Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Өзгөн: көчкүдө калган үй-бүлөнү чыгаруу иштери баштала элек


Көчкү түшкөн жер.
Көчкү түшкөн жер.

Райондун Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-мартта топурак алдында калган үй-бүлөнү куткаруу иштери маалында үч жолу жер көчкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кооптуу абал жаралгандыктан жана ылай болгондуктан көчкү баскан үй-бүлөнү издөө-куткаруу иштери убактылуу токтоп турат.

26-марттын таңында түшкөн көчкүнүн узундугу болжол менен 800 метр, бийиктиги 4-15 метрди түзгөн, жер 500 метр аралыкка чейин сүрүлүп түшүп, Өмүрбек Эгемкуловдун үйүн басып калган. Көчкү алдында калгандардын тизмеси жарыялады. Алар - алты адамдан турган бир үй-бүлө мүчөлөрү, төртөө балдар.

ӨКМ көчкү баскан турак жайдын ээлерине буга чейин эскертүү берилгенин, 2010-жылы кооптуу тизмеге киргенин, бирок мурда үй курууга курулуш материалдарын алгандыгы үчүн ссуда албаганын билдирүүдө. Маалыматка караганда, көчкү жүргөн тилкеде беш турак жай жайгашкан. Анын төртөө топурак алдында калды, алардын үчөөндө эч ким жашаган эмес, дагы биринин жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG