Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Кол тийбестик жана жоопкерчилик


Аскар Акаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 23-марты.
Аскар Акаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 23-марты.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кол тийбестик укугун алуу боюнча Убактылуу өкмөт декретин баш мыйзамга каршы, шайлоо алдындагы саясий авантюра катары мүнөздөдү. Декрет демилгечиси Азимбек Бекназаров эки бозгун президент тең мыйзам алдында бирдей жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Анткен менен талдоочулар Аскар Акаевдин жоопкерчилиги эртеби-кечпи каралышы керектигин, бирок анын кол тийбестик укугун декрет аркылуу алып салуу мыйзамга туура келбей тургандыгын белгилешти.

Москвада жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кол тийбестигин алууга парламенттин гана укугу бар деп эсептейт. Ал эми мындай маселени карай турган Жогорку Кеңеш 7-апрелден кийин ыңкылапчыл бийлик тарабынан таратылган. Аскар Акаевдин айтымында, Убактылуу өкмөттүн бул чечими жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын одоно бузууга жатат.

- Убактылуу өкмөт өзү мыйзамсыз бийликке келди. Анан мыйзамсыз декреттерди чыгарып, баш мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алып жатат. Өздөрү демилге көтөрүп, референдумда кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын өздөрү бузуп жатышат. Анда кара тамга менен ак кагазда парламент гана президентке айып коюуга укуктуу деп даана жазылып турат.

Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумдан кийин президент Роза Отунбаева башында турган жаңы өкмөт курамы бекитилген. Буга чейинки Убактылуу өкмөт болсо жаңы парламент түзүлгөнгө чейин декреттер аркылуу мыйзам чыгаруу милдетин өзүнө алган.

Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу боюнча декретти анын он бир мүчөсү колдоп, Темир Сариев, Элмира Ибраимова жана Абдыганы Эркебаев каршы добуш беришкен.

Аталган декреттин демилгечиси Азимбек Бекназаров өлкөнүн ушундай абалга кептелишине эки качкын президент тең жооптуу деп эсептейт:

- Эки ынкылаптын тең талабы ушул адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болгон. Аксы окуясы боюнча президент А. Акаев, К. Бакиев апрель окуясы боюнча кандай жооп бериш керек болсо, ошондой жоопкерчилик тартышы керек. Экинчиден Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерине ошол Акаевдин учурунда кол коюлган. Аны унутпашыбыз керек. Мамлекеттин башкы кол башчысынын элин ташап качып кеткендигинин өзү кылмыш иши деп эсептелинет. Эки президент тең качып кетишти. Экөөнө бирдей жоопкерчилик болушу керек бул жагдай боюнча.

Анткен менен тунгуч президент Аскар Акаев менен кийинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди салыштырууга мүмкүн эмес дегендер да аз эмес. Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өткөн окуяларды талдоодо тарых кимдин ким экендигин өз ордуна койооруна ишенет:

- Биринчи президенттин кол тийбестигин алып, Бакиев менен катар койгондун өзү туура эмес. Себеби Курманбек Бакиевдин эмне иш кылгандыгын, анын элди кантип кыргынга учуратып коюп качып кеткендигин бардыгыбыз билебиз. Аскар Акаев болсо бирөөнүн бир тал чачы жерге түшпөсүн деп, тынчтыкты биринчи орунга коюп кетип калды. Эгерде дайым эле ушинтип, тарыхыбызга түкүрүп, замбирек менен ата берсек, тарых бизди бир күнү танкасы менен тебелейт.


Анткен менен мыйзамсыздыктын деңгээли эки башка болгону менен экономиканы эңшерип, элдин эркин жанчууда эки президенттин “эмгеги” окшош эле дегендер четтен табылат.

“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу жана аны жоопкерчиликке тартуу маселесин жаңыдан келе турган парламент караса деген ойдо.

- Бүтүндөй он беш жыл бою бийликте туруп, биздин мамлекеттин коррупцияга малынып калышына себепкер ошол киши болбодубу. Менимче, ошонун негизинде Убактылуу өкмөт шашып кетип, декрет менен анын кол тийбестигин алууну чечип жатышпайбы. Бир четинен туура эле. Бирок бул маселе жаңы парламент келгенде карап, колго салганда деле ал мыйзам өтмөк. Өзү негизи кол тийбестик дегенди депутаттардан да, балким президенттен да алып салышыбыз керек.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселеси туура көтөрүлгөндүгүн белгилешет. Бирок серепчи Мирсулжан Намазалиев бул чечимди кабыл алуудагы эрежелердин өзгөчөлүгү анын укуктук негиздерине шек келтирет деп эсептейт:

- Кыргызстандын элинин эркиндигин жана укуктарын тебелеген президенттердин бардыгы жазага тартылышы керек. Бирок мына бул декрет аркылуу Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселесинде анын мыйзамдуулугу боюнча маселе чыгып жатат. Азыр жаңы баш мыйзам бар, анда Убактылуу өкмөт жөнүндө, же декреттер тууралуу эч нерсе жок да. Ошондуктан декреттин легитимдүүлүгүн карап, анан чыгарышса анын мыйзамдык күчү дагы логикага туура келмек.

Убактылуу өкмөт Аскар Акаевдин кол тийбестигин алууга анын Аксы окуясына болгон катышы жана Үзөңгү-Кууш сыяктуу жерлердин четке кетишине жол бергендиги сыяктуу мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттери негиз болгондугу белгиленген.

XS
SM
MD
LG