Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Кубанычбек Бектемиров: 4-5 партия шайлоону сатып алат


Эл кимди ээрчийт?
Эл кимди ээрчийт?

Күз айында өтө турган парламенттик шайлоо, саясий кырдаал жана ЕККУнун полициялык кеңешме тобу тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна серепчи Кубанычбек Бектемиров жооп берди.

- Сиз Убактылуу өкмөттүн дарегине бир катар сындарды жолдоп келесиз. Негизги катачылыктары деп кайсыларды белгилей аласыз?

Кубанычбек Бектемиров: 22-июлда президент Роза Отунбаева “өкмөт берген убадасын бүт баарын аткарды” деп бардык массалык маалымат каражаттарына жарыялады. Бул кандай? Эч нерсени жасай элек. Курман болгон балдарга 1 миллиондон төлөп берди, калгандары дагы эле жүрүшөт.

Жалдырап, донорду карап эле жүрүшөт. Чет мамлекеттен келген донорлор 1 млрд. 3 млн. деген акчасын берет, бул акча мурунку карызыбызга 50 пайыз жүк болуп биздин мойнубузга түшөт. Билбейм, эч нерсени ойлобой эле азыркы бийликти өз колубузга калтырабыз деп баратышат. Ачыктык жок. Ошону көрө албай жатабыз.

- ЕККУнун полициялык кеңешме тобу Кыргызстанга киргизүү боюнча маселе коомчулукта кызуу талкууну жаратып жатат. Сиздин бул боюнча пикириңиз кандай?

Кубанычбек Бектемиров: Мен каршымын. Биринчиден, “булар куралдары жок келип эле окутат” деп айтып атышат. 50 киши кимди окутмак эле? Биздин милицияда маданият, тартипти ансыз деле көтөрүш керектигин билебиз. Бирок мындай кырсык убакытта эмес. Аны өзүнчө курс менен деп жасаш керек. ЕККУнун полициялык кеңешме тобу кандай болгондо да батышчыл. Бирок биз унутпашыбыз керек, Кыргызстан ШКУ, КМШ, ЖККУнун толук кандуу мүчөсү. Биз ага мүчө болгондон кийин, ал жерде биздин милдеттемелерибиз бар. Биз аларга карабай эле тиги жакты көздөй качып атабыз.

- Күзгө карай саясий майданда күрөш күчөйт деп атат. Анткени алдыда парламенттик шайлоо турат. Ушул күнгө саясий партиялардын саны өлкөдө 140тан ашып кетти деп атышат. Сиздин парламенттик шайлоого карата божомолуңуз кандай?

Кубанычбек Бектемиров: Шайлоону 4-5 партия мурункудай эле сатып алышат, же шайлоого чейин жетпейбиз, ага чейин кайра төңкөрүш болот. Ошондой болот деп ойлоп атам.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG