Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Р. Отунбаева: К.Бакиев соттон эч кайда качып кете албайт


Убактылуу өкмөттүн Төрайымы Роза Отунбаеванын Кыргызстандын элине кайрылуусу

Элдик көтөрүлүш менен бийликтен кулатылган мурдагы президент бүтүндөй өлкөдөгү кырдаалдын курчушунун булагы болуп калды. Өзүнүн туугандарын жана айылдаштарын, аялдарды жана балдарды барымтага алып, тирүү калкандын артына жашынып, ар кайсы аймактар менен этностук топтор арасында жарандык карама-каршылыкты козутуу үчүн максаттуу иш-аракеттерди жүргүздү, Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирди жана биздин өлкөдөгү тынчтыкка, туруктуулукка коркунуч жаратты.

Күч органдары Курманбек Бакиевди кармай алышмак, бирок бул аракеттер тынч жаткан эл арасындагы курмандыктардан качууга кепилдик бере алмак эмес. Өз бийлигин колуна автомат алып коргойм деген убадасын ал 7-апрелде толук аткарды. Биз Бакиевдер үчүн дагы бир адамдын өмүрүнүн кыйылышына жол бере албадык.

Акыркы күндөрү күчтүү куралданган баш кесерлердин курчоосунда Бакиевдин Ош жана Жалал-Абадды кыдырып, карама-каршылыкка үндөөлөрү өлкөнү жарандык согуштун чегине алып келип койду. Биз өз элибиздин башына дагы бир кайгыны үйө албадык.
Бул шартта Убактылуу өкмөт ОБСЕнин жана БУУнун тынчтык сактоочу миссияларынын жигердүү ортомчулугу алдында Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, АКШ Президенти Барак Обаманын жана Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведевдин жеке катышуулары менен кечиктирилгис чараларды көрүүнүн зарылдыгына дуушар болду.
Бул кулатылган президент К.Бакиевди кууп жиберүү тууралуу чечим кабыл алуума негиз болду.

Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги окуялар боюнча эл аралык иликтөөнү уюштурууга ниеттенүүдө. Курманбек Бакиев ушундай иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди. Биз дүйнөлүк ири державалардын кыргызстандыктарды массалык өлтүрүүгө күнөөлүүлөрдүн бардыгын жоопкерчиликке тартуу аракеттерибизге колдоо көрсөтүшүүлөрүнө кепилдик алдык. К.Бакиев соттон эч кайда качып кете албайт. Ал дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жашырынып кала албайт.

Бакиев менен акыркы убактарга чейин чогуу болушкан анын жактоочуларынын жана туугандарынын эч кимиси өлкөдөн чыгарылган жок, кылмыш жасаган айрымдары кармалды, алар сот адилеттигинин алдында жооп беришет.

Жоопкерчиликтен эч ким качып кутулбайт, сот адилеттиги сөзсүз түрдө жүзөгө ашырылат: мурдагы президент кыргыз элинин алдында мыйзам боюнча толук жооп берет.

2010-жылдын 16-апрели.

XS
SM
MD
LG