Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:12

Орусия Кыргызстандагы туруктуулукту бекемдей турган, маңзат аткезчилигине бөгөт кое алган жана экономикалык өнүгүүнү камсыздай ала турган бийлик менен кызматташат. Бул тууралуу Кыргызстан менен Орусиянын алакаларынын 225 жылдыгына карата арналган тегерек үстөл жыйынында жалпы россиялык демография, миграция жана аймактык өнүгүү боюнча инситуттун байкоочу кеңешинин төрагасы Юрий Крупнов белгиледи.

Кыргызстан менен Россиянын алакаларынын 225 жылдыгына арналган жыйналыштагы жарандык коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушууда кыргыз-орус алакаларындагы айрым жагдайлар талкууга алынды.

Кыргызстандын Россия үчүн мааниси

Москвадагы демография жана миграция институтунун байкоочу кеңешинин төрагасы Юрий Крупнов Россия үчүн Кыргызстан геосаясий оюндардын аянтчасы эмес деп белгиледи. Анын айтымында Кыргызстандагы саясий туруктуулук расмий Москва үчүн өтө маанилүү.

- Туруктуулук, маңзат коопсуздугу жана өз алдынча өнүгүүгө жөндөмдүү экономикалык өсүш. Мына ушул үч негизги шарт Кыргызстандын мындан ары карай мамлкекет катары сакталышына өбөлгө боло турган жагдай. Кыргызстандагы мына ушундай жагдай негизги өнөктөш катары Россия үчүн өтө зарыл. Анткени бул жакта чаң-тополоң болуп турса, анын өзүнүн коопсуздугуна да шек келтири мүмкүн. Ошондуктан жогорудагы шарттарды камсыз кыла турган күчтүү бийлик болушу керек, - дейт Юрий Крупнов

1999-жылга чейин Кыргызстандын Кытай менен болгон мамлекеттик чек арасы Россиянын чек ара аскерлери тарабынан кайтарылып келген. Бирок он бир жыл илгери аскердик чыгымдарын кыскартуу шылтоосу менен бул боюнча келишим бир жактуу токтотулган. Бирок 2001-жылы АКШ "Манас" аба майданында аскер-аба базасын жайгаштыргандан кийин, Россия Жамааттык Коопсуздук Уюмунун алкагында Кантта аскер күчтөрүн алып киргенге шашкан.

Таасирдүү өнөктөш милдетин аткара албады

Тегерек үстөлдө Кыргызстан Россиянын тарыхый таасириндеги мамлекет болуп келгендигине басым жасалды. Бирок кийинки учурда Кыргызстанга карата Россиянын өнөктөш катары жүргүзгөн саясатынын алсыздап бара жаткандыгы талкууга алынды.

Айрыкча Кыргызстандын түштүк аймагында болуп өткөн июнь айындагы башаламандыктарды өз убагында жөнгө салууда Россиянын жана анын таасириндеги Жамааттык Коопсуздук жана Шанхай Кызматташтык уюмдарынын алсыздыгы айтылды.

Бейөкмөт уюмдар бирлигинин жетекчиси Токтайым Үмөталиева жогоруда аталган уюмдар Кыргызстандагы коопсуздука кол кабыш кылууда жарамсыздыгын көрсөттү деп белгиледи:

- Бул уюмдар кийинки кездери мүчө болуп кирген мамлекеттердин үстүнөн турган жөн эле бир бюрократиялык уюмга айланды. Өзгөчө кырдаалдар учурунда булардын ыкчамдыгы жок, тез арада кырдаалды талкуулап чечим кабыл алыша албай тургандыгын көрсөттү. Мына бул уюмдардын алдындагы террорго каршы күрөшүү боюнча борбордун түзүлгөндүгүнө он жылдан ашты. Бирок анын машыгуулардан тышкары чыныгы турмушта натыйжалуу аракеттенгендигин көрө элекпиз.

Буга чейин Россия Казакстан менен Өзбекстанды өнөктөш катары көбүрөөк эсептеп, Кыргызстанды көңүл сыртында калтырып келгендиги белгиленди. Ал гана эмес Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын ошол кездеги төрагасынын орун басары Владимир Жириновский учурунда Кыргызстанды тезирээк эле кесип сала турган сокур ичеги катары мүнөздөгөн.

Баа берүү бар, бирок батыл байланыштар жок

Токтоайым Үмөталиева
Россия өкмөтү Кыргызстанда социалдык-экономикалык, маданий жана билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга кайдыгер экендигине токтолду. Мындай шартта Кыргызстан менен Орусиянын тарыхый байланыштарынын деңгээли барган сайын төмөндөп жүрүп олтурарын эскертти укук коргоочу :

- Тарыхый тамырларды чыңдоо үчүн Россия бизге карата мамилесин өзгөртүшү керек. Билим берүү боюнча, социалдык тармакты ичине камтыган жана маданият багытын колдоого алган долбоорлор боюнча иш алып барышып, бийлик органдары менен эмес, жарандык коом менен түздөн түз кызматташса жакшы болмок.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Орусиянын алакаларына таасир этүүчү негизги жагдай катары кыргызстандык миңдеген мигранттардын аталган өлкөнүн аймагында иштеп жаткандыгы айтылды.

Саясатчы Эмил Алиев азыркы шарттагы мындай абалды көңүл борборунан чыгарууга болбойт деп эсептейт:

- Азыркы учурда Россияда иштеп жүрүшкөн биздин эмгек мигранттарыбыздын саны бир миллионго жакын деп айтылып жүрөт. Бул өтө маанилүү фактор. Алар ошол жерде өздөрүн, бала-чакаларын гана бакпастан бул жактагы туугандарына каражат жөнөттүп жатышат. Чынында Кыргызстандын калкынын көпчүлүгү ошол жактан келген каражат менен жашап калгандыгына көп болду.

Буга чейин Кыргызстандагы укук коргоочулардын кеңеши Орусиянын президентинин атына нааразылык каты менен кайрылды. Анда өлкөнүн калкы өзүнүн эркин билдирип, тандап алган парламенттик башкарууга багыт алган мамлекеттик түзүлүшкө каршы Орусиянын саясий жетекчилигинин коркуткан баа берүүлөрүн токтотуу өтүнүчү айтылат. Мындай жагдайды укук коргоочулар көз карандысыз өлкөнүн ички ишине кийлигишүү катары баалашарын белгилешкен.

Россия Кыргызстан боюнча саясатын кайра карап жатабы?

Ошого карабастан "Демократия жана жарандык коом үчүн" бирикмесинин жетекчиси Динара Ошурахунова Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары менен орусиялык өнөктөштөрдүн өз ара кызматташуу сунушун жаңы саамалык катары баалады:

- Биздин бейөкмөт уюмдардын бардыгын АКШ каржылайт, ошолордун сөзүн сүйлөшөт деп айыптап келишет. Мына эми Россия экономикасы өсүп жатканда биздин жарандык коом аркылуу өтө олутуу маселелерди чечүүдө элибизге жардам берсе гана. Тилеке каршы буга чейин бир жолу да биздин бейөкмөтчүлөр менен алардын атайын уюмдары жолугуша элек болчу. Бул жолку жолугушуу жаңы кадам катары алакаларга таасирин тийгизет го деп ойлойм.

Жолугушуунун аягында тараптар маалымат алмашуу жана атайын гранттар боюнча кызматташуу боюнча макулдашышты. Буга чейин Орусиянын өкмөтүнөн каржыланган уюмдар жана атайын фонддор Кыргызстандагы жарандык коом менен биргеликте иштелип чыккан долбоорлорду ишке ашырган учурлар болгон эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG