Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:31

Ош: 34 жаштагы ишкердин өлүмүнө мурдагы кызматкери шектелүүдө


Ошто жергиликтүү ишкердин өлүмүнө шектүү деген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү суракта «маркумга ири суммадагы акча карыз болуп калганын, аны кайтарып бергиси келбей ишкерди атайын үй алдынан күтүп, ал чыкканда бир нече ирет арматура менен башка чаап, жыгылгандан кийин бычак сайганын" айтып берген. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда отурат.

24-февралда шаардын "Анар" кичи районунда 1983-жылы туулган Абдираим Жапаровдун мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Эртеси кылмышка шектелип учурда эч жерде иштебеген 27 жаштагы жаран кармалган.

Маркум Ош шаарындагы МПА май куюучу станцияларынын бирин жетектеген. Шектүү ал жерде мурун оператор болуп иштеп жүргөнү аныкталды.

XS
SM
MD
LG