Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:15

Апрель революциясынан кийин өлкөгө «Люстрация» («Тазалануу») мыйзамын киргизип, коомду «акаевдик», «бакиевдик» паракорлордон тазалайлы, жаштарга орун бошотолу деген бир жакшы ой айтылган.

Бирок кийинчерээк бул демилге колдоого алынбай калды. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кыязы муну колдобой койду көрүнөт. Өздөрү да тазалоо мыйзамынын тузагына илинип калабыз деп коркушту го сыягы.

Бирок бүгүн коомубуз ошол мыйзамга муктаж болуп турганын саясий партиялардын парламенттик ат салышуудагы күрөшү даана көрсөтүп жатат. Азыр шайлоочулар үч топко бөлүнүп добуш берчүдөй. Биринчиси, революциячыл партияларга добуш берсе (КСДП, “Ата Мекен”, “Ак шумкар”) экинчиси, жаңы муундагы саясатчылардан турган «Республика», БЭК партияларына берет окшойт. Шайлоочулардын кайсы бир бөлүгү эски доордогу коомдук түзүлүш үчүн, же өлкөнү кайрадан президенттик республикага айлантууну каалаган партияларга добуш беришет өңдүү.

Убактылуу өкмөттүн «Люстрация» мыйзамын кабыл алуудан баш тартышы туура эмес болгондугу шайлоо өнөктүгүнүн алгачкы эле күндөрү байкалды көрүнөт. Өз тизмелерин таза адамдардан түзүүгө аракет кылган партиялар тез эле элдин колдоосуна ээ болсо, регионалдык негизде түзүлгөн партиялар жалаң «акжолчулардан» туруп, түштүктөн бир аз түшүнүү жана колдоо таап атса, түндүктөн бир топ кыйынчылыкты тартууда.

Ошол эле учурда тизмесин жалаң жаштардан, анан да 50 пайыз түндүктөн, 50 пайыз түштүктөн кылып түзгөн айрым партиялар чоң ийгиликке жетишчүдөй көрүнүүдө. Ошондуктан мындай партиялар келсе бир аз болсо да саясий элита тазаланып калат бейм.
Кандай болсо да дымагы күч болуп турган партиялар парламентке келип, коомубузду өзгөртө алаар бекен? Бул суроонун жандырмагына да аз эле убакыт калды, көрө жатаарбыз...

Табылды Акеров, саясат таануучу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG