Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:13

Б. Асанов: Бакиев Жалал-Абаддан колдоо таппайт


Курманбек Бакиев AFP кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 9-апрели, Жалал-Абат.
Курманбек Бакиев AFP кабарчысынын суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 9-апрели, Жалал-Абат.

Учурда Жалал-Абадда жүргөн Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Бектур Асанов аймактагы элдин басымдуу бөлүгү жаңы өкмөттү колдойт, жашырынып жүргөн Курманбек Бакиев жердештеринен колдоо таппайт деп эсептейт.

- Бектур мырза, сиз азыр кайсы жердесиз?

- Мен азыр Жалал-Абаддамын, 8-апрелде эртең менен келдим Пакистандан.

- Жалал-Абаддагы абал кандай азыр?

- Абал тынч, бардык мекеме-ишканалар, базарлар кадимкидей иштеп жатат. Жашоо өз нугуна толук түштү десек болот.

- Курманбек Бакиев менен жолуга алдыңызбы?

- Жок, ал киши менен жолуга алган жокмун. Бирок бир иниси менен жолуктум.

-Курманбек Бакиев 500дөй тарапкерлери менен куралчан топтун коштоосунда жүрөт, жаңы бийликке каршы кандайдыр бир аракеттерге барышы мүмкүн деген сөздөр чыгып атат, ушул сөздөрдүн чындыгы канчалык?

- Эми 500дөй кишилер менен жетелешип жүргөн жок, бир туугандары, анан Бишкекте аны колдогондор, менимче Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери, баягы снайперлер болсо керек, ошолор менен жүрөт. Эми топ-топ болуп бир жерде жүрө албайт, ошолор менен Жалал-Абаттын ар кайсы жеринде жылып-жылып, шаардын ичинде, четиндеги айылдарда бөгүп жатат деген маалыматтар бар. Куралчан.

- Сиз анын кайсы иниси менен жолуктуңуз?

- Мени анын атын айта албайм. Себеби жолукканда ошентип сөз берип койдум эле, эми кимиси болсо да бир иниси менен жолуктум да.

- Кандай сөз болду?

- Мен Курманбек Бакиев эми өз ыктыяры менен эле кызматын тапшырып берсе жакшы болмок деген сунушту айттым. Бул жакта элдик колдоого ээ боло албайт, анткени бийликтин кадыр-баркы өтө түшүп кеткен болчу, ошондуктан бул ишти тынчтык жолу менен бүтүрүш керек деп айттым. Бирок алардын ага бара турган түрү жок. “Менин агамды эл шайлаган, расмий түрдө президент, биз мыйзам негизинде аракет кылабыз”, - дегендей сөздөрдү айтты.

- Курманбек Бакиевдин кичи мекениндеги эл, жердештери кандай карап атат анын соңку аракеттерине?

- Негизинен Жалал-Абаттагы элдин басымдуу бөлүгү 7-апрелдеги окуяны кубаттап, жаңы бийликти катуу колдоп жатышат. 99 пайыз деп койсок да болот. Бирок Курманбек Бакиевдин тегерегинде тууган-уруктары, Бишкекте анын кол астында иштеген айрым кызматкерлер, санаалаштары, кээ бир күчтөр бар.

- Ошол жердеги элден канчалык колдоо табышы мүмкүн?

-Менимче, эч кандай деле колдоо болбойт. Бирок бир гана коркунуч – кандайдыр бир деңгээлде баш-аламандык болуп кетсе провокация жасап жибергенге алардын кудурети жетет.

- Сиз мына жакында эле Пакистандан келдиңиз, Кыргызстандагы соңку окуяларды кандай баалап жатасыз?

- Чынын айтканда, соңку окуялар өтө бир уюшбаган деңгээлде өтүп кетти. Себеби Кыргызстандын түндүк аймактарында катуу жүргөнү менен түштүк тарап байкоочу болуп калды. Экинчиден, жаңы бийлик азыр өлкөнүн жарымына жетпеген бөлүгүн гана көзөмөлдөп турат. Өлкө калкынын 50 пайыздайы жашаган түштүк аймагы толук бойдон жаңы өкмөттүн көзөмөлүндө дешке болбойт. Ар бир облуста элдик губернатор дегени менен алардын арасында борбор менен жакшы координация жок азырга чейин.

- Ошол 7-апрелдеги окуя эмнеден чыкты деп ойлойсуз?

- Сөзсүз түрдө элдин нааразылыгы, 2005-жылдагы революциянын максаттары ишке ашпай калышы, элди алдап койгондугу себеп болду. Анан да Бакиев бийлиги эч кандай демократиялык жолго түшпөстөн, тескерисинче авторитардык, үй-бүлөлүк бийликти чыңдоо аракетинин жыйынтыгы ушуга алып келди.

- Ошол 2005-жылдагы абал менен азыркы кырдаалды салыштыра аласызбы?

- Салыштырсак, абал окшош эле. Болгону 2005-жылы бул окуялар жеңилирээк өткөн эле, бүгүн болсо минтип кан төгүлүп кетти. Эми жаңы бийлик тезирээк стабилдүүлүктү орнотуп, таасирин жогорулата албаса эл ишениминен кетип калышы мүмкүн. Анда башкаруу мындан да кыйындайт.

- Эми Курманбек Бакиевдин тегерегиндеги кырдаал кандай өнүгүшү ыктымал?

- Мен эми аны айта албайм. Бирок аларда дале чоң ишеним бар, элдин көбү бизди колдойт деген.

- Азыр Курманбек Бакиевдин кайсы жерде экенин билесизби?

- Кечээ Жалал-Абад шаарында болуптур, бүгүн билбейм. Айтпадымбы, алар бир жерде турбай, жер которуп, жылып-жылып жүрөт.

- Рахмат маегиңизге.

Маалымат үчүн: Бектур Асанов - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Курманбек Бакиевдин жердеши, Сузактан. 2005-жылдагы март окуяларынын башында болгондордун бири. Ошол март ыңкылабынан кийин өлкөнүн спорт тармагын жетектеген. Кийин бир аз убакыт бош жүрүп, аз жыл мурда Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалган эле.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG