Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Айрым "акжолчу" депутаттар өлкөнүн туруктуулугу үчүн парламент өзүн-өзү таратсын деген демилге көтөрүп чыгышты. Убактылуу өкмөт биринчи декрети менен эле Жогорку Кеңешти тараткан болчу.

“Ак жол” фракциясынын депутаттары Жолдошбек Жакыпов, Гүлмира Базаркулова, Табылды Орозалиев, Жангороз Каниметов парламент депутаттарын өзүн-өзү таркатууга чакырган кайрылуусун мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев маалымат жыйынында билдирип, анын себебине токтолду:

- Биз буга чейин өлкөдө кандайдыр бир мыйзамдык талаа керек болуп калабы, Жогорку Кеңештин жардамы керек болуп калабы деп турганбыз. Азыр деле ар кимиси өз алдынча арыздарын жазып, “Ак жол” партиясынын катарынан чыгып, депутаттык мандаттарын таштап жатышат. Биз, депутаттар, чогулуп эле “Мына, биз кетелик, өлкөнүн биримдигин, элдин ынтымагын карайлык” деп айталык деген демилге көтөрүп жатабыз. Анан эл арасында түшүнбөстүктөр пайда болуп жатат. “Депутаттар эмне үчүн унчукпайт, силерди деле эл шайлаган”,- деген пикирлер бар. Мына ушундай кайчы-пикирлер жаралбасын үчүн депутаттар өзүбүздү өзүбүз таратышыбыз зарыл.
Өлкөдө кош бийлик орношунун алдын алып, будуң-чаң болбосун деп, депутаттарды жыйынга катышпоого чакырдык.
Н. Молдобаев.

Нарынбек Молдобаев белгилегендей, 19-апрелде Жогорку Кеңештин “Ак жол” менен Коммунисттер фракциясынын депутаттары чакырган кезексиз жыйынга 25 депутат катышуудан баш тартып, жыйынды уюштуруучуларды өлкөдөгү кырдаалды курчутпоого үндөшкөн.

- Бизге айтып атышты, 40 депутат чогулдук. "Келгиле катышкыла. парламентти жандандыралы, сессияны баштайлык” дешти. Бирок, биз, 25 депутат сессияны өткөрүүгө аягына чейин каршы турдук. Анткени кворум болуп, сессия өтсө спикер болуп Искак Масалиев шайланмак. Премьер-министр болуп дагы бирөө шайланмак, кош бийлик орномок. Анан анын арты чаң-тополоң, атуулдук согуш менен бүтмөк. Биз ошонун алдын алып, депутаттарды ошол сессияны өткөрбөөгө чакырдык.

7-апрелдеги ыңкылаптан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт биринчи декрети менен эле Жогорку Кеңешти тараткан болчу. Ага карабай 19-апрелде парламенттеги "Ак жол" жана Коммунисттер фракцияларынын 30 депутаты 19 депутаттын ишеним каты менен Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын “Ак кеме” мейманканасында өткөрүп, төрагалыкка Искак Масалиевди шайлашып, Убактылуу өкмөттү тааныган чечимин чыгарып, өздөрүн легитимдүү бийлик органы деп табышкан.

12-майда Бишкектеги, 14-майда Жалал-Абаддагы окуяларга тиешеси бар делип шектелип коммунисттердин башчысы Искак Масалиев камалгандан кийин “Ак жол” партиясынын айрым мүчөлөрү партиянын катарынан чыгып, депутаттык мандаттарын таштаганын жарыялашты.

Саясат таануучу Марс Сариев “Ак жол” фракциясынын парламентти таратуу демилгесинин деле кажети жоктугун, Убактылуу өкмөттүн биринчи декрети менен президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш таратылгандан кийин парламенттин деле таасири жок экендигин белгиледи.

Анын пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгүн түзгөн “Ак жол” фракциясынын эл үчүн эмес бийликке, бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген иштери үчүн аларды жөн эле таратып жибербей, жоопкерчиликке тартуу керек.

- “Ак жол” партиясы өздөрүн Элдик партия дегени менен караламан калктын кызыкчылыгын колдобой, бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып ишенимден кетти. Чынында парламенттеги “Ак жол” фракциясынын күнөөсү чоң. Мындай партияны жоопко тартыш керек. Эгерде алар жоопко тартылбаса, “Ак жол” сыяктуу башка партиялар чыга берет.
Эгерде “Ак жол” фракциясы мамлекетке жок дегенде он пайыз салымын кошсо, анда 6-7-апрелдеги кан төгүүлөр болбой калат эле. Алар мыйзамдардын көпчүлүгүн элге каршы чыгарган.
А. Сасыкбаева

Ал эми “Интербилим” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева дагы “Ак жол” фракциясынын депутаттарынын парламентти таркатуу демилгеси негизсиз экендигин айтып, Убактылуу өкмөттүн парламентти таркатуу тууралуу декретинен кийин эле депутаттар автоматтуу түрдө кызматынан четтетилгенин белгиледи.

А.Сасыкбаева мурдагы “Алга Кыргызстандын” мүчөлөрүнөн куралган “Ак жол” менен Коммунисттер партиясы 2007-жылы декабрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо, элдин добушун көз көрүнө уурдап, бурмалоо жолу менен парламентке келгенине карабай, экономикага киреше берүүчү стратегиялык маанилүү ишканаларды сатууну мыйзамдаштырып, элдин тынч жыйынга чогулуусуна бөгөт коюп, сөз эркиндигин чектөө менен тарыхта калат деп эсептейт.

- Эгерде “Ак жол” фракциясы мамлекетке жок дегенде он пайыз салымын кошсо, анда 6-7-апрелдеги кан төгүүлөр болбой калат эле. Алар парламентте болгон мыйзамдардын көпчүлүгүн элге каршы чыгарган. Мисалы, электр тармактарын сатууга, президенттин баласы М.Бакиевге Конституцияда жок мыйзамсыз Инновация, инвестиция жана өнүктүрүү борборун түзүүгө жана башка толгон мыйзамдарды кабыл алышканын коомчулук жакшы билет.

Асия Сасыкбаева курамы “Ак жол” партиясынан турган Бишкек шаар кеңешиндеги депутаттар да шаар маселесин чечип, “креслолорунда тырмышып отурууга” моралдык укугу жок деген ойдо. "Ошондуктан "Ак жол" партиясынын саясий бюросунун мүчөлөрүн, депутаттарын жоопкерчиликсиз калтырууга болбойт. Жөн эле көздү жумуп, кулакты жапырып коюу туура эмес",-дейт А.Сасыкбаева.

Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечилердин бири Нарынбек Молдобаев “Ак жол” партиясынын саясий ишмердүүлүгүнүн келечеги бүдөмүк экенин айтып, партиянын катарынан өз каалоосу менен чыкканын билдирди.
"Ак жол" сыяктуу шашылыш түзүлгөн партиялардын тагдыры тайкы болот. М. Сариев.

Ал эми “Ак жолчу” депутаттар Аскар Салымбеков, Автандил Арабаев, Шарипа Садыбакасова, Динара Молдошева буга чейин эле депутаттык мандатын таштап, партиянын катарынан чыгышканын билдиришкен.

“Ак жол" партиясынын төрага орун басары Табылды Орозалиевден партиянын учурдагы абалы, алдыдагы иш пландары тууралуу билелик деп, байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
К.Бакиев "Ак жол" партиясынын курултайында.2009-жылдын 1-майы.
Мурдагы президент Курманбек Бакиев төрагалык кылган “Ак жол” партиясы 2007-жылы күзүндө түзүлгөн болчу.

Саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, өз кезегинде шашылыш түзүлгөн “Ак жол” сыяктуу партия түзүүгө аракеттенген күчтөр учурда кайрадан пайда болуп, мурдагылардын каталарын кайталап жатканын белгилеп, мындай партиялар мамлекетке жана коомго пайда алып келбестигин айтты.

- Жакында парламенттик шайлоого карата саясатта абдан курч күрөш башталат. Мына ошого аралашып калалы дешип айрым кландык топтор, башка бир күчтөр шашылыш партия түзүп жатышат. Эми бул деле “Ак жолдун” схемасы менен эле түзүлүп жатат да. Менин оюмча, мындай партиялардын тагдыры тайкы, өмүрү кыска болот.

Айрым саясий талдоочулар “Ак жол” партиясы учурда саясий айдыңдан сүрүлүп калуудан чочулап, анын айрым мүчөлөрү өз алдынча коомчулук алдында актанууга өткөнүн белгилешүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG