Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

Кабул Исламабаддан согушкерлердин лагерин жабууну талап кылды


Ооган өкмөтү Пакистандан террорчуларды өткөрүп берүүнү жана согушкерлер даярдыктан өтүүчү лагерлерди жабууну талап кылды. Мындай билдирүүсүн Ооган тышкы иштер министри 20-февралда жарыялады. Мурдараак ушундай эле талапты Синх провинциясындагы жардыруудан кийин Исламабад койгон эле.

Ооган өкмөтү Пакистанга “Ооганстанга каршы күрөшүп жаткан 85 террорчунун” тизмесин жана согушкерлер даярдыктан өткөрүлөт делген 32 лагердин тизмесин жиберди. Анда “ Хаккани” тармагы баштаган талибдердин жана башка террордук уюмдардын лидерлери да бар.

Ал эми Исламабаддын тизмесинде – 76 пакистандык экстремист бар, алар Ооганстанда жашырынып алып, террордук ишмердик жүргүзөт деп айыпталган.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасы төрт суткадан бери жабык. Чек ара Пакистан аскер башчылыгынын террорчулар ооган тараптан чабуул жасап жатат деген билдирүүсүнөн кийин жабылган.

XS
SM
MD
LG