Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Ж. Жекшеев: Президент чечкиндүү кадам жасабаса илең-салаң боло беребиз


Жыпар Жекшеев
Жыпар Жекшеев

КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев шайлоого барчу убактылуу өкмөт мүчөлөрү кызматтан кетип, президент Роза Отунбаева чечкиндүү кадамдарга барыш керек деп эсептейт.

- Парламенттик шайлоого катыша турган убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматын 10-июлда эле өткөрүп беришерин айтышты эле. Маалыматтарга караганда, убактылуу өкмөттүн социалдык тармагын жетектеген Элмира Ибраимова кызматтан кеткени тууралуу арызын 6-июлда тапшырыптыр. Ошондой эле “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев бүгүн кызматтан кетээрин жарыялашы күтүлүп жатат. Сиздин оюңузча, өкмөттүн калган мүчөлөрү да кетиши керекпи?

- Мен ойлойм, ар бир жетекчи, министрлер, өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого бара турган болсо эл алдындагы жоопкерчилигин сезип, кызматтан кетиш керек. Себеби кайсы бир министр эгерде мен партиянын чечимине ылайык калам же шайлоого барам дей турган болсо демек бул түздөн-түз саясий партиялар толук кандуу укугуна ээ боло элек кезде эле кандайдыр бир таасирин тийгизип атат деген көрүнүш. Бул өтө опурталдуу, өтө жагымсыз көрүнүш. Буга биз барбашыбыз керек. Бүгүн Роза Отунбаева президент дагы, премьер-министр дагы болуп иштеп, өзүнүн моюнуна жоопкерчиликти алып, антын берген соң чечкиндүү кадамдарга барыш керек. Саясий партиялардын көрсөтмөсү менен иштеп аткан министрлер министр эмес бүгүнкү күндө. Ошондуктан чечкиндүү түрдө шайлоого барабыз деген партиянын жетекчилери, же мүчөлөрү кызматтан кетүүгө тийиш.

- Эртең “техникалык өкмөттүн” курамы бекиши күтүлүүдө, анын курамы кандай болуш керек. Мисалы, эл арасында мурдагы бийликтегилер кызмат ордунда калды деген пикирлер айтылып жатпайбы?

-Эми бул президент Роза Отунбаеванын чечимине ылайык болот. Мисалы айрым бир партиянын мүчөлөрү болуп эсептелсе же болбосо ошолордун лидерлеринин катарында турса арызын жазып мен партиядан кеттим деп туруп, бирок мен иштеп берем деп, өкмөттөгү өзүнүн ордун ээлеп жумушту аягына чейин аткарып берем деген өтүнүчү болсо Роза Отунбаева өзү чечсин. Себеби бүгүн ал киши өткөөл мезгилдин президенти деген бир жарым жылдык мөөнөттө аябагандай чечкиндүү кадамдарга барбаса илең-салаң болуп жүрө беребиз. Мен дагы бир эскертип кетейин, ар бир күнү чоюлуп, жакшы бир чечимге келбей бийликтен кеткиси келбей турган бүгүнкү убактылуу чиновниктерибиз элдин алдында абдан чоң кадыр-баркын кетирип атат. Эртең шайлоого катышкан күнү дагы ошолордун бардыгын эл унутпайт. Себеби бул бизди кризиске алып баратат. Биз азыр чечкиндүү кадам таштай турган учур келди.

- Парламенттик шайлоодо мурдагыдай мамлекеттик бийликтин кийлигишүү коркунучу жокпу, алдын-ала бир божомолдор боюнча?

- Албетте, түздөн-түз кийлигишпесе дагы, ошол шайлоо учурунда административдик ресурс өзүнүн таасирин тийгизбей койбойт. Кандай болбосун биздин психология көнүп калган, элибиз канчалык экиндикти сүйгөн, демократияга аябай катуу кадам жасаган эл катары эсептелген күндө деле баары бир биздин лидерибиз өкмөтүн башында, же өкмөттүн бир орчундуу чечимин кабыл ала турган кызматын ээлеп атат деген сөз жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, же болбосо шайлоо коммиссиясынын айрым бир жетекчи мүчөлөрүнө психологиялык жагынан таасир этип, басым көрсөтүшү толук мүмкүн.

- Сиз жетектеген “Кыргызстан демократиялык кыймылы” партиясы парламенттик шайлоого даярданып атабы, же бөлөк партия менен кошулуп барганы жатасыздарбы?

- Ар бир саясий партия бийликке келебиз, парламентке шайланабыз деген максатта түзүлгөн. Анан өзүңөр билесиңер, мурда мындай шарт түзүлбөстөн биз куугунтукта жүргөн партия катары акыркы жылдары чындыгында эле ачык иш жүргүзбөй калганбыз. Бирок башка партиялардай эле биз дагы өзүбүздүн аракетибизди жасап атабыз. Ал эми кайсы партия менен бара тургандыгыбыз жөнүндө башка партиялар менен пикир алышуу абдан интенсивдүү жүрүп атат. Мүмкүн кээ бир партиялар менен биригип кетебиз, мүмкүн өз алдыбызча барабыз. Бул маселе жакын арада болчу курултайдан кийин чечилет.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG