Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:50

Апта: Дефолт карааны, каргашалуу окуяларды тергөө


Президент Роза Отунбаева апрель, июнь окуялары боюнча кылмыш иштерди тергөөнү тезирээк соңуна чыгаруу талабын койду.
Президент Роза Отунбаева апрель, июнь окуялары боюнча кылмыш иштерди тергөөнү тезирээк соңуна чыгаруу талабын койду.

Cаясий партиялардын талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү соңуна чыкты. Өкмөттө апрель, июнь окуяларынын иликтениши каралды. Бюджеттин таңсыктыгы коркунучтуу деңгээлге жетти.

Партиялар парады башталды

Кыргызстан саясий, экономикалык жана коопсуздук жагынан оор кыйынчылыктарга кабылып турат. Саясий жактан парламенттик шайлоо сыноосу күтүп турса, экономикалык жактан бюджеттин эбегейсиз, 28 млрд. сомго жакындаган таңсыктыгы кендирди кесип турат.

Өлкөдө, өзгөчө түштүктө коопсуздук маселеси көзөмөлгө алынып, мамлекеттик органдар өзүнүн функцияларын аткара баштаган менен улут аралык араздашуунун запкылары кетпей турат.

1990-жылкы кагылышуудан кийин эки элдин ортосундагы мамилени жөнгө салууда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көп аракет жасап, өзбек президенти Ислам Каримов, өзбек интеллигенциялары менен натыйжалуу жолугушуу, сүйлөшүүлөр өткөрүп, кырдаалдын жөнгөрүлүшүнө салымын кошкон. Бул ирет андай аракеттер да, инсандар да байкалбай турат.

Мына ушундай жагдайда Кыргызстан парламенттик шайлоого багыт алууда. Белгилүү болгондой шайлоо 10-октябрга белгиленген. Азыркы күндөрү шайлоого катышуу ниетин билдирген 57 партия өзүнүн талапкерлеринин тизмесин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырууда. БШКнын мүчөсү Жеңиш Акматовдун 28-августтагы айтымына караганда, бүгүнкү күнгө карай 5 партия шайлоодон четтетилди. Ал эми талапкерлердин тизмесин тапшырган партиялардын саны алтоо болду:


- Алар “Ата Журт”, “Ата Мекен”, “СССР”, “7-апрель” жаштар кыймылы, “Содружество” жана ооганчылардын партиясы.

Шайлоого катышуу ниетинен жазбаган калган 52 партия тизмелерин 30-августка чейин БШКга тапшырууга тийиш.

Талдоочулардын эсебинде, 52 партия баары эле аягына чейин бара албайт. Ошону менен маранын аягына чейин күрөш жүргүзө турган партиялар көп болсо 15, аз болгондо 10 болот. Мына ушул 10 партиянын ичинде дагы негизги күрөш 5-6 партиянын ортосунда жүрөт.

Саясий партиялар өздөрүнүн тизмесине ар бир региондун өкүлдөрүн киргизүүгө максималдуу түрдө аракет жасашты. Ошого карабай элдин ичинде кайсы партия кайсы региондун партиясы экендиги белгилүү. Бул жагдайда кайсы бир региондуку деп эсептелген партиянын парламентке илешпей калышы өлкөдө кризистик кырдаалды жаратышы ыктымал.

Кризистик кырдаалга элдин колунда куралдын көптүгү кошул-ташыл болушу ыктымал дейт “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова:

- Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын лидерлеринин талаа командирлери катары курал-жарактуу күзөтчүлөрү менен жүргөнү, элдин колунда эбегейсиз көп курал-жарактардын бүгүнкү күнгө чейин калып турушу, элдердин кыйналып тургандыгы айланып келип саясатташып кете турган болсо, өтө коркунучтуу абалга алып келип калышы мүмкүн. Ошондуктан бул парламенттик шайлоодо ар бир саясий партиянын жетекчилеринин өтө чоң жоопкерчилиги да турат.

Саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков өлкөнүн, элдин тагдырына байланыштуу жоопкерчилик айтылуу 4-5 партиянын жетекчилеринин мойнунда дейт:

- Эгерде чоң чыр чыга турган болсо, мен ойлойм, бийликке тиешеси бар партиялардын ортосундагы лидерлерден гана чыгат. Биз ушул шайлоодо ошол лидерлердин саясий маданиятынын канчалык экенин көрөбүз. Эгерде өзүнүн жеке амбициясына алдырса, санап отуруштун кереги жок, 4-5 адамдын күнөөсү менен болот. Эгерде алар мыйзамдарды жакшы карманса жакшы тынч өтөт.

Алдыдагы парламенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүү маселеси 27-августта президент Роза Отунбаева күч структураларынын жетекчилиги менен өткөргөн жыйында да талкууланды. Анда күч структураларын ар кандай кокустуктарга даяр болууга тапшырма берилди.

Апрель, июнь окяларын тергөө

Күч структуралары менен өткөн жыйында апрель жана июнь айындагы окуялар боюнча кеңири маалымат берилди. Башкы прокурор Байтемир Ибраевдин билдирүүсүнө караганда, апрель окуяларын тергөө иши соңуна чыгып, эми баллисттикалык экспертизанын корутундусун даярдоо гана калууда:

- Бир гана нерсе калып жатат, бул 1226 даана баллистикалык экспертиза үчүн корутунду даяр боло элек. Башкача айтканда, бардык куралдарды текшерип атып көрдүк. Эми аларга корутунду жазылып, андан кийин ишти тараптарга таанышууга бере баштайбыз.

Апрель окуяларында 89 киши каза болгон. Алардын жакындарына 1 млн. сомдон өкмөт тарабынан жардам берилген. Бирок алар азыркы мезгилде жабырлануучуларга 15 миң сомдон жөлөк пул төлөөнү, күнөөлүүлөрдү жазалоо талабына коюп жатышат. Негизги күнөөлүүлөр деп шектелген Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, Муратбек Суталинов, Жаныбек Бакиев, Максим Бакиев сыртта жүрүшөт. Аларды кармап келүү жана кайтарып алуу боюнча аракеттер майнап бербей жатат. Маселен, Беларус Курманбек Бакиевди кайтаруу боюнча Башкы прокуратуранын экинчи талабына да “жок” деген жообун берген.

Коррупциялык кылмыштарды тергөө жыйынтыгы

Башкы прокуратуранын тергөөсүнүн жүрүшүндө мурунку бийлик учурундагы коррупциялык иштерден өлкөгө 6 млрд. сом, 130 млн. доллар зыян алып келингени аныкталган. Мындай коррупциялык иштер боюнча азыркы кезге карай мурунку энергетика министри Ильяс Давыдов менен “Кыргызгаздын” мурунку башчысы Саламат Айтикеев гана кармалган.

Мамлекетке келтирилген зыяндын 1 млрд. 300 млн. сому гана кайра кайтарылган.

Мурунку бийлик учурунда жасалып, коомчулукта уу-дууну жараткан кылмыштарды кайра тергөө ишинде айрым жылыштар жасалган. Маселен, Аксы окуясы боюнча тергөөнүн жүрүшүндө мурунку башкы прокурор Чубак Абышкаевге, Болот Жанузаковго, Зоотбек Кудайбергеновго айып коюлган. “Матрешка-гейт” боюнча тергөө соңуна чыгып, Жаныбек Бакиевге сыртынан айып коюлду. Бул ишке аралашкан үч киши Өмүрбек Текебаевдин чемоданына баңгизаттарын Жаныш Бакиевдин буйругу менен салышканын айтып беришкен.

Мына ушул жана апрель, июнь окуялары боюнча кылмыш иштерди тергөөнү тезирээк соңуна чыгарууну президент Роза Отунбаева талап кылды:

- Бул багыттагы иштерди күчөтүшүбүз керектиги биз үчүн ачык-айкын болуп турат. Апрель айындагы окуялар, Ош, Жалал-Абаддагы окуялар боюнча кылмыш иштерди тергөө кандай жүрүүдө? Соттор аларды кароого даярбы? Бул маселелерди азыр карашыбыз керек, - деген Роза Отунбаева өзгөчө июнь, апрель окуяларына адилет баа берүү, күнөөлүүлөрдү жазалоо тартип коргоо органдарынын милдети экенин кошумчалады. Президент ошондой эле Кыргызстандын аброю бул иштерге кандай баа берилишине жараша болоорун белгиледи.

Июнь айындагы окуялар боюнча статистикага токтолсок, кандуу калаба учурунда 385 кишинин каза болгону аныкталган. Анын ичинен
36 сөөктүн кимдиги дагы эле тактала элек. Тартип коргоо органдары Ош, Жалал-Абаддагы окуялар боюнча 3 миңден ашуун кылмыш ишин козгоп, 251 кишини камакка алган.

Бул иштер боюнча сотторду коопсуздукка байланыштуу ар башка региондордо өткөрүү сунушталууда.

Түштүктөгү окуяларды Кыргызстандын улуттук комиссиясы жана эл аралык уюмдар иликтеп чыгышты. Өз иликтөөсүн жарыялаган Хьюман райтс вотч уюмунун маалыматы боюнча, түштүктөгү жаңжалды өзбек тарап баштаган. Бирок кийинчерээк кыргыз тарап үстөмдүк кыла баштаганда мамлекеттик органдар экинчи тараптын коопсуздугун камсыз кыла албай калган.
Түштүктөгү калабаны иликтеп чыккан Эл аралык кризисттик топтун жетекчиси, БУУнун адам укуктары боюнча мурунку комиссары Луиза Арбур эл аралык коомчулуктун катышуусу менен кошумча иликтөөлөрдү, эл аралык күчтөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Буга чейин айрым эл аралык уюмдар Ош жергесине ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүнү сунуштаган. Бирок коомчулук ага каршы болгондуктан бул иш токтоп турат.

Бюджеттик таңсыктык

Кыргызстанга убада кылынган 1 млрд. доллардан ашуун жардам көрсөтүү боюнча донорлордун убадасы да кургак сөз бойдон калууда. Муну каржы министри Чоробек Имашев тастыктады.

Жагдайды бюджеттин 30 млрд. сомго жакын таңсыктыгы ого бетер оорлоштурууда. Белгилүү болгондой быйылкы жылдын бюджети мурунку өкмөт тарабынан 13 млрд. сомдун тегерегиндеги таңсыктык менен түзүлгөн. Акыркы кездеги чыгымдардын көбөйүшү ал таңсыктыкты 28 млрд. сомго жеткирди дейт каржы министри Чоробек Имашев:

- Бюджет таңсыктыгы 28 миллиард сомго жетти. Бул жалпы чыгымдоолордун 32% түзөт.

Бул өлчөмдөгү таңсыктык ички дүң продуктыга салыштырмалуу 13% ашып кеткен. Мына ушундай өлчөмдөгү таңсыктыкка кабылган Грециянын бюджети жалпы евро зонасына коркунуч туудуруп, Европа Биримдиги Афинага жардам берүүнүн планын иштеп чыкканы белгилүү. Андан сырткары Греция бюджеттик чыгашаларын кыскартууларга барган.

Кыргызстан бул абалдан кандай чыгаары азырынча белгисиз. Техникалык өкмөттүн мүчөлөрү мындай жагдайда дефолт жарыяланышы мүмкүндүгүн ачык эле айта башташты.

Дефолт болгондо мамлекет өзүнүн финансылык милдеттерин аткара албасын, банкротко учураганын жарыялайт. 1998-жылы орус өкмөтү мына ошондой дефолт жарыялаган. Ал рублдин кунунун кетүүсү жана инфляциянын күчөшү менен коштолгон. Кыргызстанда андан башкача болот деп айтыш кыйын. Бирок ага карабай экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев жыл аягына чейин инфляция белгиленген өлчөмдөн көп ашпайт деген пикирде:

- Жыл аягына чейин дан азыктарына баанын көтөрүлүшү 20% чыгарын эсепке алганда жыйынтыгында инфляция деңгээли 12,5% жетиши мүмкүн. Жыл аягына чейин инфляция 10,3% көтөрүлөрү болжолдонгон болчу.

28 млрд. сомдук бюджеттик таңсыктык менен парламенттик шайлоо алдында жана андан кийин өкмөт бюджеттик айлык акыларды, пенсияларды өз убагында төлөөгө кудурети жетеби, азырынча айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG