Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Т.Зикиров: Таза шайлоо, таза башкаруу үчүн бийликке келгенбиз


Ош облусунун активи.11-сентябрь, 2010-жыл.
Ош облусунун активи.11-сентябрь, 2010-жыл.

Ош облусунун губернаторунун орун басары Таалай Зикиров парламенттик шайлоонун үгүт иштерине облустун мамлекеттик администрациясы жана жетекчилер кийлигишпестигин "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.


- Таалай мырза Ош обулусунда Jрозо айттан кийин кайрадан тополоң болот деген имиш сөздөр тарап кетти эле. Учурда кырдаал кандай?

- Ошто кырдаал жакшы эле. Президент Роза Отунбаеванын дагы Орозо айтты улай Ошко расмий иш сапары менен келгенинин дагы зор мааниси бар. Себеби акыркы күндөрү Ош аймагында ар-кандай ушактарды чыгарып, тынч жашап жаткан жарандарыбызды чочутуп жатышкан. Мына ушуга дагы кандайдыр бир кызыктар күчтөр бардай. Анткени Орозо айттан кийин “Ошто кайрадан топлоң болот”,-деген айың кеп суу кечпей калды. Алдын ала жергиликтүү бийлик жер-жерлерге барып, күч органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турду. Учурда күч органдары коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Азыр күч органдары менен атайын кызматтар ошол ушак-айың таракаткан чагымчыл адамдарды табуунун үстүндө иштеп жатышат. Облустун элинин кооптонбой тынч жашоосуна толук шарт бар. Президенттин Ошко келиши дагы эл арасындагы кооптонууну алып салды десем жаңылбайм.

- Кечээ президент Роза Отунбаева Ошко расмий иш сапары менен барды. Өлкө башчысы мамлекет тарабынан чечилүүчү кайсы конкреттүү маселелерге токтолду?

- Президенттин кечээги иш сапары Оштогу июнь окуясында коомдук тартипти камсыз кылууда каза болгон милиция кызматкерлердин үй-бүлөсүнө кңөүл айтып, моралдык жана материалдык жардам берүү менен башталды. Андан кийин Баткен, Жалал-Абад, Ош облусунун аксакалдары менен жолугушту. Алардын ой-пикирин угуп, мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты, иштери тууралуу кеңири айтып берди. Мындан ары тартип катуу болоорун, шайлоону тынч, ынтымакта өткөрүүнү элден суранып, шайлоодо мыйзамга туура келбеген тартип бузуулар болсо өзүнүн ыйгарым укугун пайдаланып өзгөчө кырдаал киргизерин билдирди.

- Ал эми президент Оштогу кыйраган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана курула турган үйлөргө мамлекет тарабынан берилүүчү каражаттарга токтолдубу?

- Азыркы курулуштарга мамлекет тарабынан жетиштүү каражат берилген. Алдыда сентябрдын соңунда, октябрдын башында мурдагы келишимдер боюнча бөлүнөт деген чет элдик уюмдардан каражат келип калса, курулуштар өз убагында камсыз болот деп турабыз.

- Ош шаарынын активи менен жолугушканда шаар башчысы Мелис Мырзакматовдун катышпаганы айтылууда. Анын жыйынга катышпаган себеби эмнеде экенин биле алдыңыздарбы?

Биз билгенден мэр эмгек өргүүсүндө деп уктук. Ал эми президент менен болгон иш чараларга шаардын вице-мэри Таалай Сабиров катышып атат. Ал эми жалпысынан бул иш чарага Ош облусунун жана шаарынын, Жалал-Абад, Баткен облусунун жетекчилери катышууда.

- Учурда саясий партиялар үгүт иштерин жүргүзүүдө. Кайсыдыр бир партия үчүн административдик ресурстар колдонулган жокбу?

- Жок, андай маселе болгон жок. Президент тарабынан дагы административдик ресурс колдонулбасын деп катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатат. Облустук, райондук деңгээлдеги жетекчилер мурда кайсыдыр бир партиянын мүчөсү болсо, кызматта турган абалына байланыштуу убактылуу партиянын катарынан чыгышкан. Ошондуктан бул маселе боюнча чочулоонун кажети жок. Себеби административдик ресурсту мурдагыдай иштетпейлик, таза шайлоо, ачык шайлоо өткөрөлүк, таза башкаралык деп ушул бийликке келгенбиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG