Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Түркияда террорчу деп кармалган жарандын шериги кыргызстандык эмес


Абдулкадир Машарипов
Абдулкадир Машарипов

Түркияда түнкү клубга кол салууга шектелип кармалган адам Өзбекстандын жараны экени аныкталганы расмий кабарланды. Стамбулдун губернатору Васип Шахин билдиргендей, 34 жаштагы Абдулкадир Машарипов калаанын Эсенйурт районундагы үйлөрдүн биринде 16-январда колго түштү.

Ал кыргызстандык адамдын үйүндө жашырынып жатканы тууралуу маалыматты Васип Шахин бышыктаган жок. Анын айтуусунда, Машариповдун шериги Ирактын атуулу болуп чыкты. Жалпысынан үйдө андан тышкары бир эркек жана үч аял болгон. Аялдар Африка жана араб өлкөлөрүнөн. Алардан 197 миң доллар акча табылган.

Машарипов Ооганстанда окуганы жана төрт тил билери аныкталган.

Буга чейин түрк маалымат булактары Абдулкадир Машарипов кыргызстандык шериги менен колго түшкөнүн жазышкан эле.

1-январга караган түнү "Рейна" түнкү клубундагы ок атуудан 39 адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. (ElB\SE)

XS
SM
MD
LG