Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Орусия соту Арсений Яценюкту камоо чечимин чыгарды


 Арсений Яценюк
Арсений Яценюк

Орусиянын Ессентуки шаардык соту 27-мартта Украинанын мурдагы премьер-министри Арсений Яценюкту камоого эл аралык ордер берди. Соттун токтомунда бул ордер 21-февралдан тарта ишке кирери белгиленген. Орусиянын бийлиги Яценюкка 1990-жылдардын ортосундагы Чеченстандагы куралдуу топторго жана орусиялык аскерлерге каршы согуштук аракеттерге катышкан деген жүйө менен издөө салган. Яценюк Фейсбуктагы баракчасында украин бийлиги аны камоо тууралуу ордерден кабардар кылганын ырастады.

2015-жылы Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин 1994-1995-жылдары Чеченстандагы биринчи согуш маалында Арсений Яценюк чечен жикчилдеринин курамында федералдык күчтөргө каршы согушканын, орус жоокерлерин кыйнап, өлтүрүүгө катышканын билдирген. Андан соң украин саясатчысына каршы кылмыш иши козголуп, 2017-жылдын февралында ал Орусия бийлиги тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Арсений Яценюктун өзү Ессентуки шаардык сотунун чечимин «Кремлдин украин саясатчыларын куугунтуктоо аракети" катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG