Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Кыргызстанда айыл өкмөт башчыларын кайрадан эл тандоосуна коюу сунушталууда. Адистердин баамында, бул айылдык округдардын өнүгүүсүнө жана шайлоолордо административдик ресурстун колдонулбашына шарт түзмөкчү. Анткен менен айрымдар бул тууган-урук, жээк-жаатка бөлүнүүнү күчөтүшү ыктымалдыгын айтып жатышат.

Кыргызстанда бир топ жыл бою жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын жөнгө салуу боюнча аракеттер жүрүп, бийликти борбордон алыстатуу максатында айыл өкмөттөрүн элдин тандоосуна коюшкан. Бирок 2007-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайык, бийликтин бардык бутактарын кайрадан түздөн-түз борбордун көрсөтмөсү менен дайындоо чечими кабыл алынган болчу.

Бул маселе эми кайрадан көтөрүлүп, айыл өкмөт башчылары эл тандасын деген сунуш айтылууда. Ушул багытта уюштурулган сурамжылоого катышкандардын 70 пайыздан ашууну өздөрүнүн башчыларын, мэрлерин түз шайлоону жана талапкерлерди коомчулук аркылуу алып чыгууну колдорун айтышкан. Сурамжылоону Конституциялык кеңешменин жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча жумушчу тобунун мурдагы мүчөлөрү, Өнүктүрүү саясаты институтунун эксперттери жана юристтери өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүшкөн.

Аталган институттун директору Улара Нурусбаеванын айтымында, мындай жол айылдык округдардын өнүгүүсүнө жана шайлоолордо административдик ресурстун колдонулбашына шарт түзмөкчү.

- Мурда аким өз кишисин сунуштап, аны депутаттар шайлап койчу. Бул накта шайлоо эмес. Аким отургузганда аны кетире албайсың. Эл отургузганда маселелерди чече албаса анда колуңан келбейт экен, биз башканы шайлайбыз деп айтышат. Күчтүү башчы келсе айыл өкмөттү, ошол аймакты көтөрөт. Ишкерлерге жакшы жагдайларды түзүп берет. Айыл өкмөтү күчтүү болсо район, облус, мамлекет күчтүү болот.

Улара Нурусбаева эгер айыл бийликтери күчтүү болгондо түштүктөгү коогалаң чыкмак эмес деп мүнөздөйт. Анын айтымында, айрым жерлерде аким, депутаттардын эл арасында бедели жок, ал тургай айрымдары бири-бирин жакшы тааныбайт.

- Эгер жергиликтүү кеңештин депутаттары чындап эле лидер, бедели жогору болсо түштүктөгү окуя деле болбой, болсо да ошол жерден эле токтоп калмак. Мисалы, биз Өзгөн шаарын айтып жатабыз. Алар менен биз иштешип жүргөнбүз, билебиз. Ал жакта күчтүү депутаттар, башчысы да күчтүү. Алар тополоң башталган маалда эл аралап, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошондой эле Жалал-Абаддын депутаттары өз убагында күчтүү, авторитеттүү болсо токтотуп коймок. Бирок аларды азыр эч ким укпайт. Өздөрүнүн депутаттарын да билишпейт, депутаттар өз элин билишпейт.

Ал эми Мамлекеттик жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Максат Эсеналиев айыл өкмөтүн түздөн түз шайлоо мүмкүнчүлүгү берилгенде анын талаптары жана милдеттери мурдагы Шайлоо кодексине так жазылбай калган деген пикирде:

- Ошол кездеги Шайлоо кодексинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысына карата аныкталган талаптар коюлган эмес. Ким өзүнүн талапкерлигин коюп, кимиси утса өтүп кете берген. Ал жерде билим деңгээли, профессионалдык мүмкүнчүлүгү, жумуш тажрыйбасы жана уюштуруучулук багыттагы сапаттар сыяктуу маанилүү талаптар коюлбай келген. Андан сырткары ошол эле учурда жалпы эле жергиликтүү администрациянын башчылары кандайдыр бир даражада, менин жеке оюмда, бийликти жоготуп алгандай болду да. Анткени жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун башчылары коллегияга чакырса келбей, мени эл шайлаган, элдин алдында гана отчет берем деген сыяктуу көрүнүштөр болуп, ошондон улам 2007-жылы Баш мыйзамга кыйыр шайлоо системасы киргизилген.

Деген менен айыл өкмөттөрдү эл тарабынан шайлоо эл арасында бөлүнүүнү жаратышы ыктымал деген пикирин билдиргендер да жок эмес. Маселен Талас облусунун Бакай-Ата районунун шаардык кеңешинин депутаты Өмүркул Бабыров Кыргызстан мындай көрүнүштү башынан өткөргөн деп эсептейт.

- Эл тарабынан шайланганда деле баягы эле тууганчылык башталат да. Ал деле баштан өтпөдүбү. Эл шайлаганда ал иштебей койгон шартта аны жумуштан алуу үчүн элдин эки бөлүгү макул болгондо гана жумуштан ала алат. Депутаттарга салып койгондун бир жагы жакшы. Депутаттарды деле эл шайлаган да. Ушул учурда шыр болмок. Ушундай шартта эч кандай уруш-талаш болбойт. Бул деле эл шайлаган сыяктуу да.

Ал эми экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жергиликтүү бийликти элдин тандоосуна коюуну колдойт. Ал жергиликтүү калк өзүнө ылайыктап, иш билги бирөөнү шайлап, анын ишинин жыйынтыгын талап кылса жакшы болмок деген ойдо.

- Мен буга түз көз караштамын. Демократиянын негизи айылдардан башталат. Тилекке каршы, бизде ушундай адамдарды шайлабай тууганчылык, уруучулук менен ооруп, эптеп эле биздин бала болсо болду деген көз карашта келишкен. Бирок азыр эл деле ошол аймактын өнүгүп өсүүсү - ошол өздөрү дайындаган жетекчиден экенин түшүнүп калды.

Айыл өкмөтү же мэрлерди дайындоо калк тарабынан жүргүзүлөбү, же жергиликтүү кеңештин депутаттары аркылуубу азырынча тактала элек. Бул келе турган парламентке сунушталчу мыйзам долбооруна киргизилмекчи.
XS
SM
MD
LG