Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Айрымдарды капаланткан кадрдык жүрүштөр


Азимбек Бекназаров "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында, 14-сентябрь.
Азимбек Бекназаров "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында, 14-сентябрь.

Өкмөт башчысынын орун басары Азимбек Бекназаров Президент Роза Отунбаеванын акыркы кадрдык жүрүштөрүн сындап чыкты. Президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев болсо бул доомат негизсиздигин, кадрдык жүрүштөр саясий өнөктүктүн босогосунда коомдук-саясий кырдаалды чыңдоого багытталганын айтууда.

Өкмөт башчысынын укук коргоо органдарынын иши боюнча орун басары Азимбек Бекназаров президенттин жогорку соттун төрагасын жана башкы прокурорду кызматынан четтетүү боюнча жарлыгына тар саясий чөйрөнүн кызыкчылыктарын көздөгөн шартта кол коюлду деп эсептейт.

Ак сарай оюндарыбы?

Азимбек Бекназаров
шайлоонун алдында, чечүүчү кызмат орундарындагы саясий жактан көз каранды эмес жетекчилерди четтетүү - парламенттик көпчүлүктү түзүүнү көздөп жатышкан партиялардын пайдасы үчүн аткарылган буюртма катары мүнөздөдү:
А. Бекназаров маалымат жыйынында, 14-сентябрь.

- Муну мен кадимки ак сарай оюндары катары баалайм. Президент жаңы парламенттен көпчүлүктү алып, өкмөт түзүүгө кызыкдар, бири Жогорку Кеңешке төрага, бири өкмөт башчысы болууну самап, күндө түш көрүп жатышкан партия лидерлеринин буюртмасын аткарды. Башкача айтууга мүмкүн эмес. Бирок бул жерде алар үстөмдүк кылуунун рычагдарын колго алууга аракет кылып жатышканы менен анын жыйынтыгы теңирден тескери болуп калышы да мүмкүн. Мен Роза Отунбаевага жолукканда айттым, “Эгерде Акаев менен Бакиевге алардын үй-бүлө мүчөлөрү буюртма берип жүрүп, тагдырына балта чабышса, эми сиздин саясий тагдырыңыз менен сизге буюртма беришкен партиялардын жетекчилери ойнобошу керек” деп айттым. Ажырымдын башы мына ушундай көшөгө артында чечилген оюндардын айынан болуп жатпайбы.

Бирок мындай доомат менен президенттик администрациянын башчысы Эмил Каптагаев макул эмес. Анын айтымында жогорку мамлекеттик кызмат орундарындагы жетекчилерди иштен бошотуу же болбосо бекитүү мамлекет башчысынын түздөн-түз укугу жана бул чечим учурдагы кырдаалга жараша кабыл алынган.

Эмил Каптагаевдин айтымында, Жогорку Соттун төрагасын жана Башкы прокурорду алмаштыруудан кандайдыр бир саясий оюндардын жытын издөөгө негиз жок:
Эмилбек Каптагаев

- Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу дагы жок, эч кандай саясий оюндар да жок. Президент шайлоо өнөктүгүнө карата укук коргоо органдарындагы иштерди өзүнүн көз карашына ылайык жөнгө салууга карата эле жасаган чечимдери болду. Эч кандай кызыкчылык көздөбөсүн, мыйзамдуулук так сакталсын, бардык саясий күчтөрдүн ортосунда калыс анан катуу туруп берсин дегенди бая күнү мамлекет башчысы айтпадыбы. Мына ошол саясатты жүзөгө ашыруу максаттында гана жасалган кадам. Кубатбек Байболов деле Феруза Жамашева дагы өздөрүнүн тажрыйбасы боюнча аталган кызмат орундарына татыктуу жетекчилер катары ишеним көргөзүлдү. Мында эч кандай андай-мындай маселе жок.

Жогорку Соттун төрагасынын милдеттин аткаруучу Кубанычбек Момбековдун ордуна Феруза Жамашева келип, Башкы прокурор Байтемир Ибраевди болсо мурдагы ички иштер министри Кубатбек Байболов алмаштырган. Кызматтан четтетүү жарлыктарында анын себептери ачык көрсөтүлгөн эмес.

"Козголгон иштер кумга сиңген суудай жоголбосо болду"

Ошол эле учурда айрым талдоочулар кылмышка шектүү деп кармалган мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүп, саясий иштерин улантуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө сот-прокуратура органдарынын катышы бар деп айыпташат.
Бизде ушундай таасирдүү күчтөр бар экен. Алар өздөрү кызыкдар кылмыш иштерин кантип жаптырууну, моюн сунбагандарды кантип кетиртүүнү жана чечим кабыл ала турган мамлекет башчысына ким аркылуу чыкканды жакшы өздөштүрүшүптүр.
Б. Ибраев, мурдагы башкы прокурор

Коомдук ишмер Бегиш Ааматов буга тиешеси бар жетекчилер кан жуткан элдин мүдөөсүн аткарууда кыянатчылык кылышты деп эсептейт:

- Мына кечээги эле жогорку деңгээлдеги коррупционерлер үй камагына чыгарылып, анысы аз келгенсип көрүнгөн партиянын колтугунда шайлоого аттанып жатышпайбы. Эртең кайра эле ошол Акаев менен Бакиев учурунда элдин канын соргон мителер шайлоочулардын башын айлантып бийликке келгени калышпадыбы. Мына ушуга ким жол берип жатат? Ошол жагын алардын бетине коюп туруп анан ачык, кетириш керек болчу. Кийинкисине “элдин мүдөөсүн аткара алсаң кел, болбосо жок” деген шарт коюлушу зарыл. Анан ар кандай оюн кыла берген болбойт. Кылган иштери ырааттуу бара жаткан болсо ал жагын дагы эске алыш керек. Бирок мамлекет башчысы элдин атынан сураш керек Нурлан Сулайманов, Игорь Чудинов, Эльмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Нариман Түлеев, Оксана Малеваная сыяктуу мурдагы бийликтин “май-куруттары” эмне үчүн үй камагына чыгарылып, эми кимдерге кызмат кыла баштагандыгын. Акыры чечкиндүү кадамдар жана жоопкерчилик болушу керек да.

Буга чейин 7-апрель окуясы боюнча мурдагы бийлик ээлери жана алардын буйруктарын аткарышкан жыйырма тогуз адамга кылмыш иши козголгон. Мындан сырткары майдагы бийликти басып алуу аракети жана июнь айындагы этникалык кагылышуу окуялары боюнча кылмыш иштери козголуп, алардын алды сотко өткөрүлө баштаган. Мурдагы Башкы прокурорго беш айдан бери тынымсыз иштелген бул иштерди аягына чейин жыйынтыктоого мүмкүнчүлүк берилген жок.

Байтемир Ибраев бул чуулгандуу иштерди сотко жеткирбей, үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр аны кызматтан кетиртүүгө көптөн бери аракеттенип жүрүшкөндүгүнө токтолду:
Байтемир Ибраев

- Ошол биз баштаган иштер аягына чыкпаса экен деген тараптар буга чейин эле тергөө иштерине ар кандай тоскоолдуктарды жасап келишкен болчу. Мен мына ошол тараптар бийликти өз таасирине киргизүүгө эми гана жетишкен экен деп ойлоп калдым. Беш айдан бери төрт тергөө тобун түзүп, өзүм жетектеп жүрүп апрель, май жана июнь окуяларындагы бир топ иштердин башын ачуууга жетишип калган болчубуз. Биздин өмүрүбүзгө коркунуч туулган учурлар да болду. Мени кызматтан алышкандыгына өкүнбөйм. Болгону биз баштаган ошол иштер аягына чыкпай кумга сиңген суудай жок болуп кетеби деп корком. Анткени мындай тажрыйба 2005-жылы болгон. Кийин мурдагы прокурор бүтүрбөй кеткен деп шылтап коюшат. Бизде ушундай таасирдүү күчтөр бар экен. Алар өздөрү кызыкдар кылмыш иштерин кантип жаптырууну, моюн сунбагандарды кантип кетиртүүнү жана чечим кабыл ала турган мамлекет башчысына ким аркылуу чыкканды жакшы өздөштүрүшүптүр.

Жогорку Соттун төрагасынын милдеттин аткаруучулуктан кеткен Кубанычбек Момбеков менен мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаровдун колдоосу менен апрель окуясынан кийин кызматка келишкен. Мына ошондуктан алардын кызматтан четтетилишин Азимбек Бекназаров өзүнө карата урулган сокку катары кабыл алууда. Бирок ал бул келишпестиктердин айынан кызматынан чегинип, радикалдык кадамдарга барбай тургандыгын жар салды.

XS
SM
MD
LG