Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:13

А. Мамбеталиев: Бийликке жаңы көз караштагы адамдарды тартыш керек


Аскарбек Мамбеталиев, саясий серепчи.
Аскарбек Мамбеталиев, саясий серепчи.

Кыргызстандагы парламенттик түзүлүштүн келечеги, ага таасир этчү ички жана сырткы факторлор тууралуу суроолорго саясий серепчи Аскарбек Мамбеталиев жооп берди.

- Шайлоочулардын дээрлик бардыгы жалпы элдик референдумда парламенттик түзүлүшкө жол берчү Баш мыйзам долбоорун, анан Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Отунбаеванын өткөөл мезгилдеги президент болушун колдоп добуш беришкен. Кыргызстан Борбор Азиядагы мамлекеттердин ичинен биринчи болуп ушундай кадамга барып атат. Ушундай шартта парламенттик түзүлүштүн келечеги тууралуу кандай ойдосуз, бул түзүлүш канчалык деңгээлде натыйжалуу болушу мүмкүн?

- Сиздин бул сурооңуз абдан олуттуу суроо. Анткени парламенттик түзүлүшкө өтүп аткан Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болуп атабыз, ошону менен бирге референдумда көпчүлүгү активдүү добуш беришти деп атышат, бул абдан маанилүү суроо. Бирок ошону менен катар эле башка пикирлер да бар. Референдумда коюлган суроолорго эл парламенттик түзүлүш үчүн эмес, Роза Отунбаева үчүн эмес, жаңы Конституция үчүн эмес, тынчтык болсун деп санааркагандыктан, корккондуктан келип добуш бергени айтылып атат көп учурда. Ошондуктан бул жагын дагы биз эстен чыгарбашыбыз керек.

Эгерде бир аз кийинчерек референдум уюштурганда, элге түшүндүрүү иштерин баштаганда балким эл башкача добуш бермек. Бул жагын дагы эске алып коюш керек. Мурда өзүм да айткам, парламенттик түзүлүш бизге жакшы, ошого өтүш керек, анткени бир адамдын колунда бийлик топтолбойт деп. Бирок ошону менен катар эле бир нерсени эске алып койгум келет, парламенттик түзүлүш бардык биздин кыйынчылыктарыбызга панацея эмес. Анткени дүйнөдө парламенттик өлкөдөн президенттик өлкөгө өтүп кеткен өлкөлөр толтура. Мисалы Бразилия жана башкалар, парламенттик система аларга иштебей, кайра президенттикке өткөн өлкөлөр да бар. Ошондуктан маанилүүсү кандай түзүлүшкө баруу эмес, маанилүүсү мамлекетте коррупциянын аз болушу, системанын алмашышы, азыркы дүйнөдө бийликте глобалдык маданияты бар, глобалдык ойлоно ала турган адистердин келиши. Ошолор биздин Кыргызстанды алдыга алып кетиши мүмкүн. Бирок парламенттик болуп туруп эле, бирок эски боюнча эле коррупция болсо, эскиче эле адамдар келип өздөрүнө тартып, непотизмди кайрадан өстүрүп, кайра башынан эле уурдап, кыйкырып эл аралык партнерлордун алдында туура эмес эл аралык иштерди кылса, парламенттик система болбой калышы мүмкүн, андан да жаман болушу мүмкүн.

- Бирок ошентсе дагы, сиз айткан непотизм, коррупция жана башка көрүнүштөр система алмашкандан кийин, бийликте тең салмактуулук болуп аткандан кийин абал өзгөрөр, кандай деп ойлойсуз?

- Бизде, кыргызда дайыма талашып тартышып келген экенбиз да. Жакында бир журналист айтып атпайбы, бизде аристократияны сыйлоо деген болгон эмес казактардан айырмаланып деп. Ошондуктан парламенттик кылган күндө дагы, эгерде жогоруда мен айтып кеткен сапаттар болбосо, баланс да болбойт. Анда андан бетер кээ бир саясат таануучулар айтып аткандай, коомдо тынчсыздык болушу мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз бул жерде азыркы убактылуу өкмөт аракет кылыш керек, бул бийликке жаңы адамдарды, глобалдык көз караштагы, чет элде окуп келген кишилерди тартканга аракет кылыш керек. Азыр бизге Грузия жөнүндө туура эмес маалымат берип атышат, бирок ал жакта кескин өзгөрүү болуп өнүгүү абдан күчтүү болуп атат.

- Парламенттик системанын Кыргызстанда өнүгүшүнө айрым бир күчтөр өздөрүнүн күмөн саноолорун билдирип атышат, ошол эле күчтөр Кыргызстанда бар экенин айтып атышат, жакында эле Орусиянын президенти Д.Медвеедв ушундай күмөн саноосун билдирди. Ушундай ички жана сырткы факторлор канчалык деңгээлде таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Күмөн саноого ар кимдин өзүнүн укугу бар, Медведевдин андай деп айтканга өзүнүн укугу бар, ал өзүнүн пикири. Анткени Медведев Торонто чогулушунда ал мындай болбош керек, Орусия каршы деп айткан жок, ал жөн гана мен түшүнбөй атам деди. Анын мындай деп айтканына бир себеп бар. Анткени Орусияда 1990-жылы бийлик кризиси болгон, Ельцин менен парламенттеги Хазбулатовдун ортосундагы чатактан улам. Замбирек менен Ак үйүн атышкан. Ошондуктан аларда ушундай чочулоо бар. Анын үстүнө эски система боюнча Орусиянын маданияты боюнча иерархия болуш керек бардык жерде. Ошондуктан Европанын көп өлкөлөрүндөгүдөй парламенттик түзүлүш алар үчүн түшүнүксүз. Ошондуктан Медведев өз пикирин айтып жатат. Анын пикири сөзсүз эле формула сыяктуу Кыргызстанга ушундай болуш керек деп кабыл алып кереги жок.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG