Жергиликтүү бийлик уруксат бербегендигине байланыштуу Исмаил Исаковдун тарапкелери Сопу-Коргон кыштагындагы генералдын атасынын үйүнүн короосуна чогулушту. 150дөн ашуун киши, мындан тышкары 20 чакты атчан нааразычылык акциясын Исаковду бошотууу талабы менен башташты.
Анда сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү кыргыз журтчулугун үй-бүлөлүк режимге каршы күрөштө биригүүгө, ал эми бийликти улуттун Исмаил Исаковдой, Аликбек Жекшенкуловдой, Эркин Бөлөкбаевдей, Сапар Аргымбаевдей тыңчыкмаларын репрессиялоону токтотууга чакырышты.
Ошол эле учурда митингдин айрым катышуучулары 11-январдан бери нааразычылык акциясын улантып жаткан алайлыктардан кабар албагандыгы үчүн Жогорку Кеңешти айыпташты, ага улай парламенттеги жердеш депутаттарын чакыртып алуу маселесин көтөрүштү.
“Ата Мекен” партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев бийликтин булагы – эл экендигин баса белгилеп, 2005-жылкы убадаларынан тайып, өлкөдө авторитардык режимди орноткон президент Бакиевге импичмент жарыялоо үчүн кол топтоону акциячыларга сунуш этти.
Ал эми Оштогу мыйзамдуулукту коргоо комитетинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев кайрылуудан майнап чыкпастыгын айтып, жер-жерлерде бийликке баш ийбөө акцияларын күчөтүү аркылуу гана президентке, Жогорку Кеңешке таасир этүүгө болоорун кыйытты.
Митингдин катышуучуулары соңунда бийликтен саясий куугунтукту токтотууну талап кылышты.
Ушундай эле маанайдагы митинг Алайдын Бүлөлү кыштагында да өтүп, ага 100гө чукул киши, анын ичинде 60 чактысы атчан катышты. Алар дагы жогорудагы талаптарды кубатташты. Эки айылдагы нааразычылык акциясына тең айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана милиция кызматкерлери байкоо салып турушту. Район акими Алмазбек Осмонов чогулгандар мыйзамсыз кадамдарды жасап жатышкандыгын, алар чектен ашып баратса, чара колдонулаарын эскертти.
Нааразылык жыйынга чогулгандар эмки митингди 10-февралга белгилешип, тарап кетишти. Бул күнү Аскер соту Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын карашы күтүлүүдө.
Мурдагы коргоо министри, оппозициялык саясатчы Исмаил Исаковду 11-январда Бишкек гарнизондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Муну саясий чечим деп эсептеген Исаковдун тарапкерлери Бишкекте жана Алайда Коргоо комитеттерин түзүп, 13-январда ачкачылык акциясын башташкан.
Тасмада: Исмаил Исаковдун соттогу акыркы сөзү