Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Жалал-Абад мэрлигине Авазов КСДП партиясынан гана барат


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Жалал-Абад шаарынын учурдагы мэри Салайдин Авазов кийинки мөөнөткө мэр шайлоого КСДП партиясынын атынан гана барат. Бул тууралуу калаа башчы өзү “Азаттыкка” билдирди:

-Кээ бир маалымат каражаттары шаардык кеңеште КСДП көпчүлүк коалицияга кирбей калганы үчүн мени “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан мэрликке шайланат экен деген маалыматтарды жазышыптыр. Ошол эле учурда Авазов партиядан башкага секирген жетекчи деп жаманатты көрсөтүшүүдө. Бул таптакыр чындыкка дал келбейт.

12-январда шаардык кенеш мандат алууга чогулуп, “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Журт” жана “Республика Ата Журт” партиялары коалицияга бириккен. Алар төраганы да, анын орун басарын да шайлашкан. Жыйынга КСДП менен “Кыргызстан” партиясы келбей койгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG