Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстанда чет элдик маалымат каражаттары өз өлкөлөрүнүн геосаясий кызыкчылыктарына ылайык коомдук пикирди өзгөртүүчү жана бурмалоочу таасирге ээ болууда.

Бул тууралуу тынчсызданган коомчулук өкүлдөрү өлкөнүн маалымат коопсуздугундагы коркунучтуу абалды жөнгө салуу талабы менен чыгышты.

Буга талдоочулар орусиялык телеканалдар Кыргызстандагы саясий окуяларды чагылдырууда бир тараптуулукка жол берип, шайлоо алдында Кремль басым жасаган саясатчыларды көкөлөтүп, кээ бирлерин көөлөгөн сюжеттерди берип жаткандыгын мисал келтиришти.
Маалымат диверсиясынын маңызы эмнеде?

Медиа эксперт Алмаз Калет көп жылдан бери өлкөнүн аймагында берүүлөрүн жайылтып келе жаткан ал телеканалдардын бир жактуу маалымат чабуулу Кремлдин түздөн-түз буйругу экендигинен шек санабайт:

- Тышкы маалымат диверсиясы дегенде негизги үч орусиялык телеканал жөнүндө сөз болуп жатат. Ачык эле айтыш керек, ал телеканалдардын саясаты жөндөн-жөн чыкпайт. Маалымат кандай чыгат орустардын биринчи каналында, ким текшерет, булар белгилүү да. Канча журналисттерди алардын саясатына ылайык келбеген материалдары үчүн жумуштан кетирип жатышат. Эгерде Болгария сыяктуу кичинекей өлкөдөн менчик каналдын журналисти келип, биздеги окуяларды бурмалап тартып кетсе, "журналист сенсацияны кубалап ушундай кылды" деп түшүнсө болот. Бирок мамлекеттин көзөмөлүнө алынган орусиялык телеканалдар Ош окуяларына чейин эле Кыргызстанды бөлүп-жарган материалдарды көргөзүп жатышпадыбы.

Орусиялык НТВ каналынын Беларус президентине каршы чабуулу.
Кыргызстандын аймагында Орусиянын Биринчи каналы, РТР, Россия-24 телеканалдары берүүлөрүн толук кандуу чагылдырат. Мындан сырткары Москванын РенТВ, НТВ, СТС телканалдары жергиликтүү менчик телекомпаниялар аркылуу жармакташып чыгышат. Ошол эле учурда Казакстандын “Хабар”, КТК, “Эл Арна” телеканалдары Кыргызстандын Чүй жана Талас облустарынын аймагында тартат. Жакындан бери Кытайдын СС-ТВ телеканалы кыска жыштыкта алып көрсөтө баштады. Өлкөнүн түштүгүндө болсо Өзбекстандын мамлекеттик борбордук телеканалынан башка “Яшлар” жана “Спорт” телеканалдары программаларын жайылтып келишет. Буга чейин аталган өзбекстандык медианын коомдук аң-сезимге тийгизген терс таасири тууралуу көп айтылчу.

Саясатчы Эдил Байсалов кийинки мезгилде орусиялык теленин өлкөдөгү саясий жараяндарга таасир этүү аракеттери күчөп жаткандыгына басым жасады:

- Дайыма айтабыз, Ош, Жалал-Абад, Баткенде Өзбекстандын телеканалдары басып кетти деп. Эмне үчүн Бишкек, Чүйдө Казакстандын, Орусиянын телеканалдары болуп атат деп айтпайбыз. Өзбекстандын маалыматы Орусиянын маалыматынан да зыяндуурак бекен? Мисалы, Орусия Биринчи каналы КВН болобу, юмору болобу Казакстанда көрсөтөт. Бирок алар орусиялык каналдардын жаңылыктарын токсонунчу жылдардын башынан бери эле бердиртпейт. Анткени маалымат коопсуздугун Назарбаев камсыздаган.

"Чоң союлга" айланган маалымат саясаты

Айрыкча апрель жана июндагы окуялардан кийин орусиялык медиада Кыргызстанды ички чыр-чатактардын натыйжасында мамлекеттүүлүгүн жоготуп, чачырап кете тургандай абалдагы мамлекет катары сүрөттөгөн сюжеттер үстөмдүк кылууда.

Коомдук активист Мавлян Аскарбеков мындай маалымат чабуулунун артында өлкөнү өз алдынчалыгынан ажыратууга түрткү болуучу коомдук пикирге жем таштоо аракети турат деп эсептейт:

- Көп терс маанидеги сюжеттер кыргыз мамлекеттинин жарандарынын оюн кандайдыр бир негативдүү жакка буруп, ошол биздин атуулдардын арасынан биз кыргызстандыктар Орусия Федерациясына кошулушубуз керек деген ойлорду айттырып чыгышты. Ал ойлор жөн эле ачык маалымат жыйынында эмес, интернет сайттарында жана гезиттерде көп чагылдырыла баштады. Ошол эле адамдар бул суроону референдумга алып чыгууну да сунуштаган.

Талдоочулардын баамында, 7-апрелге чейин мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу орусиялык телеканалдардан кеткен сын материалдар коомдук нааразычылыктын күчөшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок андан кийинки мезгилде деле Кыргызстанга карата Кремлдин кызыкчылыктарына багытталган бир жактуу басмырлоо мүнөзүндөгү маалыматтар улантылууда.

Саясат таануучу Табылды Акеров мындай шартта орусиялык телеканалдардын бир катар берүүлөрүнө чектөө киргизилиши керек деп эсептейт:

- Айрым учурларда коомдук пикирди буруп жиберип жатат десек да болот. Ошонун негизинде чет элдик маалымат каражаттары өздөрүнүн өкмөттөрүнүн геосаясий кызыкчылыктагы максаттарына жетишип жатышат. Кооптуу нерсеси парламенттик шайлоонун алдында ачыктан-ачык эле Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жаткандыгында. Ошондуктан биз саясий негиздеги орусиялык телеберүүлөрдү кыскартып, чектөөгө убакыт келип жетти.

Талдоочулардын айтымында, орусиялык телеканалдар өздөрүнө жакпай жаткан шериктеш мамлекеттердеги саясий жараяндар жана саясатчылар боюнча маалымат чабуулдарын бир эле Кыргызстанга карата уюштурган жок. Буга чейин телечабуулдар Балтика өлкөлөрүнө, Украинага, Грузияга жана Белорусияга карата да колдонулган. Бирок аталган мамлекеттер атамекендик маалымат коопсуздугун бекемдөө иш-чарасынын алкагында орусиялык айрым телекөрсөтүүлөргө чектөө киргизишкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG