Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Гумжардамдарды бөлүштүрүүгө кутулар керек болууда


Авиакырсыкта жабыркагандарга чогултулуп жаткан гуманитардык жардамдарды иргегенге кутулар жана ыктыярчылар керек болууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” кабыл алуу пункттарынан билдиришти. Маалыматтарга караганда, төшөнчүлөр жетиштүү санда топтолду. Эми кийим-кече жана азык-түлүктөр керек.

Активисттер уюштурган кабыл алуу түйүндөрү:

1. Манас-Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жердеги Coffee кофейнясы. Тел.: 0555 587644 – Зуля.

2. Спорт ордосуна жакын жердеги Coffee кофейнясы.

3. Шопоков-Токтогул көчөлөрү кесилишкен жердеги Coffee кофейнясы.

4. Үсөнбаев көчөсү-2, “Вечерний Бишкек” редакциясы тел.: 0555923565 – Надежда.

5. "Дордой" базарындагы Европа соода катары, 151-контейнер, тел.: 0551332882 - Наташа

6. “Дордой-Плаза” соода комплексинин биринчи кабаты, тел.: 0312 696173 – Зарема.

Андан тышкары 0555 718817 номуруна Элсомго акча которсо болот.

“Ак жол” бекети уюштурган түйүн:

Чымкент 1\3 дарегине барса болот. Телефон: 0312 34-49-78 0550-57-91-70.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түйүндөрү:

Бишкек шаары, Горький көчөсүндөгү 142-үйгө, министрликтин шаардык башкармалыгына кайрылса болот. (0312) 56 47 02, 0770 800 444.

Ош шаары, Шакиров көчөсү - 16А-үй, министрликтин облустук башкармалыгы. Тел.: (03222) 6 65 57, 0770 80 00 40

Жардамдар Чүй облустук администрациясына алып барылат жана ошол жерден бөлүштүрүлөт. (SE)

XS
SM
MD
LG