Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:12

Конституциялык кеңешменин катчылыгынын башчысы Данияр Нарынбаев Баш мыйзамдагы негизги нерсе башкаруу формасында эмес, адам укуктарынын камтылышында деп эсептейт. Анын айтымында, коомчулукка сунуш кылынган долбоордо адам укуктары так жана кенен жазылды.

- Данияр мырза, биздин угармандарды эң көп кызыктырган суроолордун бири - бул Конституциянын долбоорун иштеп чыгууга, кабыл алууга Убактылуу өкмөткө ким укук берди? Анткени Убактылуу өкмөттүн өзүн легитимсиз деп сиздин кесиптештериңиз - юристтер айтып жатышпайбы?

- Мен терең ишенем, ар бир көз карандысыз суверендүү мамлекетте ошол мамлекеттин эли ар дайым негизги жана бир гана бийликтин булагы болуп эсептелет. Ар бир бийлик кудуктан суу алгандай элден бийлик жүргүзүүгө макулдук алып турат. Эгерде ошондой бийлик элдин мүдөөсүнөн тышкары жеке өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп иш кыла баштаса, элде ал бийликке таасир эте турган башка жол калбаса, андай бийликти шыпырып түшүш керек.

Дал ушундай кырдаал бизде болду. Тилекке каршы, биздин Конституцияда андай жоболор жок экен. Мисалы, Америкада Виржиния, Мэриленд деген штаттардын Конституцияларына “эгерде бийликти бирөө жарым элдин добушу аркылуу ээлеп алып, андан кийин элге каршы саясатын жүргүзсө, анда ошол эл бийликти тактыдан шыпырып түшкөнгө укуктуу эле эмес, милдеттүү” деп так жазылган. Бизде дал ошондой кырдаал болду.

Ошон үчүн бул жерде Убактылуу өкмөттөн башка эч ким маселени койгонго укуктуу эмес деп ойлойм. Алар буга чейин оппозицияда топтолуп, абалды түшүнүп келишти. Алар тарыхтын чоң миссиясы моюндарына келип түшкөнүн түшүнөт. Революцияны кылган эл. Бирок мындан ары мамлекетти башкарууда тажырыйбалуу, саясатта көптөн бери иштеп жүргөн лидерлер келип, элдин кызыкчылыгына иштеш керек. Ошондуктан мен дагы башка бирөө менин кызматым, салымым көбүрөөк десе - мамлекетти башкарууга келсин дейт элем. Бирок андай саясий күчтөр жок.

Убактылуу өкмөт азыркы жасап жаткан иштерине толук укуктуу. Алардын биринчи эң негизги кадамы - элге чыгып, элден бийликке уруксат алып, анан иш кылалы деп атышат. Жаңы Конституциянын долбоорун өздөрү жазып чыккан эмес. Аны талкууга жалпы коомдун өкүлдөрү - 75 киши катышты. Анын ичинен 2 эле киши өкмөттүн мүчөлөрү, калганы бүт эле саясий партиялардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү ушул конституцияны түп тамырынан бери кайрадан карап чыктык да көп жерлерин өзгөртүп, убактылуу өкмөткө бердик.

- Өткөөл мезгил дегенди сиз ачыктап берсеңиз, бул качанкыга чейин созулат, кандай баскычтарды басып өтөт?

- Бул абдан татаал маселе болуп атат. Менин жеке пикиримде биз эл аралык тажрыйбаны карап, жакшы изилдеп көрдүк. Айта кетейин дегеним, менин Убактылуу өкмөткө эч кандай тиешем жок. Мен жарандык коомдун атынан Конституциялык кеңешмеге катышкам жана ошол макамда кала бермекчимин. Менин жеке оюмду билдирсем, алгач биз кайсыл абалга келип түштүк?

Биринчиден, президентибиз жок калдык, аны эл өзү кубалап чыкты. Андан сырткары ал президентке шарттардын баарын түзүп берчү “Ак жолдун” парламенти жок. Себеби алардын бир да күн иштегенге укугу жок, президент жок болсо алар да укугун жоготот. Мына Конституциялык Сот да өз чечимдери менен элибизди жарга такады, андыктан аны да Убактылуу өкмөт жок кылды. Ошону менен Кыргызстанда бийлик бутактары бошоп калды. Эми аларды түзүү үчүн өзүнүн ирээти барбы?

Ошол ирээтти карап көрсөк мындай экен: эң биринчиден, Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Конституциянын бир гана жолу - биздин мамлекетте элден башка эч ким аны кабыл алганга укугу жок. Эл Конституцияны бекитип бериш керек, анан негизинде биз Жогорку Кеңешибизди шайлап алабыз. Ал үчүн кеминде үч ай убакыт керек. Эл аралык тажырыйбаны карасак, андан көп кыскарта албайт экенбиз. Жогорку Кеңеш шайлангандан кийин өкмөт түзүлөт, бирок ага да белгилүү бир убакыт талап кылынат.

Эл аралык тажырыйба боюнча экин шайлоонун ортосунда кеминде бир жыл өтпөсө болбойт экен. Себеби президенттик, анан парламенттик шайлоону бириктирген туура эмес, натыйжада экөө тең чийки болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир шайлоону бир жылдык аралык менен өз-өзүнчө өткөрүш керек. Өткөөл мезгил мына ошондон келип чыкты.

-Сиздин оюңузча Убактылуу өкмөт жактырып, элге алып чыккан Баш мыйзамдын артыкчылыгы эмнеде?

- Менин таң калганым - журналисттер, башка адистер деле Баш мыйзамдын эң негизгиси башкаруу формасы деп жатканы. Мен буга кошулбайм. Баш мыйзамдын негизги өзөгү - адамдын жарандык укуктары жана эркиндиктери. Мына ушундан кептин баары келип чыгат. Конституцияда адам укуктары жакшы, так, кенен жазылыш керек. Биздин азыркы долбоор дал ушундай болду. Себеби адам укуктарын камсыз кылып, аны аткаруу үчүн бийлик бутактары жаралат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG