Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Жалал-Абад жаңжал-жарылуудан сактанууда


Жалал- Абад облусундагы кырдаал көзөмөлдө турат. Областтык бийлик мамлекеттин бүтүндүгү менен элди бөлүнүп-жарылуудан, тынчтыкты сактоонун амалын көрүүдө. Көпчүлүктү эртеңки курултайда облустун губернатору ким болот деген суроо ойлонтууда. 7- апрелде Бишкекте болгон чоң калабага тынчсызданып, андан бери улантылып жаткан талап- тоноочулук окуяларга миңдеген адамдар кабатырланууда.

Жалал-Абадда жашаган Камбаркан үчүн облустагы тынчтык жасалмадай туюлат. Ал 7-8- апрель күндөрү президенттин туугандарына караштуу имарат-кеңселердин талкаланганы менен куралдуу белгисиз жаштардын май куючу бир нече бекеттерди тоноп кеткенин ар кимдерден уккан. Бирок мындай көрүнүштөрдү расмий булактар аныктай элек.

Камбаркандын пикири боюнча ар кандай топтордун арасында облустун губернаторлугу үчүн таймаш уланууда. Облуста президент К. Бакиевдин колдоочулары арбын. Алар убактылуу өкмөттү тааныбай жатышат. Жалал-Абадды бүлүндүрбөй сактап калуунун милдетин элдик кошуун менен ооганчылар кеңеши мойнуна алып, аларга жаштар көмөктөш болууда. Облус борборунда банктар менен мектеп, окуу жайлар 12- апрелге дейре жабылганы туура болду.

Облус бийлиги улут аралык жаңжалга жол бербей, элди бөлүнүп- жарылуудан сактоонун аракетин көрүүдө. Координациялык Кеңеш облустун убактылуу башчылык милдетин таккан Асан Шакиров президент К. Бакиев урук-туугандары, жактоочулары менен өлкөгө коркунуч келтирет деген шек саноолорду четке какты. Губернаторлук кызматка кызыкдар болбогонун ачык айткан Асан Шакиров ушутапта элдин биримдигин сактоо баарыдан олуттуу экендигин “ Азаттыкка” билдирди.

Облус тургуну Райкан Курбанова үчүн Жалал-Абаддагы кырдаал олуттуу. Ал 10- апрелде болчу элдик курултайда татыктуу адамдын губернаторлукка шайланышын күтөт. Бирок Бишкекте 7-8 апрелде октон курман болгондор жана андан бери улантылып келаткан талап-тоноочулук үчүн тиешелүү адамдар жооп бериши керек.

Облустук координациялык кеңеш бүгүн коомдук- саясий кырдаалды талкуулап, губернаторлукка талаптанган төрт адамдын бирөөсүн эртең болчу элдик курултайга алып чыгуу чечимине келди. Антпесе, кырдаал өз нугуна түшпөй, курчуп турган кезде ар бир топ сунуш кылган талапкерлердин ичинен губернаторлукка ылайыктуу адамды тандагыча эл арасы кайрадан жиктелип, андан Кыргызстандын келечегин ойлобогон белгисиз күчтөр пайдаланып кетүүсү ыктымал. Ушундай чочулоосун ортого салган облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартов учурда кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактоо маселеси баарынан маанилүү экендигине токтолду. Эл арасына туура эмес маалымат таркатылуда.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG