Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:42

Апта: Кремлге кылчактоо, жумушсуз талапкерлер...


Эгемендүүлүктүн 19 жылдыгына арналган салтанат, Бишкек, 31-август, 2010
Эгемендүүлүктүн 19 жылдыгына арналган салтанат, Бишкек, 31-август, 2010

Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн он тогуз жылдыгын белгиледи. БШК саясий партиялардын талапкерлерин каттоону баштап, алгачкы эки партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады. Алдыңкы саясий партиялардын лидерлери Кремлге кылчактоодо.

Эгемендүүлүк...

31-августта Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 19 жылдыгын белгиледи. Майрамдык салтанаттар жупуну мүнөздө өттү.

Өткөн жылы эгемендүүлүк майрамы ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин 60 жашка чыгышы жана буга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун президенттеринин Ысык-Көлдөгү саммити менен коштолгон. Ал эмес майрам алдында президенттик шайлоо өткөрүлүп, анда Бакиев ишенимдүү жеңишин жарыялаган.

2010-жыл кыргыз тарыхында кылымга тете жыл катары калат деген терең ишеничтемин. Ушул жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, мамлекеттүүлүгү чоң тарыхый сыноодон өттү.
Р. Отунбаева


Бирок президенттик шайлоодогу жеңиш электр ишканаларын менчиктөө, Максим Бакиевди мураскорлук деңгээлге алып чыгуу менен коштолуп, анын аягы быйыл 7-апрелде өтө кейиштүү аяктады.

Президент Роза Отунбаева эгемендик салтанатында, 31-август, 2010


Апрель айындагы кандуу башаламандык июнь айында андан өткөн кагылышуулар менен коштолду. Бул окуялар бийлик органдарынын кадырынын ого бетер кетиши, ошол эле мезгилде бийлик үчүн айыгышкан күрөштүн күчөшүнө алып келди.

Кыязы, өнөр жайы, өндүрүшү өрчүбөгөн, жумушсуздук, жакырчылык күчөп турган өлкөдө бийлик гана бакубаттуулуктун булагы болуп, ошонун айынан бийлик серелери “көздөн учкан көк жайыкка” айланууда.

Ошентип эгемендүүлүктүн он тогузунчу жылын Кыргызстан саясий, коопсуздук, нравалык жактан эле эмес, экономикалык кыйынчылыктар менен тосуп алды. Маселен, бюджеттик таңсыктык 28 млрд. сомго жетип, аны жабуунун булагы табылбай турат.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Исхак Масалиев кырдаалдан чыгуунун жолун чыгашаларды кыскартуудан көрөт:


- Бүгүн эки жолу болуп турат: биринчи кезекте мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу зарыл, керек болсо эки эсеге. Ал үчүн бүт мамлекеттик кызматта иштеген инсандарга жана мамлекеттик кызматка кеткен чыгашаларды бир топ азайтыш керек. Ага өкмөт жооп берип кыскартыш керек. Жанагыдай дүңгүрөгөн тойлорду кылып, чоң айлыктарды, эс алганды токтотуш керек. Шартка жараша жашаш керек.

Бирок бюджет таңсыктыгына байланыштуу татаал маселени чечүү шыбагасы Амангелди Муралиевдин техникалык өкмөтү эмес, 10-октябрдагы шайлоодон кийин келе турган өкмөткө тийчүдөй болуп турат. Анткени техникалык өкмөт маселе жөнүндө ачык айткан менен аны чечүүнүн жолун айта элек.

Бизде азыр бюджеттин киреше тарабы начар. Эң акыркы айла - сырттан келе турган жардамды күтүш керек.
Ж. Акенеев


Президент Роза Отунбаева болсо эгемендүүлүк майрамында экономикалык жактан келаткан коркунуч жөнүндө эмес, саясий багыттагы маселелерге көбүрөөк токтолду:

- 2010-жыл кыргыз тарыхында кылымга тете жыл катары калат деген терең ишеничтемин. Мындай ойду айтып жатканыдыгымдын себеби, ушул жылы өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, мамлекеттүүлүгү чоң тарыхый сыноодон өттү. Бизди бөлүп жарган, эгемендүүлүгүбүзгө көлөкө түшүргөн, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө залака тийгизген аракеттер ичтен да, сырттан да жасалып, кыргыз мамлекетинин тарыхындагы жана тагдырындагы оор мезгилди баштан өткөрдүк жана өткөрүп жатабыз.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев бюджетттик таңсыктыктан чыгуунун жолун кыскартуулардан гана көрөт:

- Жылдын аягына чейин мамлекет алдына коюп жаткан бирдеме салабыз, көбөйтөбүз, төлөйбүз деген максаттарын токтотуш керек. Андан башка жол жок. Бизде азыр бюджеттин киреше тарабы начар. Эң акыркы айла эле сырттан келе турган жардамды күтүш керек. Башка эч кандай жол жок.

БШК каттоолорду баштады

Мына ушундай маанайда эгемендүүлүктү белгилеген Кыргызстан кооптонуу менен парламенттик шайлоого жакындап баратат. Азыркы мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого бара турган партиялардын талапкерлеринин тизмесин текшерүүдө.

Алдыдагы парламенттик шайлоого канча партия катышаары азырынча белгисиз.


Белгилүү болгондой, БШКга алгачкылардан болуп тизмесин тапшырган “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партияларынын талапкерлерин каттоого алды. Буга удаалаш 4-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы калган партиялардын талапкерлеринин тизмесин да жарыялады. Бирок алардын талапкерлерин каттоо иши 10-сентябрга чейин жүрөөрүн БШКнын төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” тастыктады.

Ал эми партиялардын тизмелерине коюлган талаптар тууралуу БШКнын мүчөсү Эрик Ирискулбеков буларды билдирген:

- Партияда 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдар болбош керек. Мисалы, 70 пайызы эркектер, 30 пайызы аялдар. Же тескерисинче болушу мүмкүн. Бул биринчи баалуулук. Экинчиси жаштардын баалуулугу. Партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбош керек. Үчүнчүсү болсо партиялардын 15 пайыздан кем эмес бөлүгүн ар кыл улуттагылар түзүшү абзел.

Жалпысынан БШКга 29 партия тизмелерин берген. Алардын курамын изилдөөдө байкалгандай, көпчүлүк партиялар “паровоз” ыкмасын пайдаланып, алдыңкы орундарга белгилүү инсандарды койгон. Ал эми арткы орундар эптеп “толтурулган”. Ошондуктан айрым маалымат каражаттары эсептеп чыккандай, партиялардын тизмелериндеги талапкерлериндин 27% ашууну жумушсуздар. Эгерде 29 партиянын жалпы тизмесиндеги талапкерлердин саны 3480 киши болсо, анда анын ичиндеги жумушсуздардын саны миңдин тегерегиндеги киши болот.

Азыркы кезде өлкөнүн саясий айдыңында негизги күч катары турган, мурун оппозицияда болгон саясий партиялар экономикалык программаларын буга чейин ачык жарыялаган эмес. Алар көбүн эсе режим менен күрөшүүнү негизги максат кылып алып, ошонун үстүндө иштеп келишкен. Мына ошондуктан бюджеттин таңсыкты күчөп, ишкерлерге ар тараптан кысым болгон учурда Убактылуу өкмөттүн өзөгүн түзгөн саясий партиялардын лидерлери жарытылуу экономикалык идеяларды, чечимдерди, сунуштарды алып чыккан жок. Шайлоодо да ушул күчтөр жеңүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп турат. Алардан кандай экономикалык саясат болоору азырга чейин күмөн. Мүмкүн үгүт өнөктүгү башталган учурда алар өздөрүнүн программаларын жарыялап чыгаар. Мына ошондо өлкө экономикасында түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолун көрсөтүшөөр.

Бекбосун Бөрүбашев


Бирок саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев саясий партиялардын экономикалык программаларын байкабаганын айтат:

- Буларда эч кандай экономикалык конкреттүү программа жок. Мен ушул 29 партиянын 20сынын программасын окуп чыктым. Буларда бир да экономикалык жактан алдыга алып чыга турган нерсе жок. Бизге экономикалык кескин өсүүнү камсыздоо үчүн өзөктүү реформалар керек. Ошондой реформаны караштырган нерсе бир да партияда жок. Биздеги кээ бир сакалдуубуз, кыйынбыз деген партиялар башка өлкөлөрдүн, башка партиялардын программасын көчүрүп алган. Ошондуктан азыркы партиялар экономикалык кескин өсүштү камсыз кыла албайт.




Кремлге кылчактоо

Мына ушундай шайлоо өнөктүгүн алдында Кыргызстан геосаясий жактан да бир жактуулукка ыктап, буга байланыштуу Батыш

тараптын башкача көз карашы пайда болуп жатканы байкалууда. Маселен, өлкөдөгү саясий партиялардын лидерлери уламдан-улам Москвага каттап, кимиси Кремлге эң жакын экенин далилдөөнүн үстүндө тынымсыз аракеттенүүдө. Москва дагы бир лидерди тандап албай, ар кайсы күчтөр менен байланышта болууга аракет жасоодо. Маселен, Кыргызстандан барган партия лидерлеринин бирин премьер-министр Владимир Путин, бирин коргоо министри Анатолий Сердюков, дагы бирин администрация башчысы Сергей Нарышкин, төртүнчүсүн Николай Бордюжа калкалап, кыскасы орус тарап Кыргызстанда кандайдыр бир таасири бар бардык күчтөрдү тескери түртпөөдө. Муну менен Кремль Кыргызстандагы саясий жараяндардын соңу күтүүсүз жыйынтыкталышын аңдап, ошого жараша чечимдерди кабыл алууда.

Орусия премьер-министри В. Путин СДП лидери А. Атамбаев менен сүйлөшүүдө, Москва, 2010-жылдын 2-сентябры.


Экономика илимдеринин доктору, саясатчы Жумакадыр Акенеев кыргызстандык саясатчылардын Москвага кылчактоосун шайлоочулардын маанайы менен байланыштырат:

- Биздин саясатчылардын Москага барганына токтоло турган болсок, биздин элдин көпчүлүгү, 70-80% Кыргызстандын келечегин мурунку СССРдин курамындагы элдер менен көрөт. Ошол саясаттан алыс болгон жөнөкөй адамдар АКШ, Европага караганда баягы эле тилин билген Казакстан, Россия менен жакын болууну көздөйт. Биз Жогорку Кеңешке шайлоонун алдында турабыз. Ошон үчүн упай алуу максатында лидерлер орус жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүүгө умтулууда..

Бирок бул арада Батыш Кыргызстанга тиешеси бар башка чечимдерди кабыл алганы байкалууда. Маселен, узап бараткан жумада Кошмо Штаттардын жогорку даражалуу чиновниги Роберт Блейк Тажикстанда болду. Айрым маалыматтарга караганда, тараптар Дүйшөмбүдө антитеррордук машыгуу борборун куруу боюнча сүйлөшүү өткөргөн. Бул машыгуу борборун америкалыктар буга чейин Баткенде куруу пландаштырып, ал үчүн 5.5 млн. доллар бөлүнөөрү да кабарланган. Бирок ал ар кадай себептерге байланыштуу аткарылбай калган.

ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү маселесинде да Батыш менен Кыргызстан ортосунда кайчы пикир пайда болду. “Бул өз кезегинде донорлор убада кылган 1 млрддан ашуун жардамдын берилбей жатышына да себепкер болду”,- дейт Жумкадыр Акенеев.

ЕККУ полициясынын кеңешчи тобун киргизүүгө каршы акция, Ош, 11-август, 2010

Ошентип Кыргызстан алдында экономикалык кыйынчылык менен катар, геосаясий өзгөрүүлөр да турууда. Батыштын сүймөнчүгү болгон “демократия аралчасы” улутчулдуктун уясына айланды деген пикир батышта күч алууда. Мындай пикир Кыргызстан менен Батыштын ортосундагы мамиленин муздай башташына негизги себептерден болууда.

Бул маселелерден сырткары Кыргызстан алдында парламенттик шайлоону жаңжалсыз өткөрүү милдети турат. Эгерде саясий партиялардын лидерлери улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, адилет жана таза шайлоо өткөрө албаса, анда Кыргызстандын келечегине карата айтылып жаткан пессимисттик божомолдордун ишке ашуусуна реалдуу шарт түзүлө баштайт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG