Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:37

7-декабрдын аба ырайы


Быйылкы декабрь.
Быйылкы декабрь.

Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автожолдордо кар көчкү коркунучу бар. Жолдорго муз тоңот жана кар күрткүсү болот. Мындай кырдаал 7-декабрга чейин сакталат. Айдоочулар машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.

7-декабрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз +5...+10,

Баткен облусунда түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +7...+12,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8,

Нарын облусунда түнкүсүн -8...+13, күндүз 0...-5,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -4...-9 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Түнкүсүн 0…+2, күндүз + 7…+9 градус болот.

XS
SM
MD
LG