-Абадда баш-аламандыктар орун алып, эки киши каза таап, ондогон кишилер жаракат алганы белгилүү. (Бул маселелер "Азаттыктын" 19-майдагы кечки (18.00 -19.00) берүүсүндө түз ободо талкууга алынды.)

Жалал-Абаддагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн кандай чаралар көрүлүш керек?

«Азаттык»: -
Жалал-Абаддагы кырдаалды жөнгөрүү үчүн кандай чаралар көрүлүш керек. Мирослав мырза, сизде кандай пикир бар?

Мирослав Ниязов: - Мен көп жолу айткам, Убактылуу бийлик келгенден бери 7-апрелден баштап эң биринчи максат - бул мамлекеттик коопсуздукту бекемдеш керек. Туура, ар бир революциядан кийин мындай акыбал болот. Ошон үчүн эң биринчи мыйзамдуулукка кирип, саясаттык стабилдүүлүктү киргизиш керек эле. Тилекке каршы Убактылуу бийлик эң биринчи Конституциядан баштады. Конституция бүгүнкү кырдаалда эч кимге кереги жок, Убактылуу бийликке керек болбосо, жалпы элге кереги деле жок. Ошол себептен мен айтат элем, Жалал-Абадда болгон өтө оор окуя бул дагы Убактылуу бийликтин кемчилиги деп ачык айтып коюш керек.

Тайырбек Сарпашев: - 7-апрелден берки болуп аткан окуяларда революциялык күчтөр кайра-кайра ар тараптан, бир туруп өзүнүн айланасында топтолгон адамдар бир акырдан жем жеген адамдарды топтоп, бир жолу аракет жасап көрдү. Андан майнап чыккан жок. Кыргыздар менен өзбектердин ортосунда боло турган чыр-чатакты чыгаруу боюнча маалыматты мен мындан бир ай мурда эле уккам. Бакиевчилердин айланасындагы топтордун чыр чыгарганга камданып жүргөнү боюнча маалымат жалгыз эле менде болбосо керек. Булар дагы пландаштырып Ала-Букада, Ошто, Жалал-Абадда бир эле мезгилде уюшулганында менде шек саноо бар.

Эми аны кантип басуу керек. Албетте бул жерде биринчиден, мындай бийлик алмашкан убакта ар канда саясий топтор пайда болуп, ар бири өзүнүн кызыкчылыгын пайдаланганга аракет кылышат. Биринчиден, бүгүнкү күндө акыл токтотуш керек. Элибиздин ичинде эки элдин ортосундагы чыр-чатактарды басыш үчүн чакырыктарды айтышыбыз керек. Кандай чара көрүү тууралуу Убактылуу өкмөт бүгүн жыйын өткөрүп атат деп уктум азыр, ал жерде ушул маселени талкуулап атат. Ал жерде Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Исмаил Исаков ошол жерден тактап, жагдайга жараша чечим кабыл алуусу күтүлүп атат. Ал чечимди сиз дагы, биз да күтүп атабыз. Эң башкысы ушунун артында кимдер турганын, уюштуруучуларды сөзсүз түрдө кармап, аларды жазалаш керек. Сөзсүз түрдө бирөөлөр аркылуу уюштурулуп атат.
Жалал-Абаддагы 19-майдагы тополоң.

«Азаттык»: - Сиз айттыңыз, бул окуялар уюштурулган, Бакиевдер уюштуруп жаткан деп. Андай десек, мына ошол эле Кадыржан Батыровдун кишилери Тейит айылына барып өрттөөлөргө катышып, кырдаалды козутууга салым кошуп жатканы айтылып жатат. Аны бакиевчилерге каршы колдогон айрым Убактылуу өкмөттөгү күчтөр дагы колдогону айтылып жатат. Бул көрүнүп жаткан фактыларга кандай дейсиз?

Тайырбек Сарпашев: - Бул ар кандай провокацияларды жасаганда анын үстүнөн комсетикалык оңдоп-түзөөлөрдү жасап коюп, оңой эле элди адаштырып башка изге салганга аракет кылат. Бирок мен дагы бир жолу айтып атам, мындан бир ай мурда өзбек менен кыргыздын ортосундагы чырды эптеп чыгарып, түштүктө да дестабилизация кыла турган, жаңы келген бийликти дискридитация кыла турган күчтөр ушуну пландаштырганын мен да уккам, менден башка дагы бир топ адамдар угушкан. Ошондуктан бул пландаштырылган эле чаралардын бири деп ойлойм.

Мирослав Ниязов: - Мындай маалымат бар болсо Убактылуу бийликте, анда ошол замат толугу менен чара көрүш керек эле ушул чаң тополоңду токтотушка. Уккан бир жөн, бирок иш түрүндө эмне кылыш керек эле, ошону эң алдынан баштап жасаш керек эле Убактылуу бийлик. Мына бүгүн маалыматтары бар деп, бирок эч кандай чара көрбөгөндөн кийин мына чатака бүт баары айланып кетти. Эми муну жалаң күч структуралары менен токтото албайбыз. Анткени күч структуралары демарализация болуп жатышат башын көтөрө албайт. Эмне керек буга? Эки тараптан аксакаларды, жаштарды чогултуп, кандайдыр бир аракеттерди көрүш керек. Бир элбиз. Бир мамлекеттин жарандарыбыз. Ушуну ортодо провокация жасап аткан адамдарды четке кагып, анан өзүлөрү келечегин ойлонуш керек. Кыргызстандын эли акылдуу. Ошон үчүн биримдикке чакырыш керек. Албетте ага кошумча күчтөрдү дагы пайдаланыш керек.

“Азаттык”: - Турсунбек мырза, Жалал-Абаддагы акыбалды турукташтыруу боюнча кандай сунуштарыңыз бар?

Турсунбек Акун: - Мен сунуштан мурун айтып коеюн, азыр 46 адам облустук ооруканада жараат менен жатат, 16 адам Сузак райондук оорканасында жатат, 3 адам өлдү. Азыр 2-3 миңдей адам Сузак РОВДсын курчап алып турушат ошол жерде. Эртең менен 7-8 миң адам "Телтору" атмайданына барып чыгышкан, алар өзбек улутуна каршы эмес, К.Батыровдун акыркы убактарда телеге чыгып, кыргыз элинин аброюна шек келтирген бир топ сөздөрдү айткандыктан, чыгып жооп берсин, болбосо 48 сааттын ичинде камагыла деп талап кылышкан. Бирок ошондо губернатор Бектур Асанов элдин алдына чыгып койгондо бул иштер болмок эмес. Чыккан эмес ал элдин алдына. Облустук администрацияга барса ал жактан да чыккан эмес. Анан алар университетке барышып, ал жактан жаракат алышкан. Азыр эми 3 сааттан бери бир дагы Убактылуу өкмөттүн да, башкалардын да өкүлү жок. Кыргыздардын баары облустук администарциянын алдында турушат. И.Исаков ушул убакытка чейин келелек.

“Азаттык”: -Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен Исмаил Исаков жана ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бакыт Алымбеков Жалал-Абадка жөнөп кетишти. Башка өкмөт мүчөлөрү да барыш керек деген пикирлер айтылууда. Бул жардам береби Турсунбек мырза?

Турсунбек Акун: - Бул жерге элге аты чыккан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү барбаса болбойт. Жалгыз И.Исаков менен Б.Алымбеков ал жерде жетишпейт. Ал жерде адамдардын өлүмү, жарадарлар болуп атат. Өзбек аксакалдары менен кыргыз аксакалдары чогулуп сүйлөшүп, элди тынчытпаса бул чоң чырга айланып кетиши мүмкүн.

Тайырбек Сарпашев: - Албетте, бул чырды элдик дипломатия жолу менен, кайрылуу жолу менен басыш керек. Бул жерден бир топ өкмөт мүчөлөрү да барыш керек. Жалаң гана күч менен басууга болбойт бул маселени. Анда өрт ого бетер күчөшү мүмкүн. Убактылуу өкмөт да өзүнүн шашылыш жыйынын өткөрүп атат деп уктум азыр. Бул жерге Жалал-Абад, Ош, Чүйдүн таасирдүү аксакалдары барып, бул эки элдин ортосундагы чатакты басыш керек.

“Азаттык”: - Тарыхка кайрылсак, ушундай опуртал учурда, белгилүү болгондой 1990-жылдары Ошко СССРдин күчтөрү киргизилген эле, мүмкүн Кыргызстан коменданттык саат киргизсе өзүнүн күчү жетеби, же мүмкүн сырттан жардам сурап, азыртан чара көрүш керекпи?

Мирослав Ниязов: - Мындай учурда коменданттык саат, өзгөчө бал киргизиш керек. Аны парламент аркылуу өткөрүш керек. Бул шарттар жок. Анткени Убактылуу бийлик бүт баарын таратып жиберген. Эми коменданттык саат киргизебиз деген күнү дагы, ага күч керек да. Чынын айтканда мындай күчтөр жок. Ошон үчүн бүгүнкү акыбал элдин ортосунда аксакалдар болобу, жаштар болобу акылды ортого салып, кеңешип, акырындык жол менен оор кырдаалдан чыгып кетиш керек.

Тайырбек Сарпашев: - Сырттан күч чакыруунун кереги жок деп эсептейм, кесе айткым келет. Себеби айрым маалыматтарга караганда, сыркы айрым күчтөр дагы буга кызыкдар болуп жүргөндөр бар. Эгерде сырттан жардам сурасак, мындан кийинки келечекке, кыргыздар өз алдынча боло албайт экен деген шек кетиши мүмкүн. Мен үмүттөнөм, ишенем, кыргыз эли, анын ичинде өзбек улуту болобу, Кыргызстандын жарандары акылыбыз жетет муну токтотконго. Дагы бир жолу кайталайм, жалаң гана сүйлөшүү жолу менен, элдик дипломатия жолу менен чечкенге аракет кылыш керек.

Турсунбек Акун: - Азыр өзгөчө абалдын эч кандай зарылчылыгы жок, башка мамлекеттин жардамынын кереги жок бизге. Азыр И.Исаков, же башка өкмөт мүчөлөрү угуп атса, И.Исаков кайсы жерде болсо дагы Жалал-Абадка тез келиш керек, бул жактан өкмөттүн башка мүчөлөрү барганча. Башка дагы көрүнүктүү саясий лидерлер, өкмөттүн мүчөлөрү барыш керек ал жерге. Жеринде өрттү баспаса болбойт. Бул өтө маанилүү нерсе.

Роза Отунбаева президент катары референдумда бекилиши менен легитимдүүлүк маселеси чечилеби?

“Азаттык”: - Роза Отунбаеванын президент катары референдумда бекилиши менен легитимдүүлүк маселеси чечилеби, Мирослав мырза?

Мирослав Ниязов: - Бүгүнкү кырдаалда, күндөн күнгө оорлоп аткан учурда бир дагы Убактылуу өкмөттүн демилгеси өтө албайт. Менин көзүм жетпей атат референдум өткөнүнө. Саясий стабилдүүлүктү алып кирбесек бир дагы демилге өтпойт. Мен аны биротоло айтып коюшум керек.

“Азаттык”: - Саясий стабилдүүлүк үчүн сиз легитимдүүлүк деп жатасыз. Легитимдүүлүк референдум аркылуу гана азыр мүмкүн болуп жатат да, же тез арада шайлоо өткөрүш керекпи?

Тайырбек Сарпашев: -
Негизи барыбыз билебиз, бийликтин бир гана булагы бул эл болот, эл аныктайт, эл тактайт. 27-июнда рефрендум менен кошо жанагы суроонун коюлуп атканы легитимдештиргенге өзүнүн өбөлгөсүн, шарттарын түзүп берет. Буга тарыхый окуялар түртүп атат. Бул күн мурунтан ойлонулбаган, буга чейин тарыхта болуп көрбөгөн окуя болуп кетти, элдин көтөрүлүшү. Эми ушул шарттан чыгыш үчүн албетте элге кайрылып атат кайра. Ушундай кылып биздин жоопкерчиликти убактылуу алты айга чейин мойнуна алган Убактылуу өкмөт элге кайрылып атат, жаңы Конституцияны кабыл алалы, Конституцияны кабыл алгандан кийин, таанышып чыктыныздар, негизги бийлик парламентте болот жана өкмөттө болот. Президенттин 90 пайыз бийлигин алып таштаганбыз жакынкы талкууда. Аны Убактылуу өкмөт бекитти. Демек негизги бийлик октябрь айында шайлоодон кийин келет. Ага чейин албетте эл тарабынан кандайдыр бир колдоо алган, легитимдештирилген убактылуу президентке биз муктаж болуп жатабыз. Ошол боюнча элге кайрылып атат. Муну эл чечет.

“Азаттык”: - Мирослав мырза, ушул маселе коюлушу менен бизде легитимдүүлүк маселеси чечилеби?

Мирослав Ниязов: - Чечилбейт. Эмне себептен? Легитимдүү дейт бир жагынан, бул легитимдүү боло албайт. Анткени легитимсиз жол менен келген. Дагы кайталап кетейин, мейли ошол референдум өткөн күнгү дагы бүгүнкү Убактылуу бийликтин ичинде биримдик жок. Ал оркоюп эле көрүнүп турат. Биримдиги жок болгон бийликтин келечеги деле жок. Түз айтышыбыз керек, мындай сыйлап сүйлөгөн жарашпайт элибизге, чындыгын, ачыгын сүйлөшүшүбүз керек. Мына кеч болуп калды, кеч болуп баратат. Акырындык менен, бүгүн толугу менен Убактылуу бийлик күч аракеттеринин баарын Конституцияга эмес, мамлекетте коопсуздукту бекемдөөгө жумшаш керек.

“Азаттык”: - Биримдик жөнүндө айтып калдыңыз Мирослав мырза, чындыгында эле убактылуу өкмөттүн ичинде дагы Конституциянын долбоору боюнча эки ача пикир кеткени бизге маалым. Ал жерде бир жагынан көпчүлүк добуш менен Конституциялык кеңешменин даярдаган долбоору жактырылды. Бирок ошол эле кезде башка пикир дагы айтылды. Маселен, И.Исаков өзүнүн долбоорун акыр-аягына чейин коргоп, президенттик башкарууну жактап чыкты. Эми референдумга альтернативдүү башка долбоор дагы коюлуш керек деген маселелер айтылып жатат. Сиз буга кандай дейсиз?

Мирослав Ниязов: - Туура, бир эле Конституция менен чыккан бул күчкө салган дейт. Андан кийин шайлоого катышкандарды 25-30 пайыз дейби, ошолордун ичинен 15-16 пайыз макулдугун берсе, анда 15 пайыз эл менен биз Конституцияны алып калабыз. Бул негизи эл аралык уюмдардын арасында күлкүлүү нерсе болуп калып атат. Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабаган эл болуп атабыз. Айрым күчтөргө таянып эле ошону өткөрүп беребиз деп.

Тайырбек Сарапашев: - Мен сиздерге да, өзүмө да суроо берип көрөйүнчү. Анда кандай кылыш керек эле?

Мирослав Ниязов: - Эң башында легитимдүүлүккө кириш керек эле. Жаманбы, жакшыбы парламентти, жаманбы жакшыбы Конституциялык сотту калтырыш керек эле. Ошол жол менен легитимдүүлүктү алып, андан кийин ишти жүргүзсө болмок эле.

Тайырбек Сарпашев: - Мен айтайыгн дегеним, ушул суроого өзүм дагы жооп тапканга аракет кылайын. Элдин ишенимине такыр ээ болбогон 2007-жылы шайлоо учурунда эле, шайоого баарыбыз катышканбыз, Мирослав байке сиз да, мен да катышкам, болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуу менен, басым менен өткөн “Ак жолго” легитимдештиргенден көрө, элдин тобу менен 15-20 жыл бою ушул режим менен күрөшкөн адамдардын лидерлеринин аркасынан ээрчиген элдин легитимдүүлүгүн мен басымдуурак деп эсептейм.

“Азаттык”: - Тайырбек мырза, Конституция боюнча альтернативдик долбоор болуш керекпи, же болбош керекпи?

Тайырбек Сарапашев: - Бул жерде 14 адамдын баары тең эле бир чечимди жасаш керек деген боюнча эч нерсе жазылган эмес. Тарых саясий лидерлерди түрттү. Ошолор режим менен күрөштү. Иш бүткөндөн кийин кашык салгандар көп болот. Бирок ошол адамдар өлүмдөн да коркпостон, эч нерседен коркполстон күрөшкө даяр болуп күрөштү. Ошол күрөштү жеңгенден кийин, 14 адамдын баары тең бир чечимге келет деген ойдон алыс болуш керек. Бирок көпчүлүк бөлүгү парламенттик өлкөнү кабыл алалы, парламентти көздөй кетели, бизде парламент башкарсын, жеке адамдын 20 жылдан бери бакшарганы жетет бизге деген көпчүлүк добуш менен кабыл алынса, демек И. Исаков менен дагы бир-экөө азчылыкта калышы мүмкүн. Бул коллегиялдуу орган болду да.

"Азаттык": - Рахмат сиздерге.


Талкууну Айданбек Акмат уулу уюштурду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG