Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Апрель окуялары боюнча кылмыш иштерин тергөө аяктоодо


7-апрель: Бишкектеги кандуу калаба
7-апрель: Бишкектеги кандуу калаба

27-августта президент Роза Отунбаева өлкөнүн күч жана тартип коргоо органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда быйылкы апрель, июнь окуяларын иликтөө, парламенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү маселеси талкууланды.

Апрель окуяларын иликтөө

Апрель жана июнь окуяларын иликтөөнүн жүрүшү боюнча башкы прокурор Байтемир Ибраев, ички иштер министри Кубатбек Байболов, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат берди. Байтемир Ибраевдин маалымдоосуна караганда, апрель окуяларын тергөө иши соңуна чыгуунун алдында турат. Ал 50 томдук иш болду. Азыркы мезгилде баллисттикалык экспертизалар соңуна чыгууда.

Апрель окуяларын иликтөө боюнча төрт багыттагы тергөө тобу түзүлгөн. Анын биринчиси, 89 кишинин өлүмүнө алып келген 7-апрелдеги атууларды иликтесе, калган экинчи жана үчүнчү топ мурунку бийлик башындагылардын коррупциялык иштерин иликтеген. Ал эми төртүнчү топ мурунку бийлик учурундагы чуулгандуу иштерди, маселен “матрешка-гейт”, Садыркуловдун, Павлюктун өлүмү жана Аксы окуясын кайра иликтеген.

Президент Роза Отунбаева мурунку бийлик учурунда жасалган төрт кылмыш иштерди тез арада аягына чыгууну талап кылды.

Апрель окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында 11 киши камакта отурат. Беш киши издөөдө жана дагы 11 киши үй камагына алынган. Тергөө иштери негизинен соңуна чыккандыгына байланыштуу эми кылмыш иштер менен жабырланган жана айыпталган тараптарга таанышууга берилет.

Мурунку бийликтин учурундагы коррупцияга байланыштуу 190 кылмыш иши козголгон. Мамлекетке 6 млрд сом, 130 млн. доллар зыян келтирилгени аныкталган. Анын ичинен 1 млрд. 300 млн. сом мамлекетке кайтарылган. 2 млрд сомдук баасы бар 40 кыймылсыз мүлк камакка алынган.

Курманбек Бакиевди Беларустан кайтаруу боюнча Башкы прокуратура экинчи жолу Минскиге кайрылган, бирок экинчи жолу дагы ал аткарылган эмес.

Аксы окуясы кайрадан тергелип, ал боюнча Болот Жанузаковго, Чубак Абышкаев, Зоотбек Кудайбергеновго жана УКМКнын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн ошол кездеги башчысына айып коюлду. “Матрешкагейт” боюнча Жаныш Бакиевге айып коюлду. Жаңыдан жүргүзүлгөн тергөө Өмүрбек Текебаевдин чемоданына баңгизатын салгандар бул ишти Жаныш Бакиевдин тапшырмасы менен аткарганын тергөөчүлөргө айтып беришкен.

Түштүктөгү кандуу коогалаң боюнча иликтөө иштери

Июнь айындагы Ош жана Жалал-Абаддагы окуяларды иликтөө боюнча 40 тергөө тобу түзүлүп, 3 миңден ашуун кылмыш иши козголгон. Бул кандуу окуяларда 385 кишинин өлгөнү аныкталган. Алардын ичинен 36 сөөктүн кимдиги аныкталбай турат. Түштүктөгү окуяларга тиешеси бар деп 270 киши кармалган. Алардын ичинен 251 киши камакта. Элдин колунда 184 даана курал калууда.

Түштүктөгү окуялар боюнча козголгон кылмыш иштер боюнча сот жараяндарын өткөрүү өкмөттүк кеңешмеде өзүнчө сөз болду. Жогорку Соттун төрагасы Момбековдун сөзүнө караганда, бул иштерди кароодо судьялардын коопсуздугун камсыздоо маанилүү маселе болуп турат. Ошондуктан Оштогу иштерди Жалал-Абадда, ал эми Жалал-Абаддагы иштерди Оштогу соттордо кароо сунушталды. Ал эмес, бул окуяларга байланыштуу сотторду өлкөнүн башка региондорунда өткөрүү да сунушталып, ал колдоого алынды.

Президент Роза Отунбаева күч структураларынын жетекчилери менен өткөргөн жыйында козголгон дагы бир маселе бул жаңы окуу жылында коогалаң болгон жерлерде окуучулардын коопсуздугун камсыздоо болду. Ош шаарынын вице-мэри Байгазаковдун сөзүнө караганда, ата-энелер, эгерде коопсуздук камсыз болбосо 1-сентябрда балдарын мектепке жибербей турганын билдиришкен. Ал эми коопсуздукту камсыздоо үчүн кеминде кошумча 128 милиция кызматкери керек.

Парламенттик шайлоо

Быйылкы жылдын октябрь айына белгиленген парламенттик шайлоону тынч жана таза өткөрүү маселеси боюнча вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, азыркы кезде мамлекет алдында турган негизги маселе - шайлоону адилет жана таза өткөрүү деп белгиледи. Бул үчүн мамлекетик бардык органдар катышып, эч ким четте калбаш керек. Тийиштүү органдар ар кандай кокустуктардын алдын алууга даяр болууга тийиш.

Кенешмеде жыйынтыктоочу сүйлөгөн сөзүндө Роза Отунбаева, түштүктөгү окуяларды иликтөөдө кыргыз же өзбек эли күнөөлүү деп табылбаш керектигин, бул жерде кылмышкерлерди так аныктап, жеке күнөөлүүлөр аныкталууга тийиштигин белгиледи.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG